КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ: СУНУШТАР, ЧЕЧИМДЕР

  • 05.10.2023
  • 0

Кыргыз-өзбек жогорку окуу жайларынын ассоциациясы түзүлөт. Бул тууралуу 3-4-октябрда Ош шаарында өткөн эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ректорлорунун биринчи форумунда айтылды. Иш-чара Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын урматына Кыргыз-Өзбек эл аралык  университетинде өттү.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ: СУНУШТАР, ЧЕЧИМДЕР

Форумга Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Усеков, Өзбекстандын Жогорку билим, илим жана инновация министринин биринчи орун басары Комилжон Каримов, Өзбекстандагы  Кыргызстандын  Атайын жана Ыйгарым укуктуу өкүлү Муса Жаманбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу өкүлү   Хуршид Мирзахидов, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин алдындагы Кыргыз Республикасынын өзбек мектептери үчүн окуу китептерин даярдоо борборунун директору Мухаммаджан Мамасаидов жана Өзбекстандын 16, Кыргызстандын 36 жогорку окуу жайынын ректору жана проректору катышты. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эл аралык кызматташтыкта ​​университеттердин ролун жогорулатууга багытталган ырааттуу иш-аракеттерди жүргүзүү, эки өлкөнүн жогорку окуу жайларын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, окуу процессин интеграциялоо боюнча долбоорлор жана программалар, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүнүн маселелерин чечүү жолдору талкууланды.

Университеттердин эл аралык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча сексекнден ашуун кызматташуу келишимдерине жана меморандумдаруна кол коюлду.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ЖОЖдорунун ортосундагы эл аралык кызматташуудагы эффективдүү интеграциялык процессти камсыз кылуу, маданият жана билим берүү аркылуу бир тууган элдердин достугун жана өз ара түшүнүшүүсүн мындан ары чыңдоонун жолдору боюнча резолюция кабыл алынып, сунуштар иштелип чыкты.

 

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ: СУНУШТАР, ЧЕЧИМДЕР

ЫНТЫМАКТЫ БЕКЕМДЕГЕН КЫЗМАТТАШТЫК

Бүгүнкү күндө жогорку билим берүү тармагы боюнча эки өлкөнүн кызматташуусу динамикалык түрдө өнүгүүдө. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында жалпысынан Өзбекстандын 37 миңден ашуун жараны билим алса, анын 4500ү Кыргыз-Өзбек Эл аралык  университетинде окуйт. Бул окуу жай эки өлкөнүн ынтымагын арттырууда чоң жүктү көтөрүп келет. Андан сырткары Ош мамлекеттик университетинин дагы коңшу мамлекеттин окуу жайлары менен кызматташтыгы эң жогорку деңгээлде. Университет академиялык мобилдүүлүк боюнча Өзбекстандын жыйырмадан ашуун жогорку окуу жайы менен активдүү кызматташтыкта. Ар бир окуу жылында университеттин студенттери бир семестрге академиялык мобилдүүлүккө барат. Кыска мөөнөттүү окутууга жылына 150дөн ашык студент жиберилет. Алсак, Анжиян мамлекеттик университети, Анжиян медициналык университети жана Анжиян мамлекеттик чет тилдер институту менен академиялык мобилдүүлүк боюнча тыгыз кызматташат. Башка өнөктөш университеттери менен биргеликте спорттук иш-чараларды, конок лекцияларды жана квалификацияны жогорулатуучу окууларды уюштуруп турат. Өткөн окуу жылы Анжиян мамлекеттик университетине жыйырмадан ашык студент мобилдүүлүктөн өтсө, быйыл математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин беш студенти Самарканд мамлекеттик университетинде кыска мөөнөттүү академиялык мобилдүүлүктөн өтүүдө. Анжиян мамлекеттик чет тилдер институтунда он, Фергана мамлекеттик университетинде сегиз студент билим алууда.  Ошондой эле 5-октябрдан баштап 16 студент Өзбекстандын М.Улугбек атындагы Улуттук университетине, эки студент Ташкент экономикалык университетке, үч студент Мамлекеттик искусство жана маданият институтунда, беш студент Ташкент химия-технологиялык университетине академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында окууга жөнөтүлөт.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ: СУНУШТАР, ЧЕЧИМДЕР

 

ЖАҢЫ ДЕМИЛГЕЛЕР

Эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу боюнча алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн кандай иштер жасалууга тийиш экендигин Бишкек мамлекеттик университетинин ректору А.Мусаев  форумда жасаган баяндамасында айтып берди. —         Илим, билим берүү тармагындагы кызматташтыктын интегралдык “жол картасын” иштеп чыгуу керек. Кыргыз жана өзбек университеттеринин ассоциациясын түзүү зарылдыгы да бар. Анын ишмердүүлүгү илим, билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун потенциалын өз ара натыйжалуу пайдаланууга жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө багытталууга тийиш. Ал өлкөнүн билим берүү жана илимий мейкиндигин интеграциялоо үчүн күчтүү триггер болуп калышы керек, — дейт А.Мусаев. Андан сырткары ортодогу келишимдерди ишке ашыруу боюнча актуалдуу маселелерди чечүү үчүн университет өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушууларын онлайн жана оффлайн форматында үзгүлтүксүз өткөрүү абзел. Кыргызстан менен Өзбекстандын билим берүү системаларынын мыйзамдык базасын шайкеш келтирүү, жогорку окуу жайлардын тармактык Кыргыз-өзбек консорциумдарын түзүү, илимдин түрдүү тармактары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн университеттеринин илимий китепканаларынын электрондук булактарын аралыктан пайдалануу боюнча кызматташуу, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жаштар диалогун бекемдөөгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгуу жана иш-чараларды өткөрүү ж.б. иш-аракеттер жасалууга тийиш.

 

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ: СУНУШТАР, ЧЕЧИМДЕР

 

 

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ҮЧҮН ШАРТТАР

Бүгүнкү күндө кошуна мамлекеттин бийлиги тарабынан Өзбекстанда жашап жаткан кыргыздардын билимин жана маданиятын өнүктүрүүгө жакшы көңүл бурулат. Кыргыз балдары окуган мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгаруу турган атайын кыргыз редакциясы түзүлгөн. Улуттук телерадиокомпаниясында кыргыз тилиндеги «Айчүрөк», радиосунда “Эламан” программасы үзгүлтүксүз берилип турат.

 

Анжиян мамлекеттик университетинин алдындагы Педагогикалык институту кыргыз тили жана адабияты боюнча адистерди даярдайт. Кыргыздар үчүн ЖОЖдордо 100 гранттык орун бөлүнгөн. Мындан тышкары билим берүү документтерин таануу максатында өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Билими тууралуу документтерди өз ара таануу университеттерде жана кесиптик лицейлерде окууга болгон кызыгууну арттырат.

Колдонулуп жаткан эки тараптуу макулдашуулардын аркасында мугалимдерди, адистерди жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүп, студенттерди, окутуучуларды жана илимий кызматкерлерди өз ара алмашуу жолго коюлууда.

 

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер