КЫРГЫЗ КААДА-САЛТЫНА АРНАЛГАН КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 01.03.2022
  • 0

24-февралда А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында  Саадат Муратованын «Элдик салт — Баба мурасы» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.

КЫРГЫЗ КААДА-САЛТЫНА АРНАЛГАН КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ

Китеп кыргыз элинин унутулуп бара жаткан каада-салтын, үрп-адатын, ырым-жырымдарын камтыйт. Бул китеп Шопоков шаарындагы Тилдердин жана маданияттын кыргыз институтунун ректору мистер Рью Миндин демилгеси менен кыргыз, орус, англис, корей тилдеринде  чыгарылды.

Кечеге билим берүү, маданият жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү  катышты.

КЫРГЫЗ КААДА-САЛТЫНА АРНАЛГАН КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ

Келген коноктор өзгөчө шаар жеринде, жаштардын арасында  каада-салттар унутулуп баратканда бул китептин мааниси абдан зор экендигин жана зарылдыгын баса белгилешти.

Бөлүшүү

Комментарийлер