Кыргыз тилинен милдеттүү тесттин баасы 200 сом

  • 01.03.2024
  • 0

Кыргыз тилинен милдеттүү тесттин баасы 200 сом

Окуучулар үчүн мамлекеттик тилде тест тапшыруунун баасы 200 сомду түзөт. Бул тууралуу Билим берүүнүн сапатын баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева “Кабар” агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.

Директордун маалыматына караганда, тест жалпы республикалык тестирлөөнүн алкагында өткөрүлөт.

“Быйылкы жылдын жаңылыгы болуп жогорку окуу жайга тапшырам деген абитуриенттер милдеттүү түрдө мамлекеттик тилден тест тапшырат. Тесттин акысы 200 сом. Мазмунуна, өткөрүү шарттарына токтолсок, учурда жумушчу топ түзүлүп, иштеп жатат. Көлөмү негизги тесттей эле өтө чоң болбойт, лексика, грамматика, окуу жана түшүнүүгө басым жасалат. Жалпы тесттин форматына ылайык келген суроо, төрт жооп. Төрт жооптун арасынан туура жообун тандайбыз. Кошумча дагы бардык маалыматты жакын арада сайтка жүктөйбүз”, – деди Чынара Батракеева.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, кыргыз тилинен тест тапшыруу 2024-жылдан тартып милдеттүү болуп саналат.

Эльвира Какиева

Бөлүшүү

Комментарийлер