“Кыргызча оңой” мобилдик тиркемесинин таанытымы өттү
- 11.10.2024
- 0
11-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кыргызча оңой” (“Easy Kyrgyz”) кыргыз тилин өз алдынча жана интерактивдүү үйрөнүү үчүн иштелип чыккан мобилдик тиркеменин таанытымына арналган семинар-тренинг өттү.
Иш-чара И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту менен Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) Эркин өнөр жана илимдер факультетинин ортосунда академиялык тажрыйба алмашуунун алкагында уюштурулган.
Семинар-тренинге Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, ф.и.д., профессор Самат Жумалиев жана БААУнун Эркин өнөр жана илимдер факультетинин деканы Данияр Карабаев катышты. Алар аталган мобилдик тиркеме тууралуу маалыматтарды беришти.
Эске сала кетсек, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия “Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz” деп аталган кыргыз тилин үйрөнүү боюнча мобилдик тиркеме иштеп чыккан. Ал орус, англис тилдүүлөргө кыргыз тилин жеңил үйрөнүүгө жардам берет. Тиркеме бардык системадагы смартфондорго жеткиликтүү.
Комментарийлер