КЫРГЫЗПАТЕНТТИН КЕЗЕКТЕГИ АДАБИЙ СЫНАГЫ

  • 27.10.2021
  • 0

Кыргызпатент балдар жана жаштардын чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү максатында 30 жашка чейинки калемгерлер үчүн “Саамалык –16” республикалык адабий конкурс жарыялады.

Конкурстун шарттарына ылайык, кыргыз же орус тилдеринде мурда эч жерде жарыяланбаган чыгарма болууга тийиш.

Сөзсүз түрдө автордун кыскача өмүр баяны, сүрөтү, учурда окуган (иштеген) жери жана дареги жазылуусу керек;

Конкурстун жобосу менен http://patent.kg/wp-content/uploads/2021/10/25-октябрь-Саамалык-кыргызча-жобосу-оконч..pdf шилтемеси аркылуу  таанышып чыгууга болот.

Конкурстук чыгармалар 2021-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин кабыл алынат.

Сурап-билүү үчүн байланыш телефондор: (0312)  68-04-71, (0700) 84-83-29

А.Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер