КЫРГЫЗДЫН МЕКЕНЧИЛ УУЛУНАН, КАДЫРЛУУ АГАЙЫБЫЗДАН АЙРЫЛДЫК

  • 07.12.2019
  • 0

Кыргыз эли дагы бир кыраан уулунан ажырады. Кыргыз маданияты, журналисттер коому оор жоготууга учурады. Көрүнүктүү журналист, жазуучу, агартуучу Кубанычбек Чороев ооруп жүрүп, 6-декабрь күнү 65 жашында дүйнө салды.

КЫРГЫЗДЫН МЕКЕНЧИЛ УУЛУНАН, КАДЫРЛУУ АГАЙЫБЫЗДАН АЙРЫЛДЫК

Кубанычбек Чороев 1954-жылы 10-ноябрда Чүй облусундагы Кант районуна караштуу Люксембург кыштагында туулган.

Анын ата-бабасы Нарын районундагы Он-Арча суусунун боюндагы Эчки-Башы айылынан.

Ушул айылдагы орто мектепти окуп бүткөндөн кийин 1971-жылы Нарын шаарында куруучу болуп эмгек жолун баштаган.

1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнө тапшырып, 1980-жылы бүтүргөн.

Көп жыл бою райондук, областтык жана республикалык газеталарда каруусун казык, акылын азык кылып,  жемиштүү иштеди. “Нарын правдасы” (1980-82), “Жеңиш” (1982-85) газеталарында, “Мугалимдер газетасында” (1985-1990) “Берекеде” (1991-92) интеллектуалдык-чыгармачылык күчүнө толуп турган жылдары эмгектенди. Ошол убактагы эң актуалдуу темаларга жазылган жүздөгөн макалалары басма сөздө жарык көрдү.

«Мугалимдер газетасынын» редакциясында жооптуу катчынын ишин аткарды. “Берекеде” баш редактордун орун басары болуп иштеди.

1993-жылдан бери Бишкек шаарында ишкерчилик менен алек болуп келди.

Кубанычбек агайдын көркөм чыгармалары жана тандалма журналисттик макалалары 2014-жылы “Жылдыздар кайтып келишет” деген аталышта өзүнчө жыйнак болуп басылган. 2015-жылы «Дөөлөт таңы» повесттер, аңгемелер, новеллалары жыйнагы жарык көрдү.

Үч ырына обон жаратылган. Анын бири өзүнүн Эчки-Башы айылына арналган.

Кубанычбек агай ак жашады, улуу-кичүүнү сыйлап, мансап менен байлыкты эмес, кыргыз улуттук наркын туу тутуп, таза жашап өттү. Журналисттик кынтыксыз ишмердиги менен башка кесиптештерине өрнөк болду.

2013-жылы «Кут Билимдин» 60 жылдык маараке тоюнда, 2014-жылы өзүнүн 60 жылдык тоюнда, андан кийин ушул эле жылы жазында Тынчтыкбек агайдын 60 жылдык тоюнда чогуу болуп, күлүп-жайнап учурашып, көкөлөгөн маанайда көп жакшы каалоо-тилек айтыштык элек.

Өмүрлүк  жубайы Нуруйпа эжеге, бир туугандары Жумамүдүн, Тынчтыкбек агайларга , башка бир туугандарына “Кут Билим” газетасындагы калемгерлердин атынан кайрат айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Кубанычбек агайдын жаркын элеси анын жакындарынын жана кесиптештеринин жүрөгүндө дайыма сакталат.

P.S. Кубанычбек агайдын сөөгү жекшембиде өзүнүн өскөн айылы Эчки-Башыда жерге берилет.

Кубатбек Чекиров, «Кут Билим» газетасынын баш редактору

Бөлүшүү

Комментарийлер