КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

  • 23.04.2021
  • 0

23-24-апрелде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Ачык эшиктер күнү” өттү.

Иш-чарага жогорку окуу жайга тапшырууну каалаган мектептердин бүтүрүүчүлөрү, алардын ата-энелери жана мектептердин мугалимдери катышты.

Ачык эшиктер күнү 2020-2021-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүн окуу жайдын түзүмдөрү, материалдык-техникалык базасы менен тааныштыруу максатында уюштурулду.  Алыскы-жакынкы райондордон келген мектеп бүтүрүүчүлөрү алгач университеттин адистик билим берүү багытын чагылдырган ачык асман алдына уюштурулган көргөзмө менен таанышып чыгышып, андан соң университеттин чыгармачыл жаштары тарабынан уюштурулган концерттик программага күбө болушту. Концерттин жүрүшүндө инженердик-технологиялык факультетинин жана кесиптик колледждин уздары тарабынан даярдалган улуттук кийимдердин көргөзмөлөрү көрсөтүлдү. Соңунда окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Топчубай Исаков мектеп бүтүрүүчүлөрүнө окуу жайдын тарыхы, адистик багыттары боюнча кыскача маалымат берди.

Белгилей кетсек Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети заманбап материалдык-техникалык база менен камсыздалган жети окуу имаратында билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Университеттин курамы кесиптик лицейден, орто кесиптик билим берүүчү үч колледжден, жогорку кесиптик билим берүүчү алты факультеттен жана ЖОЖдон кийинки магистратура, аспирантура, докторантура билим берүү түзүмдөрүнөн турат.

Андан сырткары усулдук кааналар, окуу лабораториялары, стоматологиялык кабинеттер, интерактивдик доскалар, 3D мониторлор, видеокѳзѳмѳл орнотулган лекциялык залдар, атайын адистештирилген окуу лабораториялары, интернет түйүнүнѳ туташтырылган компьютердик класстар, студенттик ашканалар, студенттик жатакана, спорт зал, спорт аянтчалары жана манеждер, медициналык пунктар, автоунааларды оӊдоп-түзөө лабораториялары жана устаканалары, керектүү муляждар, фантомдор жана медициналык аспаптар, тренажердук-машыктыруучу кабинеттер студенттердин татыктуу билим алуусун камсыздап турат. Андан сырткары 120 орунду лингафондук зал, электрондук китепкана жана 500 орунду жыйындар залынан турган маданий-эстетикалык борбор студенттердин татыктуу билим алып, кесиптик тажырыйбасын өнүктүрүү үчүн пайдаланылып келет.

Бүгүнкү күндө университетте 14757 студент билим алууда.

Ал эми окуу процесси толугу менен автоматташтырылып, окуу жайдын сайты аркылуу ата-энелерге өз балдарынын жетишкендиктерин аралыктан көрүп турууга шарттар түзүлгөн.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер