КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ “КЕЛЕЧЕК ЖАРАТМАНЫ” ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ
- 11.10.2024
- 0
Кыргызпатентте “Келечек жаратманы” олимпиадасынын катышуучуларынын арасында жеңүүчүлөрдү аныктап, сыйлык берүү аземи өттү.
Маалыматка ылайык, балдардын жана жаштардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүү максатында уюштурулган олимпиада эки багытта өткөн.
Биринчиси – ойлоп табуу багытындагы номинациялар, техникалык моделдөө жана конструкциялоо. Башкача айтканда, электротехника жана энергетика тармагы, робототехника боюнча.
Экинчи багыт – интеллектуалдык менчик жашыл келечек үчүн инновациялар.
2024-жылдын май айында — финалда 200дөн ашык мектеп окуучулары жана 100дөн ашык чыгармачылык ийримдер жетекчиликтери катышып, калыстар тобунун 160тан ашык долбоор сунушталган. Олимпиаданын жогоруда аталган номинациялардагы багыттар боюнча балдар өз жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
24-жылдын 24-июнунда катчылык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн калыстар тобу менен онлайн форматта жыйынтыктоочу отурум өткөрүп, 67 бала дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышкан.
Сыйлык тапшыруу аземине Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева катышып, ар бир эмгекти профессионалдык көз караш менен карап, кылдаттык менен калыс баа бергени үчүн калыстар тобуна ыраазычылык билдирди. Ал эми олимпиаданын катышуучуларына чыгармачылык ийгилик, изденүүлөрдү каалады.
Мындай иш-чаралар келечектеги ойлоп табуучуларды шыктандырат, — дешет уюштуруучулар.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер