КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН МАГИСТРАНТТАРЫНА КОШ ДИПЛОМ ТАПШЫРЫЛДЫ
- 15.09.2023
- 0
Д.Ф.Устинов атындагы «Военмех» Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору Константин Иванов, эл аралык программалар боюнча жетекчиси, техника илимдеринин кандидаты, доцент Киреев Олег Леонидович Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар жамааты, студенттери менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негезинде 1+1, 2+2 билим берүү программасынын алкагында, «ВОЕНМЕХ» Балтика мамлекеттик техникалык университетинде жана Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде магистратурада окуп бүтүргөн бүтүрүүчүлөргө кош диплом тапшырылды. Кош диплом берүү окуу жайдын тарыхында биринчи жолу ишке ашырылууда. Ушундай саамалыкты ишке ашырууда эки окуу жайдын биргелешип жүргүзүп жаткан иштерине шарт түзүп, тыгыз иш алып баргандыгы үчүн Константин Ивановко Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.
Эскерте кетсек, Кыргыз-Өзбек эл аралык университети Россия, Кыргызстан техникалык университеттеринин консорциумунун мүчөсү болуп эсептелет. Анын негизинде техникалык багытта билим алып жаткан студенттер 1+1, 2+2 программасынын алкагында кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул иш-аракеттер окуу жайдын эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция бөлүмү тарабынан көзөмөлдөнүп, ишке ашырылып келет.
Комментарийлер