КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН БЕЛАРУСЬ ОРТОСУНДАГЫ МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК
- 12.08.2026
- 0
Кыргызстан Минск шаарындагы Жумаш Асаналиев атындагы №11 орто мектептин окуучуларын расмий түрдө кабыл алды. Бул эки өлкө ортосундагы мектептик билим берүү жана маданий байланыштарды бекемдөө багытында улантылып жаткан маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Коноктор 2026-жылдын 7-августунан 13-августуна чейин өлкөдөгү тарыхый- маданий жайлар менен таанышышат.
Иш сапардын алкагында беларусь өлкөсүнөн келген окуучулар Ысык-Көлдөгү «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоо-реабилитациялоо комплексинде эс алып, аймактын бай тарыхый-маданий жайлары менен таанышууда.
Маданий программанын негизги бөлүгү катары коноктор Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылында жайгашкан Жумаш Асаналиев атындагы мектепке барышты. Ал жерде Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин жаркын элесине арналган атайын эскерүү митинг-реквиеми өтүп, катышуучулар баатырдын эрдигин эскеришти.
Ошондой эле окуучулар үчүн мазмундуу экскурсиялык программа уюштурулуп, алар Жыргалаң курортуна, Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы музейине жана «Рух Ордо» маданий борборуна барып келишти.
Эске салсак, 2024-жылы Минск шаарындагы №11 орто мектепке мекендешибиз, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылган эле. Акыркы эки жыл аралыгында кыргызстандык окуучулар Беларуска барып, алдыңкы балдар лагерлеринде эс алып келүү бактысына ээ болушкан. Бир туугандык мамилелерди жана маданий алмашууну улантуунун натыйжасында, Кыргызстан Минск шаарынан келген мектеп окуучуларын быйыл биринчи жолу тосуп алды.
А.К., «КБ»
Комментарийлер