КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН АЗЕРБАЙЖАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 29.04.2024
  • 0

Президент Садыр Жапаровдун 24-апрелде Азербайжан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Азербайжан Республикасынын илим жана билим берүү министри Эмин Амруллаев менен жолугушту.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН АЗЕРБАЙЖАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Жолугушуунун жүрүшүндө “Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуудан” келип чыккан чараларды ишке ашырууга байланыштуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Ошондой эле жолугушууда эки өлкө ортосундагы билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер