КЫРГЫЗСТАН-ИСПАНИЯ: ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫК

  • 17.11.2026

16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Испаниядан келген делегация менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөргө Ибероамерикалык университеттер фондунун (FUNIBER) өкүлдөрү, ошондой эле Бремен жана Миссури университеттеринин профессорлору катышты. КЫРГЫЗСТАН-ИСПАНИЯ: ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫК

Жолугушууда тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Министр Гульзат Исаматова чет өлкөлүк алдыңкы жогорку окуу жайлар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү кыргызстандык студенттердин академиялык мобилдүүлүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана эл аралык стандарттарга жооп берген биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууга чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи. КЫРГЫЗСТАН-ИСПАНИЯ: ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫК

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар жогорку билим берүү жаатындагы байланыштарды мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашышты. Анын алкагында Кыргызстанда чет өлкөлүк университеттин филиалын ачуу жана FUNIBER фонду менен ата мекендик өнөктөш университеттердин ортосунда кош дипломдуу билим берүү программаларын ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрү каралат. КЫРГЫЗСТАН-ИСПАНИЯ: ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫК

Өз кезегинде министрлик өз компетенциясынын чегинде бул долбоорлорду мындан ары иштеп чыгууга, анын ичинде лицензиялоо жана тиешелүү укуктук-ченемдик жактан тариздөө маселелери боюнча ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү