КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ ӨЗБЕКСТАНДЫН ЖОЖДОРУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 20.05.2021
  • 0

16-18-майда Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин эл аралык кызматташтыгын чыңдоо максатында Эл аралык байланыш жана инвестициялар департаментинин демилгеси менен университеттин ректору Чаткалбай Райымбаев баш болгон расмий делегация Өзбекстандын Ташкент шаарындагы жогорку окуу жайларында атайын иш-сапары менен болду.

17-майда делегация Ташкент экономикалык университетинин ректору Шарипов Конгратбай, Ташкент юридикалык университетинин ректору Хакимов Рахим менен жолугушту.  Жолугушууда билим берүү жана илимий ишмердик багытында эки тараптуу кызматташуу жөнүндөгү келишим түзүлдү. QS World University Rankings ТОП-1000 маселеси боюнча эки тараптуу талкуу жүрүп, эл аралык рейтингдерге катышууга өз ара усулдук жардам көрсөтүү багыты каралды.

18-майда Ташкент текстил жана жеңил өнөр жай университетинин ректору Сабиров Ильхом менен жолугуп, көп тараптуу макулдашуулардан кийин билим берүү жана илим ишмердиги боюнча, ошондой эле КӨЭУнун инженердик-технологиялык факультетинин базасында 2+2 кош диплом берүү багытындагы биргелешкен билим берүү программаларын, ошол эле факультеттин базасында биргелешкен эл аралык Диссертациялык Кеңеш ачуу жөнүндөгү эки тараптуу келишим түзүлдү. Ошол эле күнү университеттин делегациясы “Мода индустриясындагы инновациялык усулдар жана технологиялар” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, Ч.Райымбаев илимий баяндама жасады.

Бөлүшүү

Комментарийлер