КЫРГЫЗДЫ КЫРГЫЗ КЫЛГАН К.ТЫНЫСТАНОВ

  • 22.09.2021
  • 0

Свердлов районунун Билим берүү борбору тилчи, окумуштуу , тунгуч профессор Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата жарыяланган беш айлыктын  алкагында өткөрүлгөн райондук ишчараларга мыкты жана жигердүү катышкан жаш адистерди жана мектеп окуучуларды №51 мектеп-гимназиянын базасында  Ардак грамота, кызыктыруучу белектер менен сыйлады.

КЫРГЫЗДЫ КЫРГЫЗ КЫЛГАН К.ТЫНЫСТАНОВ

КЫРГЫЗДЫ КЫРГЫЗ КЫЛГАН К.ТЫНЫСТАНОВ

КЫРГЫЗДЫ КЫРГЫЗ КЫЛГАН К.ТЫНЫСТАНОВ

К.Тыныстановго арналып мугалимдер арасында дилбаян жазуу, окуучулар арасында «Сабаттуу бол» акциясы, Касымдын өмүр жолун сахналаштыруу иштери жогорку деңгээлде көрсөтүлдү. Жыйынтыктоочу майрамдык кечеге СРБББнун директору Н.О.Байгулов жана Свердлов районунун Муниципалдык администрациянын мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Алиева Салтанат катышты.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер