КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ, ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫНА БИР АЙЛЫК МАЯНА КОТОРУЛАТ

  • 29.12.2022
  • 0

Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарды. «Мыктылардын мыктысы-2022» конкурсунун жобосунун негизинде 2022-жылдын мыктылары аныкталып сыйланышты. Аталган сыйлыктарды Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич тапшырды.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ, ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫНА БИР АЙЛЫК МАЯНА КОТОРУЛАТ

Жеңүүчүлөр бир айлык маяна, лента жана сертификаттарга ээ болушат. Ал эми университеттин “Эмгек сиңирген ишмери” номинациясынын жеңүүчүсүнө бир жылдык маянасына 25% кошумча акы төлөнүп берилет. Эскерте кетсек «Мыктылардын мыктысы» конкурсу жыл сайын университет тарабынан өткөрүлүп, жылдын аягында жеңүүчүлөрдү аныктап, белгиленген номинациялар жана акчалай сыйлыктар тапшырылып келет. Буга улай эле 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы менен окуудагы жетишкендиктери жана коомдогу иштерге активдүү катышкандыктары үчүн Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университенин студенттерине, магистрант, аспиранттарга Батыралы Сыдыков атындагы жеке стипендия берилди. Аталган стипендияларды окуу жайдын ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, КӨЭАУнун проректорлору профессордук-окутуучулар жамаатына арналган Жаңы жылдык кечеде өз ээлерине тапшырышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер