КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: АЯЛДАР — КООМДОГУ ЗОР КҮЧ

  • 02.12.2019
  • 0

Кыргызстан Аялдар конгресси былтыр ШКУнун алкагында Пекин шаарында болуп өткөн Биринчи Аялдар форумуна катышып, эстафетаны алып, ШКУ өлкөлөрүнүн II Аялдар форумун быйыл Бишкек шаарында жогорку деңгээлде өткөргөнү баарыбызга маалым. Анда баарлашуу гана эмес, тажрыйба алмашуу жаатында дагы жакшы платформа  болгон эле. Бул жолу кыргызстандыктарды Шанхай Аялдар федерациясы чакырып, Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь колдоп, билим берүү, эне жана бала, ишкердик, профсоюздук иштер боюнча  жолугушууларды уюштуруп беришсе, Кыргызстан Аялдар конгресси кытайлыктарга атайын көргөзмө уюштуруп, кыргыздын каада-салттары, үрп-адаттары, буюмдары менен тааныштырып келишти. Шанхай сапары тууралуу Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева менен  Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты Сабийра Челпакова маек куруп беришти.

КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: АЯЛДАР - КООМДОГУ ЗОР КҮЧ

  • Замира Акбагышевна, Кыргызстан Аялдар конгресси Кыргызстан тарыхында билим берүү, саламаттыкты сактоо, экономикалык, социалдык тармактарда зор иштерди жасап келатасыздар. Шанхайга да жөн жеринен барган жок окшойсуздар. Официалдуу чакыруунун максаты эмне эле?
  • Эске сала кетсек, алгачкы форум былтыр Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин демилгеси менен Кытайда өтүп, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында аялдар өз ара кызматташтыкты бекемдөөдө уюмду өнүктүрүүгө салым кошуу чечими кабыл алынган. Кыргызстан Аялдар конгресси ШКУ мамлекеттеринин аялдар форумунун координатору катары бир топ иш-чараларды өткөрүп атабыз. Биз Пекинде эстафетаны алганбыз, анан ошол форумду өткөргөнгө милдеттүү болгонбуз.  Баарыңыздарга белгилүү болгондой, быйыл аялдар форумун Конгресс өткөрдү. Форум ШКУга мүчө мамлекеттердин ынтымагын бекемдеп, кызматташтык алакасын чыңдоого зор салымын кошту. Иш-чаранын жүрүшүндө негизинен социалдык-экономикалык, билим алуу, саламаттыкты сактоо тармактарындагы маселелер талкууланды.  Анан эң негизгиси, санариптештирүү жаатында дагы көйгөйлөр талкууланганын айтып кетишим керек. Ушул форумду жогорку деңгээлде өткөргөнгө саясий, каржы жактан колдоо көрсөткөндүгү үчүн КРнын премьер-министри М.Абылгазиев мырзага терең ыраазычылык билдирем.  Аялдар Федерациясы баса белгилеп атышты: “тарыхта Кыргызстан аялдары биринчи жолу Шанхайга келдиңер, эң жогорку деңгээлдеги, баалуу, барктуу делегация” деп. Ошондуктан Шанхай Федерациясы уюштурган жолугушуулар   бийик деңгээлде өткөрүлдү. Кыргызстанга, Кыргызстан Аялдар конгрессине болгон мамиле менен жалпы дүйнө жүзү боюнча Конгресстин  аялдар кыймылында  өзүнүн орду бар экенин дагы бир жолу далилдеп кетти.  Кыргызстан менен Кытайдын чек арасынын ортосу болгону бир миң километр, ошол чек ара бизди бириктирет деп айттык. “Биз биринчи кошуна болобуз, жакшы кошуна, жаман туугандан артык”, — деген макал аларда да бар экен.  Биз эки чоң иш жасадык. Биринчи чоң иш – Шанхай менен Бишкектин ортосундагы  кызматташтык меморандумуна кол койдук.  Меморандумга ылайык   мындан ары дагы биздин ортобуздагы тыгыз байланышты чыңдап, маданий, экономика, социалдык, дегеле бардык секторлордо чогуу иш жүргүзгөнгө макулдашуу болду. Ар кандай чоң-чоң иштерди өткөрмөй болдук. Экинчиси, биздин делегациянын мүчөсү Марипа Муканова — көп жылдардан бери Кыргызстан Аялдар конгрессинин ардактуу мүчөсүнүн сунушу менен көргөзмө өткөрдүк. Көргөзмө аркылуу улуттук баалуулуктарыбыз менен тааныштырдык. Кичинекей көргөзмө болсо дагы алардын аң сезиминде кыргыздардын ушундай каада-салты, буюмдары  бар экен деп эстеринде калды. Көргөзмөбүз эки саат эле болду. Кыйналганыбызга карабай шырдактардан бери көтөрүп барганбыз. Биздин жасаган буюмдарыбыз алар үчүн өзгөчө ачылыш болду. Сувенир-төөлөрдү алып барганбыз. “Төө – Улуу Жибек Жолунун  өзгөчө символу болот” деп түшүндүрдүк.  Көргөзмөнү уюштурган Марипа Муканова өзүнүн дизайнерлик иши менен тааныштырды. Шырдакка коломто, оттун ортосунда элдер кара жоргону бийлеп жатканын,  четинде эл отуруп, көрүп жаткандай кылып оюуларды салыптыр. “Элдин баарын бириктирген ушул коломто, очок”, — деп ал айтып берди.
  • Кимдер менен жолуктуңуздар? Эмне маселени талкууладыңыздар?
  • Бир топ уюмдар менен жолуктук. Профсоюз федерациясына бардык. Шанхай шаары боюнча алардын 14 миң филиалы бар экен. Иштери көп пландуу: окутуу, эс алдыруу, балдарды коргоо, профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо ж.б.у.с. Эгерде жумушта жумушчунун укугу тебеленсе, ошондо гана алар кийлигишип, бардыгын өз ордуна коюшат экен. “Көбүнчө консенсусга барып, сүйлөшүү аркылуу тынч нукта чечебиз”, — дешти. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жаңы идеологияны алып чыкты, т.а. дүйнө жүзүндө адилеттүү коомду түзүү. Ал дүйнө масштабындагы лидер катары сүйлөп атат. Дүйнө жүзүн өнүктүрүшүбүз керек деген идеологияны Кытайда ар бир адам билет экен.
  • КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: АЯЛДАР - КООМДОГУ ЗОР КҮЧ

