КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ТИЛ ЖУМАЛЫГЫ САЛТАНАТТУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 25.09.2026

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинде мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу жана анын илим-билим берүүдө кеңири колдонулушун камсыз кылуу максатында уюштурулган тил жумалыгы салтанаттуу жыйынтыкталды. КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ТИЛ ЖУМАЛЫГЫ САЛТАНАТТУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Кыргыз филологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулган тил жумалыгынын алкагында буга чейин студенттер арасында автордук ырлар сынагы, «Иш кагаздарды жазуу эрежелери» аттуу семинар, ачык жана куратордук сабактар, ошондой эле актуалдуу маселелерге арналган тегерек столдор өткөрүлдү. КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ТИЛ ЖУМАЛЫГЫ САЛТАНАТТУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чарага университеттин окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева, илим жана инновациялар боюнча проректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Алмаз Атабеков, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.к. Назира Тилекова, КӨЭАУнун бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев, факультет жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышышты. КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ТИЛ ЖУМАЛЫГЫ САЛТАНАТТУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Салтанаттын жүрүшүндө автордук ырлар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, мыкты деп табылган студенттерге сыйлыктар тапшырылды. Майрамдык кече мамлекеттик тилди, эне тилдин кадыр-баркын даңазалаган чакан концерттик программа менен коштолду. КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ТИЛ ЖУМАЛЫГЫ САЛТАНАТТУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Бул иш-чара жаштардын кыргыз тилине болгон кызыгуусун арттырып, чыгармачыл демилгелерин колдоого, таланттарын ачууга жана алардын мекенчилдик сезимин дагы да бекемдөөгө чоң өбөлгө түздү.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү