КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНИН АТЫ ӨЗГӨРДҮ

  • 16.03.2021
  • 0

Коомчулуктун суроо-талабы боюнча  Кыргыз-Өзбек университетине Кыргыз Республикасынын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, философия илимдеринин доктору Батыралы Сыдыковдун  аты ыйгарылып, Кыргыз-Өзбек эл аралык университети болуп өзгөрдү. Тиешелүү буйрукка Билим берүү министри кол койду.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНИН АТЫ ӨЗГӨРДҮ

Батыралы Сыдыков 1939-жылдын 27-октябрында Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1968-жылы Москвадагы Ветеринардык академияны аяктап, Ош облусундагы мамлекеттик асыл тукумдаштыруу станциясында башкы адис, директор болуп эмгектенген. 1976-жылы Сузак районунун айыл чарба башкармалыгынын жетекчиси, 1978-жылга чейин партиянын райондук комитетинин экинчи секретары болуп иштеген.

1976-1982-жылдары Кыргызстан компартиясынын Ош облустук комитетинин айыл чарба бөлүмүн жетектеген. 1983-жылы Эл аралык класстагы жогорку окуу жайды – КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясын (КИА) бүтүрүп, Кара-Суу райаткомунун төрагасы болуп дайындалган. 1990-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Ош облусунун акими-губернатору кызматына дайындоо жөнүндөгү жарлыкка кол койгон.

Б.Сыдыковдун жеке демилгеси менен Өзбекстандын Президенти И. Каримовдун 1992-жылдын 15-мартындагы биринчи визити Ош шаарында өтүп, бул окуя улуттар аралык биримдиктин жигердүү улантылышына жагымдуу шарт түзгөн.

Б.Сыдыков Ош облусунун губернатору катары иштеп жаткан учурда Ош облусунда Курманжан Датканын 180 жылдыгы, Алишер Навоинин 550 жылдыгы сыяктуу ири иш-чаралар өткөрүлгөн. Жергебизде жашаган баардык этностордун маданий баалуулуктарын, салт-саанасын өнүктүрүүгө бирдей камкордук көрүү максатында түптөлгөн Кыргыз-Өзбек университетинин ачылышына өзгөчө салым кошкон. Бул иш чаралар тарыхый тамыры бир коңшулаш эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, социалдык- маданий багыттагы байланышынын күчөтүлүшүнө негиз болгон.

1995-жылы Б. Сыдыков Кыргызстандын Өзбекстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси катары дипломатиялык кызматка жиберилген. Ташкентте ал тарабынан Өзбекстан менен Кыргыз Республикасынын коому уюштурулган. 1996-жылдын декабрь айында Ташкентте элчиликтин расмий ачылышы өткөрүлүп, эки өлкөнүн мамлекет башчылары катышкан. Эки тараптуу дипломатиянын тарыхында биринчи жолу “Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы түбөлүк достук” жөнүндөгү келишимге кол коюлган.

2000-жылы “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн социомаданияттык модели” деген темадагы докторлук диссертациясын коргогон.

2001-жылы декабрь айында жети жылдык дипломатиялык иштен кийин Б. Сыдыков К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин ректору болуп дайындалат. Бул окуу жайда жети жыл жетекчилик кызматын аркалаган.

#Сыйлыктары:

“Ардак белгиси ” ордени, “За доблестный труд” медалы, Бүткүл союздук айыл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн алтын медалы, Кыргыз тилин өнүктүргөндүгү үчүн “Эмгеги сиңирген инсан”, “КРнын 10 жылдыгы”, “КРнын Жогорку кеңешине 70 жыл”, “КР ТИМдин 70 жылдыгы” төш белгилери жана 2010-жылы “Ош облусунун даткасы” деген ардактуу наам менен сыйланган.

  • Легендарлуу парламенттин депутаты
  • “Экосан” Эл аралык фондусунун, Ташкенттеги Рим клубунун филиалынын мүчөсү, Өзбекстандын философтор коомунун ардактуу мүчөсү,
  • КазУАУнун, Кыргыз УАУнун ардактуу профессору,
  • Кыргызстан улуттук академиясынын философия жана укук таануу институтунун окумуштуулар кеңешинин мүчөсү,
  • КРнын инженердик академиясынын мүчөсү, үч монографиянын жана 35 илимий эмгектердин автору.
Бөлүшүү

Комментарийлер