Профсоюз федерациясына барганда жумушчулардын галереясы абдан жакты.  Мамлекет ар бир адамдын эмгегин жогору баалайт. Ар бир адамдын ишин барктап, бааласа ошол мамлекет өнүгөт. Ал жерде карапайым жумушчу жогорку деңгээлдеги инсандар менен жолуккан сүрөттөр илинген жана алдында жазылган, эмне үчүн бул адам  Мао Цзедун менен жолукканы.

КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: АЯЛДАР - КООМДОГУ ЗОР КҮЧ

  • Билим берүү тармагы менен тааныштыңыздарбы?
  • Билим берүү тармагынын өкүлү катары Сабийра Челпакова — Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору, педагогикалык илиминин кандидаты барган. Шанхай саясий илимдер жана укук университетинде болдук. Имараттардын архитектурасы, айланын тазалыгы жомоктогудай эле экен. Көп мамлекеттен келген студенттерди окутушат. Ал жакта ШКУ мамлекеттеринин ар кандай  тармактарынын форумдары, бир топ эл аралык маанидеги форумдар ошол жерде өтүп жатыптыр. Окуу жайда  32 кыргыз студент окуйт. Аябай чоң китепканасына алып барышты, ал жерде отурганга орун жок. Тепкичтерге чейин отуруп алып окушат.  Бул көрүнүш мен үчүн чоң жаңылык болду. Окуу жайдын кире беришинде планетанын символу — жер шары турат, дүйнө жүзү боюнча тынчтык, стабилдүүлүк, достук болсун деген мааниде коюлуптур. Китепкананын кире беришинде бамбуктар турат, бул дагы символика. Бамбук түптүз өсөт. Балдардын жолдору түз болсун, акыйкат жолу болсун, өсүшсүн, өнүксүн деген маанини билдирет.
  • КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: АЯЛДАР - КООМДОГУ ЗОР КҮЧ
  • Бала жана энени коргоо Кытайда жогорку деңгээлде болушу керек…
  • Ооба, Эне жана баланы коргоо маселеси бийик деңгээлде коюлуп, мамлекеттин катуу көзөмөлүндө экен. Шанхайда 1105 беш жылдыздуу “Эне жана балдарды коргоо” борборлору бар. Булардын жабдууларын Профсоюз федерациясы  камсыздап берет. Ал эми ар бир ишкана, уюм атайын “Эне жана балдарды коргоо” борборун уюштуруу үчүн бөлмө бөлүп берет. Эгер аялдар төрөгөндөн кийин иштейм десе, аларга өзгөчө шарт түзүлөт. Атайын бөлмө бар экен, ага балаң менен барып эс алып, уктасаң да болот.
  • КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: АЯЛДАР - КООМДОГУ ЗОР КҮЧ
  • Жакында эле Шанхайда ЭКСПО ачылбадыбы? Барганга мүмкүнчүлүк болдубу?
  • 45 күндүн ичинде катталгандар гана кирет экен. Бизди ЭКСПОго барганга Бүткүл кытайлык аялдар федерациянын төрайымы Шень Юе жардам берди. 70 гектарда жайгашкан Шанхай ЭКСПОсу жыл сайын өткөрүлөт. Өнүккөн мамлекеттердин өкүлдөрү келип, келишим түзүп жатышты. Шанхайда 24 млн. киши болсо, иш күндөрү 30 миллионго  жеткен мегаполис.

