“МЭЭРИМДҮҮ ТАРБИЯ” МЕДИА ӨНӨКТҮГҮ БАШТАЛДЫ

  • 17.11.2026

Баланын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жана ЮНИСЕФ Кыргызстанда зомбулуксуз тарбиялоону сүрөөгө багытталган  “Мээримдүү тарбия” медиа өнөктүгүн башташууда

Бишкек, 2026-жылдын 16-ноябры. Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Баланын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жана Балдар фонду (ЮНИСЕФ) “Мээримдүү тарбия” медиа өнөктүгүн баштап жатат. Бул өнөктүк балдарга карата зомбулуктун алдын алууга жана урмат-сыйга, ишенимге жана камкордукка негизделген тарбияны сүрөөгө багытталган.

Өнөктүк 20-ноябрда белгиленүүчү Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулуп, “Балаңызга бере ала турган эң баалуу нерсе – бул сиздин көңүл бурууңуз” деген ураан менен өтүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы 606 балага карата дене-бойлук, жыныстык жана психологиялык зомбулук учурлары катталган. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле 522 бала зомбулуктан жапа чеккен, анын ичинен 237си дене-бойлук, 156сы жыныстык жана 129у психологиялык зомбулуктан жапа чеккен. Ушул эле мезгил аралыгында 111 ишеним телефонуна балдардан зомбулук маселелери боюнча 302 кайрылуу түшкөн.

Ар бир сандын артында коргоого, көңүл бурууга жана колдоого муктаж бала турат. Жабырлануучулардын окуялары, анын ичинде социалдык тармактарда коомчулуктун көңүлүн бурган, анонимдүү окуялар балдарга өздөрү башынан өткөргөн зомбулук тууралуу айтып берүү канчалык оор болорун эске салат. Коркунуч, стигма жана колдоосуз калуудан коркуу сезими адатта балдарга жардам сурап кайрылууга тоскоол болгон факторлор.

Өнөктүк ата-энелерди колдоп, күч колдонбостон тарбиялоо тартиптен баш тартуу дегенди билдирбей турганын эске салуу максатын көздөйт. Бул сый-урмат менен чектерди белгилей алуу, баланы уга билүү, тынчсыздандырган белгилерди байкоо жана диалог аркылуу чечимдерди табуу жөндөмү.

Балдарга карата зомбулуктун алдын алуу 2025-2028-жылдарга Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын бешинчи жана алтынчы мезгилдүү баяндамаларынын жыйынтыгы боюнча БУУнун Баланын укуктары боюнча комитетинин корутунду сунуштарын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планына киргизилген.

Өнөктүктүн алкагында эки социалдык видеоролик жана ата-энелер үчүн практикалык сунуштар телевидениеге, кинотеатрларга жана социалдык тармактарга чыгып, андан ары жайылтылат. Подкасттардын атайын сериясында белгилүү инсандар, ата-энелер жана эксперттер өз балалыгынын тарбияга тийгизген таасирин, аталардын ролун, өспүрүмдөр менен мамилени жана үй-бүлөлүк чыр-чатактарды күч колдонбостон чечүү жолдорун талкуулашат. Демилгеге блогерлер жана коомдук ишмерлер да тартылышат.

Өнөктүктүн негизги максаты – ата-энелерди колдоо жана чоңдорго балдарды жакшыраак түшүнүүгө жана уга билүүгө жардам берүү, себеби зомбулуктун алдын алуу үй-бүлөдө балага көңүл буруудан, ага урмат менен мамиле жасоодон жана ишенимден башталат.

Балдардын ишеним телефону – 111. Бул номер боюнча балдар жана чоңдор балдардын укуктарын жана коопсуздугун коргоо маселелери боюнча консультация жана жардам алуу үчүн кайрыла алышат.

Бөлүшүү