КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ЭСТОНИЯНЫН ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ИШМЕРДИГИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 18.12.2017
  • 0
КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ЭСТОНИЯНЫН ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ИШМЕРДИГИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Кыргызпатент төрагасы Досалы Эсеналиев менен Эстониянын интеллектуалдык менчикти жана технологияларды өткөрүп берүү борборунун (EIPTTC) директору Мариус Куннингас.

 

 

2017-жылдын 12-13-декабрында Эстониянын интеллектуалдык менчикти жана технологияларды өткөрүп берүү борборунун (EIPTTC) директору Мариус Куннингастын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Досалы Эсеналиев баш болгон делегациянын Эстонияга иш сапары болуп өттү.

Иш-сапардын жүрүшүндө Эстониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азиядагы өлкөлөр менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Анника Лииктин катышуусу менен өткөн семинарда Кыргызстан үчүн өнүктүрүүнүн долбоорлорунун ишке ашырылуусу талкууланды жана  EIPTTC борборунун ишмердүүлүгү баяндалды.

Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев Кыргызпатенттин кызматкерлери үчүн буга чейинки иш-чараларды уюштурууда, анын ичинде ушул жаатта такшалма жана тажрыйба алмашуу, жалпы мурда кол коюлган  эки тараптуу кызматташуу жөнүндө Меморандумдан тарта Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти   коргоо жана өнүктүрүү менен байланышкан маселелерди илгерилетүүдө EIPTTC тарабынан туруктуу көрсөтүлгөн  жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Досалы Эсеналиев Кыргызстандын университеттеринин алдындагы технопарктарды түзүү боюнча Кыргызпатент тарабынан буга чейин жарыяланган конкурс аяктагандыгын айтып өттү, бул багытта Эстония зор ийгиликтерге жетишкендиктен, ал түзүлүүчү технопарктардын дараметин күчөтүү боюнча колдоо көрсөтүүнү суранды.

Иш сапардын жүрүшүндө тараптар 2018-жылга биргелешкен иш-чараларды уюштуруудагы жана өткөрүүдөгү иш-аракеттер жөнүндө планды талкуулашты, биринчи иретте технологиялык паркты түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу маселелерин карап чыгышты.

Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) жана Эстон Республикасынын илим сыйымдуу бизнесинин Эстониялык кластеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү .

Тараптар өз ара кызыкчылыктарды көрсөткөн бирдиктүү ишмердүүлүктүн төмөнкү багыттарын аныкташты: инновациялык ишмердүүлүктү жана бизнести илгерилетүү, кеңейтүү максатында кызматташуу, Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик объектилерин колдонуу жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн ыңгайлүү шарттарды түзүү, технологиялардын трансферин активдүү илгерилетүү, Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердүүлүктүн өнүгүүсүн колдоо, бизнес пландарды иштеп чыгуу жана интеллектуалдык менчикти баалоо боюнча Кыргызпатенттин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, жергиликтүү бизнес-коомдоштуктар үчүн интеллектуалдык менчик жаатында семинарларды өткөрүү жана тааныштыруу иш-сапарларын уюштуруу.

КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ЭСТОНИЯНЫН ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ИШМЕРДИГИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ Жогоруда аталган жолугушуулардан сырткары, илимий-техникалык парктарды түзүү боюнча тажрыбасын үйрөнүү жана келечекте алардын өкүлдөрү менен байланыш түзүү үчүн Эстония илимий-технологиялык парктарына барып-келүүлөр пландалган болчу. Делегация “Технопол” Таллин илимий-технологиялык паркынын, “Mektory” инновациялык жана ишмердүүлүк борборунун, Тарту илимий-өнөр жай паркынын иштери менен барып ордунан таанышты. Бул Эстония илимий-технологиялык парктары технологиялык ишмердүүлүктү илгерилетүүдө үлгүлүү болуп саналышат, анда жиреп чыгуучу инновациялык идеяларды ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, алар жаңы идеяларды генерациялоо жана жаңы продуктуларды өнүктүрүүдөгү практикалык көйгөлөрдү чечүү максатындагы окумуштуулардын, изилдөөчүлөрдүн, студенттердин жана ишканалардын бирикмеси болуп саналат. Мисалы “Skуpe”, “Defendec”, “Toggle” жана “FlyDog” компаниялары өзүнүн ийгиликтүү тарыхый жолун Техноталаада башташкан.

Жолугушуунун соңунда Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев Мариус Кунингас мырзага Эстония технологиялык парктарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды жана маектешүүлөрдү уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, ошону менен бирге дүйнөлүк практика менен Эстониянын практикалык тажрыйбасын жалпылап,  Кыргызстандын аймагындагы технопарктарды калыптандыруу жана өнүктүрүү боюнча консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүүдө жетишкен келишимдердин жана жемиштүү кызматташуунун олуттуу дараметин  белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер