КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ  

  • 26.04.2018
  • 0

20-апрелде Кыргыз-Өзбек университети мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Ачык эшиктер күнүн» өткөрдү.

Иш-чарада окуу жайдын билим берүү багыттары боюнча кеңири маалыматтарды чагылдырган жарманке жана окуу техникалык базасы менен таанышуу экскурсиясы уюштурулуп, тигүүчү адистигинде окуган студенттердин коллекциялары көргөзүлүп, таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Университеттин ректору Райымбаев Чаткалбай Ош шаарынан жана аймактардан келген абитуриенттерге университеттин окуу шарттары, адистиктер тууралуу маалымат берип, ар бир бүтүрүүчү заман талабына жараша билим алып, керектүү адистиктин ээси болуп, мекен үчүн кызмат кылып, бакубат турмуш кечирүүнү кыялданат, андыктан, келечекте кесипти олуттуу мамиле менен тандоо керек деген оюн айтты.

Бөлүшүү

Комментарийлер