КЫРЧЫН ЖАЙЛООСУ — ДОСТУКТУН АЯНТЧАСЫ

  • 05.09.2026

Кырчын жайлоосу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын гана эмес, ар кайсы өлкөлөрдөн келген адамдардын достугу менен баарлашуусунун да өзгөчө аянтчасына айланды.

КЫРЧЫН ЖАЙЛООСУ — ДОСТУКТУН АЯНТЧАСЫ

Бул жерде дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн келген спортчулар, өнөрпоздор, кол өнөрчүлөр жана меймандар кыргыз элинин каада-салты, маданияты менен жакындан таанышууда. Боз үйлөр тигилген этноайылдарда улуттук оюндар көрсөтүлүп, кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрү тартууланып, ар түрдүү элдердин маданий өнөрлөрү жаңырып жатат.
Кырчында улутуна, тилине жана маданиятына карабай адамдарды жалпы бир баалуулук — достук бириктирүүдө. Коноктор кыргыздын меймандостугуна күбө болуп, бири-биринин салт-санаасына кызыгуу менен мамиле кылууда.
Көчмөндөр оюндарынын мааниси да ушунда — спорт аркылуу атаандашып, маданият аркылуу жакындашып, достук аркылуу дүйнөнү бириктирүү.
Кырчын жайлоосу бүгүн дал ушул идеянын жандуу көрүнүшүнө айланып отурат.

Атайын кабарчы.

Бөлүшүү