КЫРГЫЗСТАН АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ТЕХНИКАЛЫК АДИСТЕРДИН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ОЛИМПИАДАСЫНА КАТЫШАТ

  • 28.05.2021
  • 0

Автоэлектрик Нурсултан Шердаков Эл аралык Hyundai техникалык адистеринин олимпиадасына катышат.

Техникалык олимпиада Кореяда эки жылда бир өткөрүлүп, ага 50 мамлекет жана дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 100гө жакын катышуучу катышат. Бирок, эпидемиологиялык абалга байланыштуу, бул жолу онлайн режиминде өткөрүлөт. Мындай кырдаал чемпионаттын деңгээлине, масштабына жана маанисине эч кандай таасирин тийгизбейт.

Бул сынактын максаты — техникалык кызматкерлердин квалификациясын системалуу окутуу жана техникалык тейлөө жаатындагы акыркы билим менен алмашуу аркылуу жогорулатуу. Түпкү максаты — кардарлардын канааттануусун камсыз кылуу үчүн дүйнө жүзү боюнча Hyundai кызматынын деңгээлин жогорулатуу.

Ошондой эле Нурсултан Шердаков ушул жылы биринчи жолу Россиянын жана КМШнын Hyundai дилердик тармагынын техникалык адистеринин олимпиадасында Кыргызстандын атынан катышкан. Финалдык этап 24-26-май күндөрү Москвадагы Hyundai академиясында өттү. Бул татаал мелдеште ал бардык 367 катышуучулардын арасында жогорку натыйжаларды көрсөтүп, КМШ өлкөлөрүнүн жалпы эсебинде 4-орунду ээледи. Чемпионаттын бул этабы 4 темада өттү: «Кыймылдаткыч», «Трансмиссия», «Шасси» жана «Электр шаймандары».

“Чоң жана ынтымактуу Hyundai Кыргызстан Борбор үй-бүлөcү үчүн бул чоң жетишкендик! Компаниянын 11 жылдык ишмердүүлүгүндө биз биринчи жолу Олимпиадага катышып, биринчи жолу эле мыктылардын катарына кире алдык. Башка талапкерлер мындай чемпионатка бир нече жолу катышкандыгын жана мүмкүнчүлүктөрү жана даярдыгы жакшы болгонун эске алганда, Нурсултан Шердаков мыкты жыйынтыктарды көрсөтө алды жана анын үстүнө техникалык адистердин Бүткүл дүйнөлүк олимпиадасында Кыргызстандын атынан чыгат», — деди башкы Hyundai Кыргызстан Борборунун директору Владимир Лим, ошондой эле Hyundai CIS жетекчилигине сынакты уюштургандыгы жана колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Нурсултан Шердаков 2019-жылдан бери Hyundai Кыргызстан Борборунда автоэлектрик болуп иштеп келе жатат жана кардарлардын арасында эң жогорку баага ээ.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер