КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ
- 04.10.2023
- 0
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын урматына арналган “Жогорку билим берүү системасындагы өнөктөштүк жана инновацияны интеграциялоо” аталышындагы биринчи кыргыз-өзбек ректорлорунун эл аралык форуму Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде өтүүдө.
Форумга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Өзбекстан Республикасынын жогорку билим, илим жана инновация министринин биринчи орун басары Комилжон Каримов, Өзбекстандагы Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу өкүлү Муса Жаманбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу өкүлү Хуршид Мирзахидов, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин алдындагы Кыргыз Республикасынын өзбек мектептери үчүн окуу китептерин даярдоо борборунун директору Мухаммаджан Мамасаидов жана ошондой эле Өзбекстандын 16, Кыргызстьандын 36 жогорку окуу жайынын ректорлору, проректору катышууда.
Форумдун алкагында эки өлкөнүн жогорку окуу жайларын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, окуу процессин интеграциялоо боюнча долбоорлор жана программалар, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүнүн маселелерин чечүү жолдору талкууланат.
Университеттердин эл аралык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча кызматташуу келишимдерине жана меморандумдарга кол коюлат.
Комментарийлер