 

Сабийра Челпакова, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору:

  • Мени билим берүү тармагы кызыктырды. Бизди Шанхай саясий илимдер жана укук университетине алып барышты. Бул окуу жай 1984-жылы негизделиптир. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң көп кыргызстандык 32 студент билим алышат экен. Кампуста бала бакча, башталгыч, жалпы орто билим берүү жана жогорку окуу жай жайгашыптыр. Бала бакчадан баштап каллиграфияга өзгөчө маани бурулат экен. Каллиграфияны сулуу жазууга атайын сынактар уюштурулуп турат. Мага жакканы кичүүлөр улууларды урматтап турушат экен. Эгер улуу адам менен сүйлөшсө, жаштар отурбай, туруп сүйлөшөт. Бала бакчадагы бардык балдар таэквондого барып, машыгып турушат.

Биздин студенттерди кытайлыктар конок катары абдан сыйлашат. Жатаканада бардык шарттар түзүлүптүр. Башка мамлекеттен келгендер экиден, кытайлыктар алтыдан жатышат экен. Кытай, англис тилдеринде окушат. Өткөн чейректе нарындык кызыбыз Нурайым Надырбекова бардык көрсөткүч боюнча биринчи орунда турат экен. Эң жакканы, китепкана болду. Эгерде түнкү саат үчтө китеп керек болуп калса, телефон аркылуу буйрутма берсе, автомат бат эле таап, атайын бокска ыргытып коет экен. Кытай мамлекети билим берүүгө жана ар бир жаранынын келечеги үчүн өзгөчө кам көрөт экен. Окутуучулардын айлыгы 2000 доллар экен.

КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: АЯЛДАР - КООМДОГУ ЗОР КҮЧ

КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: АЯЛДАР - КООМДОГУ ЗОР КҮЧ

КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: АЯЛДАР - КООМДОГУ ЗОР КҮЧ

Нурайым Надырбекова, Шанхай саясий илимдер жана укук университетинин студенти:

  • Нарын шаарында төрөлгөм. 2011-жылы У.Асанов атындагы облустук лицей-интернатты аяктагам. Ушул эле жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз-кытай институтунун Эл аралык экономикалык байланыш адистигине өткөм. Эки жылдан кийин сынакка катышып, Шанхай саясий илимдер жана укук университетинин стипендиясына ээ болгом. 2013-жылдан баштап ушул окуу жайдын Эл аралык саясат адистиги боюнча окуумду улантып кеттим. Бакалаврды аяктагандан кийин, окуумду үзбөй улантууну чечтим. Ал үчүн Кытай мамлекетинин стипендиясына арыз менен кайрылдым. Учурда Укук адистиги боюнча магистратуранын 3-курсунун студентимин. 2015-жылы эл аралык байланыш факультети чет өлкөлүк мыкты студенттер үчүн жыл сайын стипендия берүүнү караган. Бардык талаптарга дал келген студенттерге 2500 юандан 6000 юанга чейин акчалай стимул берилет, ошондой эле “Жылдын студенти” премиясы ыйгарылат. Мен бир нече жолу 2-даражадагы призге ээ болуп, 2017-жылы “Жылдын студенти” деген наамга татыктуу болдум.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер