КЫРГЫЗ ТУУСУН ЖЕҢИШ МЕНЕН ЖЕЛБИРЕТКЕНДЕРГЕ УРМАТ-СЫЙ

  • 23.08.2021
  • 0

«Сиздер спорттун босогосун аттаган жаш спортчуларга эле эмес, спортту сүйгөн, спорттогу жетишкендиктерди көрүп ырахат алган миллиондогон кыргызстандыктарга дем берип, шыктандырып, Мекенге болгон сүйүүлөрүн арттырдыңыздар», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, Токио шаарындагы (Япония) XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлерине жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу  салтанатында.

Президент Токио Олимпиадасы дагы аяктаганын, алдыда 2024-жылкы  Париж шаарындагы (Франция) — жайкы Олимпиада оюндары турганын белгиледи.

« Сиздер „эң негизгиси катышуу“ дегендей Олимпиада оюндарынын жөн гана катышуучулары эмес, Мекенибиздин желегин желбиретип, гимнибизди жаңырышына умтулуу менен пъедесталга да жете аларыңарды далилдеп, көрсөттүңүздөр. Биздин жалпы максатыбыз — 2024-жылдагы Париж Олимпиада оюндарында биринчи орундарды камсыз кылуу болуп саналат. Спортчуларыбыз бир алтын гана эмес, бир нече байгелүү орундарды жеңе аларына бекем ишенем. Себеби кыргыз спортчулары руху күчтүү, максаты бийик жана намыска бек уул-кыздардан. Ал эми мамлекет тарабынан спортчуларыбызга эл аралык спорт майданында ийгиликтерди жаратуусу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө бардык күч-аракеттер жумшалат деп ишендире алам», — деди Мамлекет башчысы.

Токиодогу жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Акжол Махмудов II даражадагы “Манас” ордени менен 10 млн. сом, Toyota RAV4 автоунаасы менен сыйланды. Кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медал ээси Айсулуу Тыныбековага II даражадагы “Манас” ордени, 10 млн. сом жана Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаа берилди. Коло байге алган Мээрим Жуманазаровага III даражадагы «Манас» ордени жана 7 млн. сом, Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды.

Мындан тышкары дүйнөлүк олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга, алардын   машыктыруучуларына да акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Президент Садыр Жапаров  сыйлыктарды тапшырып жатып спорт тармагын өнүктүрүү, массалык жана кесипкөй спортту өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири боло берерин дагы бир ирет баса белгилеп айтты.

М.Кайыпов

 

Бөлүшүү

Комментарийлер