КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

  • 26.03.2021
  • 0

Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети 2020-жылдын жыйынтыгын Нооруз майрамына карата чыгарды. «Мыктылардын мыктысы — 2020» конкурсунун жобосунун негизинде 2020-жылдын мыктылары аталгандар  сыйланышты.

Сыйлыктарды университеттин ректору Райымбаев Чаткалбай тапшырды. Жеңүүчүлөр бир айлык эмгек акы, лента жана сертификаттарга ээ болушту. Ал эми университеттин “Эмгек сиңирген ишмери” номинациясынын жеңүүчүсүнө бир жылдык маянасына 25% кошумча акы төлөнүп берилет.

«Мыктылардын мыктысы» конкурсу жыл сайын өткөрүлүп, жылдын аягында жеңүүчүлөрдү аныктап, белгиленген номинациялар жана акчалай сыйлыктар тапшырылып келет.

Андан сырткары 2020-жылдагы пандемия маалында видеосабактарга жарыяланган конкурстун  дагы жыйынтыгы чыгарылып жеңүүчүлөргө Ардак грамота, акчалай сыйлыктар берилди.

Ошондой эле окуудагы жетишкендиктери жана коомдогу иштерге активдүү катышкандыктары студенттерге Батыралы Сыдыков атындагы жеке стипендиялар тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер