Кырчын төрүндө төкмө өнөрдүн дүбүртү жаңырды

  • 05.09.2026

Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы жыйынтыкталды. Үч күнгө созулган өнөр таймашы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2–4-сентябрь күндөрү уюштурулуп, эки элдин төкмөлүк өнөрүн бир сахнага чыгарды. Кырчын төрүндө төкмө өнөрдүн дүбүртү жаңырды

Айтышта кыргыз жана казак акындары сөздүн курчтугун, ойдун тапкычтыгын, төкмөлүк чеберчилигин сынашты. Комуз менен домбранын коштоосунда айтылган ыр саптарында эки элдин тарыхый байланышы, достугу жана биримдиги, бүгүнкү жетишкендиктери менен келечекке болгон максаттары кеңири чагылдырылды. Кырчын жайлоосундагы айтыш көрүүчүлөргө улуттук өнөрдүн күчүн жана эки элдин руханий жакындыгын дагы бир ирет тартуулады. Кырчын төрүндө төкмө өнөрдүн дүбүртү жаңырды

Эл аралык айтыштын жыйынтыктоочу аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов катышып, жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине сыйлыктарды тапшырды. Кырчын төрүндө төкмө өнөрдүн дүбүртү жаңырды

Айтыштын баш байгесин 300 миң сомдон Мейирбек Султанхан жана Элмирбек Иманалиев жеңип алышты. 1-орунга 250 миң сомдон Мухтар Ниязов менен Нурсултан Малдыбаев татыды. 2-орунду 200 миң сомдук байге менен Хазырет Бердихан жана Кутман Садыбакасов ээледи. Ал эми 3-орунга 150 миң сомдон Нурлан Эсенкулов жана Акматбек Султан уулу чыкты. Кырчын төрүндө төкмө өнөрдүн дүбүртү жаңырды

Мындан тышкары, айтышка катышкан башка акындарга да жигердүү катышкандыгы үчүн акчалай сыйлыктар тапшырылды. Айтыштын жалпы байге фонду 3 миллион сомду түздү. Кырчын төрүндө төкмө өнөрдүн дүбүртү жаңырды

Эл аралык айтыш Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Айтыш» коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Иш-чара кыргыз-казак маданий байланыштарын чыңдоого, чыгармачылык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана төкмөлүк өнөрдү кеңири жайылтууга багытталды.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү