КЫРГЫЗ ЖАШТАРЫНЫН ЧЕТ ӨЛКӨДӨН БИЛИМ АЛУУСУНА КӨПҮРӨ БОЛУП БЕРГЕН НУРСУЛТАН КУБАНОВ ОГПИДЕ

  • 13.11.2019
  • 0

“Перспектив” коомдук борборунун негиздөөчүсү, Жаштар конгрессинин төрагасы жана Билим берүү жана илим министринин баштагы кеңешчиси Нурсултан Кубанов Ош гуманитардык-педагогикалык институнда  студенттер  менен жолугушту.

КЫРГЫЗ ЖАШТАРЫНЫН ЧЕТ ӨЛКӨДӨН БИЛИМ АЛУУСУНА КӨПҮРӨ БОЛУП БЕРГЕН НУРСУЛТАН КУБАНОВ ОГПИДЕ

Дүйнөнү түрө кыдырып, кыргыз жаштарынын чет өлкөдө акысыз билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан Нурсултан Кубанов жолугушууга келген студенттер менен  өзүнүн басып өткөн жолу, жараткан ийгиликтери жана жетишкендиктери тууралуу ой бөлүштү. Муну менен катар учурдагы  кыргыз жаштарынын чет жакадагы алдыңкы мамлекеттерден билим алуусуна түзүлгөн шарттарына токтолуп, студенттердин сырттан билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, окууга тапшыруу эрежелери, акысыз окуу программалары  тууралуу кенен маалымат берди.

Жолугушунун журүшү суроо-жооп менен уланып, катышуучулар кызыккан бир нече суроолоруна жооп ала алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер