КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНИН МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

  • 18.03.2022
  • 0

Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети 2021-жылдын жыйынтыгын Нооруз майрамына карата чыгарды. «Мыктылардын мыктысы-2021» конкурсунун жобосунун негизинде 2021-жылдын мыктылары аныкталып, сыйланышты. 

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНИН МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

Жеңүүчүлөр бир айлык маяна, лента жана сертификаттарга ээ болушту. Ал эми университеттин “Эмгек сиңирген ишмери” номинациясынын жеңүүчүсүнө бир жылдык маянасына 25% кошумча акы төлөнүп берилет.

Эскерте кетсек «Мыктылардын мыктысы» конкурсу жыл сайын университет тарабынан өткөрүлүп, жылдын аягында жеңүүчүлөрдү аныктап, белгиленген номинациялар жана акчалай сыйлыктар тапшырылып келет. Эки жылдан бери окуу жайдын жыл мыктыларын аныктоо жана сыйлоо аземи Нооруз майрамына карата өткөрүлүүдө.

Буга улай эле окуудагы жетишкендиктери жана коомдогу иштерге активдүү катышкандыктары үчүн университенин студенттерине Батыралы Сыдыков атындагы жеке стипендия тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер