КЫРГЫЗ ЦИРКИ — «ПРИЗНАНИЕ» ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУНДА КАЛЫСТАР ТОБУНУН МҮЧӨСҮ БОЛДУ
- 13.06.2025
- 0
Москва шаарындагы Чоң Москва циркинде «ПРИЗНАНИЕ» сыйлыгы тапшырылган эл аралык цирк форуму болуп өттү. Форумга атайын чакырылгандардын катарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик циркинин директору Асланайым Аширова да болду.
Кыргыз цирки мындай жогорку деңгээлдеги форумга биринчи катышып, тарых жарата алды. Бул — цирк жамаатынын акыркы жылдардагы талыкпаган эмгегинин, чыгармачылык изденүүлөрүнүн жыйынтыгы.
— Мындай абройлуу чоң форумда буга чейин кыргыз цирки мүчө катары катталган эмес. Форумга катышуу менен эле чектелбестен, анын калыстар тобунун мүчөсү болушубуз — бул тарыхый учур. Бул ийгилик команданын бирдиктүү эмгеги менен келди. Мындан аркы максат — “Кыргыз” деген атты дүйнөгө таанытуу. Бул форум биз үчүн жаңы эшиктерди ачты. Биздин бүгүнкү ийгилигибиз — келечекке карай туура кадам таштаган эмгектин үзүрү болду. Буюрса, кыргыз цирки дүйнөлүк сахнага жол алды. Бул багытта дагы да чоң ийгиликтер болот деп ишенебиз”, — деп белгиледи Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Асланайым Аширова.
Форумдун алкагында өткөн гала-спектакль да жогорку деңгээлде болду. Ага белгилүү маданият жана спорт ишмерлери катышты. Алардын катарында куудул Дмитрий Хрусталев, Россиянын эмгек сиңирген артисти Алексей Маклаков, ырчы Родион Газманов, РСФСРдин эл артисти Евгений Петросян, ошондой эле спорт легендасы Федор Емельяненко жана башкалар бар.
Мындай иш-чаралар дүйнөлүк сахнада өз ара биримдикти жана ынтымакты даңазалайт.
Комментарийлер