КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ КЫЗМАТЫНА СЫНАК

  • 04.09.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” Токтомуна ылайык, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректорунун бош кызмат ордуна сынак жарыялайт.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ КЫЗМАТЫНА СЫНАК

Конкурстук тандоого бош кызмат ордун ээлөө үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген 65 жаштан ашпаган жарандар катыша алат.

ЖОЖдун ректору кызматына квалификациялык талаптар:

1) жогорку кесиптик билим;

2) илимий даражасынын жана илимий наамынын болушу(илимдин кандидаты / PhD доктору, доцент);

3) 5 жылдан кем эмес илимий же илимий-педагогикалык иш стажы.

Толугураак – https://edu.gov.kg/announcements/293/

Бөлүшүү

Комментарийлер