КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ “АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ” ӨТТҮ

  • 13.05.2023
  • 0

Бүгүн, 13-май күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Ачык эшиктер күнү” өттү.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ “АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ” ӨТТҮ
Аталган иш-чарага жогорку окуу жайга тапшырууну каалаган Ош шаарындагы жана алыскы-жакынкы райондордогу мектептердин бүтүрүүчүлөрү, алардын ата-энелери жана мектептердин мугалимдери катышты.
Ачык эшиктер күнү мектеп бүтүрүүчүлөрүн окуу жайдын түзүмдөрү, материалдык-техникалык базасы менен тааныштыруу максатында уюштурулду. Мектеп бүтүрүүчүлөрү алгач университеттин адистик билим берүү багытын чагылдырган ачык асман алдында уюштурулган көргөзмө менен таанышып чыгышып, андан соң университетинин чыгармачыл жаштары тарабынан уюштурулган концерттик программага күбө болушту. Концерттин жүрүшүндө инженердик-технологиялык факультетинин уздары тарабынан даярдалган коллекциялардын көргөзмөлөрү көрсөтүлдү. Соңунда окуу жайдын ректору, э.и.д., профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич мектеп бүтүрүүчүлөрүнө окуу жайдын жетекчилерин, декандарын тааныштырып, университеттин тарыхы, адистик багыттары боюнча кыскача маалымат берди. Ал эми мектеп бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн кызыктырган суроолорун узатышып, окуу жай жөнүндө кенен маалымат ала алышты. Жалпысынан аталган “Ачык эшиктер” күнүнө Кыргызстандын түштүк регионундагы мектептерден 3 миңге чукул бүтүрүүчү келди.

Бөлүшүү

Комментарийлер