«Күчтүү жаштар – күчтүү өлкө!». Сузакта волейбол турнири

  • 17.11.2026

20-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата Сузак районундагы мектептик медиаборборлордун кыздары волейбол боюнча күч сынашат. Турнир «Күчтүү жаштар – күчтүү өлкө!» долбоорунун алкагында уюштурулууда. Мелдеш Сузак айылындагы № 2 М. Хакимов–Дома-Ата атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде болот.

«Менин күнүм, менин укуктарым» деген ой бул иш-чарада спорт жана медиа аркылуу чагылдырылат. Волейбол турнири кыздардын спортко тең катышуусуна шарт түзсө, андан кийинки подкаст өспүрүмдөргө өз району тууралуу ой-пикирин айтып, өздөрүн кызыктырган суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эс алуу жана ойноо, ошондой эле өзүнө тиешелүү маселелер боюнча пикирин эркин билдирүү — Баланын укуктары жөнүндө конвенцияда таанылган укуктар.

Сузактагы мелдеш Бишкек шаарында өткөн кыздар арасындагы футбол турниринин уландысы болуп саналат. Долбоордун спорттук иш-чаралары өспүрүмдөрдү дене тарбия менен үзгүлтүксүз машыгууга үндөп, бир командада ойноо, бири-бирин колдоо жана жоопкерчилик алуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

Турнирдин ачылышында Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана райондогу мектептик медиаборборлордун ментору катышуучуларга кайрылышат. Андан соң командалар тааныштырылып, оюндун эрежелери түшүндүрүлөт. Мелдештин жыйынтыгында командалар сыйланып, мектептерге медиасабаттуулук боюнча маалыматтык стенддер тапшырылат.

Турнирден кийин «Сузак жаштардын көзү менен» аттуу подкаст тартылат. Ага Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Дамир Кулубаев жана райондогу мектептик медиаборборлордун катышуучулары катышат.

Бүткүл дүйнөлүк балдар күнү 

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүн 1954-жылы негиздеген. Бул күн жыл сайын 20-ноябрда белгиленет. Дал ушул күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы 1959-жылы Баланын укуктары жөнүндө декларацияны, ал эми 1989-жылы Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны кабыл алган. Бул күн балдардын укуктарын коргоого, алардын үнүн угууга жана өсүп-өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө коомчулуктун көңүлүн бурат.

Долбоор тууралуу

«Күчтүү жаштар – күчтүү өлкө!» долбоору мектептерде медиаборборлорду түзүүгө жана колдоого, өспүрүмдөрдүн медиасабаттуулугун, санариптик көндүмдөрүн жана коомдук турмушка катышуусун өнүктүрүүгө багытталган. Долбоордун алкагында окуучулар маалыматты талдоону жана текшерүүнү, медиа материалдарды даярдоону жана өздөрү үчүн маанилүү темаларды коомчулукка жеткирүүнү үйрөнүшөт.

Долбоор ЮНИСЕФ тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоорду ишке ашыруучу уюм — «Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги» юридикалык жактардын бирикмеси. Долбоордун өнөктөшү — Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги.

Бөлүшүү