КЫРГЫЗ ТИЛИН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ АРНАЛГАН ЖАШТАР КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

  • 14.12.2022
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлиги жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун алдындагы “Жаш тилчилер” уюму менен биргеликте К.Баялинов атындагы жаштар жана балдар китепканасында “Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү студенттердин орду жана алардын кызматташтыгы” аталышында кеңешме болуп өттү.

КЫРГЫЗ ТИЛИН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ АРНАЛГАН ЖАШТАР КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

Кеңешмеге Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, “Жаш тилчилер” уюмунун өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов онлайн видео кайрылуусунда министрликтин кыргыз тилин өнүктүрүүдө жүргүзүп жаткан иш-аракеттерине токтолду.

Кеңешмеде студенттер мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сунуштарды жана идеяларды талкуулашып, жыйынтыгында уюмдун студенттеринен турган Жаштар канаты түзүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер