КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮ КЕҢЕЙТҮҮДӨ
- 21.10.2026
- 0
Билим берүү тармагындагы интеграциялык процесстерди тереңдетүү жана глобалдык билим берүү мейкиндигиндеги кызматташтыкты чыңдоо — заман талабы. Ушул максатта 2026-жылдын 21-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында келген чет өлкөлүк студенттер менен жолугушту.
Учурда аталган жогорку окуу жайында дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин студенттери билим алууда. Атап айтканда, Кытайдын Шаньси айыл чарба университетинен — 6, Сиань саясат жана укук университетинен — 6, Япониянын Токай университетинен — 3, Цукуба университетинен — 1 жана Кореянын Кёмен университетинен — 1 студент келип, жалпысынан 17 чет өлкөлүк жаш бир окуу жылы бою КУУда окушат.
Жолугушууда ректор Догдурбек Чонтоев студенттерге ийгиликтерди каалап, академиялык мобилдүүлүктүн маанисине токтолду. Анын белгилешинче, мындай программалар студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, жаңы билим берүү чөйрөсүнө ыңгайлашуусуна жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөт.
Иш-чарага Кытайдын, Кореянын жана Япониянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз улуттук университетинин жетекчилери катышты. Алардын катарында биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишеекеев, эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бактыбек Келдибеков, орус жана славян филологиясы факультетинин деканы Нурайым Сардарбек кызы, билим берүүнүн сапатын башкаруу системасы департаментинин директору Жылдыз Койчиева, окуу башкармалыгынын начальниги Алмазбек Кыдыралиев жана Кыргыз-кытай изилдөө институтунун директору Софья Апаева болду.
Кыргыз улуттук университети эл аралык академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү аркылуу дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги кызматташтыгын кеңейтүүнү, жаштардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүүнү жана өлкөлөр ортосундагы достук байланыштарды чыңдоону мындан ары да улантат.
Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»





