КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ РОССИЯНЫН ЖОЖДОРУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 12.05.2022
  • 0

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин өкүлдөрү иш сапары менен Россиянын бир катар жогорку окуу жайларында болуп келишти.

Иш сапардын биринчи күнүндө Москва шаарындагы Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана эл чарба академиясында болушуп, илим багытында эл аралык биргелешкен долбоорлорду аткаруу, педагогдор үчүн академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдиришти. Андан сырткары мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу программасына жана окуу-усулдук иштер боюнча кызматташууга кызыкчылык жогору экенине токтолушту. Ошондой эле бакалаврлар үчүн 2+2 форматындагы биргелешкен билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Жолугушууда эки тарап Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучулары үчүн Мамлекеттик кызмат жана эл чарба академиясында квалиффикациясын жогорулатуу курстары боюнча жол картасын иштеп чыгуу жөнүндө, ошондой эле эки ЖОЖдун ортосундагы өз ара түшүнүшө билүү жөнүндөгү алдын ала макулдашууга жетишишти.

Андан соң делегация билим берүү жана илимий ишмердик багытында эл аралык деңгээлдеги кызматташуу маселесин талкуулоо максатында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинде болушту. Жолугушууга катышкан тараптар академиялык жана илимий негиздеги кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын абитуриенттеринин Каржы университетине кирүү, биргелешип өткөрүлгөн илимий конфференцияларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Бакалавриат жана магистратуранын билим берүү программалары боюнча келечекте 2+2, 1+1 форматында кызматташуу, Кыргызстандын абитуриенттерин даярдоо факультетинде окутуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Буга улай иш сапардын алкагында Санкт-Петербург шаарындагы Д. Ф. Устинов атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтия мамлекеттик техникалык университетине барышты. Эл аралык университетинин жетекчилиги экономика, өндүрүштү уюштуруу жана башкаруу, маалыматтык система жана программалык инженерия, мекеме менеджменти кафедралары, «ВОЕНМЕХ» БМТУнун музейдеги экспозициясы менен таанышып чыгышты. Ошону менен катар эле университет боюнча экскурсия жасашты. Иш-чаранын алкагында “БМТУ-КӨЭАУнун” магистратурага биргелешкен “1+1” билим берүү программасындагы академиялык мобилдүүлүк жөнүндөгү келишимге кол коюлду.

Иш сапар Санкт-Петербург шаарындагы 225 жылдан ашуун тарыхка ээ болгон А.И.Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетинде жыйынтыкталды. Мында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки тараптуу кызматташтык келишимдери түзүлдү. Келишимдин негизги максаты эки университеттин ортосунда достукту чыңдоо, биргелешкен илимий конференция жана семинарларды өткөрүү, студенттер жана окутуучулар ортосунда эл аралык академиялык мобилдүүлүктү жолго салуу, бакалавриат жана магистратура бөлүмдөрүнө педагогика адистиги боюнча 2+2, 1+1 окуу программаларын ачуу, ошондой эле орус тилин өркүндөтүү боюнча профессордук-окутуучулар жамаатынын квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, атайын делегациясыны жетектеп Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору Чаткалбай Райымбаев, окуу департаментинин директору Алишер Юсупов, эл аралык байланыштар жана инвестиция департаментинин директору Аида Балтабаева барды.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер