КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИ КОШ ДИПЛОМГО ЭЭ БОЛУШАТ

  • 04.10.2021
  • 0

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери Санкт-Петербург шаарындагы Д.Ф.Устинов атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтика мамлекеттик техникалык университетинде билим алып, кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул туралуу аталган окуу жайдын өкүлү Киреев Олег Леонидович Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин инженердик-технологияк факультетинин студенттери менен болгон жолушууда билдирди.

Жолугушуу учурунда буга чейин түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин негизинде 2+2, 1+1 форматында кош диплом берүү укугу менен билим берүү программаларынын географиясын кеңейтүү пландарын ишке ашыруу алдында турабыз. Эки окуу жайдын биргелешкен аракетинин негизинде жакынкы күндөрдө студенттер кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Андыктан урматтуу студенттер, жакшы окуп кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып калгыла деген каалоосун билдирди.

Эскерте кетсек эки тараптуу келишимдин негизинде өткөн окуу жылында инженердик-технологиялык факультетинин студенттери Д.Ф.Устинов атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтика мамлекеттик техникалык университетинде онлайн академиялык мобилдүүлүктөн өтүшкөн. Андан сырткары эл аралык байланышты күчөтүү максатында 2020-жылдын 24-декабрында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында Ф.Д. Устинов атындагы “ВОЕНМЕХ” Балтия мамлекеттик техникалык университети жана Паханг университети менен биргеликте эл аралык физика-математикалык изилдөө борбору ачылган.

Бул иш-аракеттер Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаменти тарабынан жүргүзүлүп турат. Студенттердин жана мугалимдердин ички, сырткы академиялык мобилдүүлүгүн колго алып, Кыргызстандагы, чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлар менен кызматташуу келишимин түзүп, тыгыз иш алып барып келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер