КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 17.11.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына, 10-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата  Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Азыркы дүйнөдөгү илим: абалы, келечеги” аттуу эл аралык илимий практикалык конференция болуп өттү.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Бүгүнкү күндүн шартында илимий конференцияга Казакстандын окумуштуулары онлайн режиминде катышты. Ал эми Өзбекстандын окумуштуулары, өлкөнүн башка аймактарындагы окуу жайлардын жана илимий мекемелердин өкүлдөрү катышкан салттык режимдеги  конференция университеттин ректору Чаткалбай Райымбаевдин куттуктоо сөзү менен башталды.

Пленардык жыйында Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү кыргыз интеллигенциясынын орду,  дүйнөлүк илимдин бүгүнкү абалы, келечеги тууралуу  атайын докладдар окулду. Кыргыз Республикасынын отуз жыл аралыгындагы коңшулаш өлкөлөр менен болгон ар тараптуу алакасы талкууга алынып, өлкөдөгү илимдин бүгүнкү абалы, келечеги тууралуу кенен сөз болду.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Пленардык жыйындан кийин конференция төрт багыт боюнча секциялык иштер менен уланды. Анда белгиленген багыттар боюнча атайын докладдар окулуп, кызуу талкуулар жүрдү. Андан соң катышуучулар тарабынан резолюция кабыл алынды.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин маалымат кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер