КЫРГЫЗ ТИЛИБИЗДИ ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ ҮЙРӨТӨЛҮ

  • 17.11.2021
  • 0

 

Урматтуу кыргыз тили жана адабияты мугалимдери!

Сиздерге «Кыргыз тилин видео сабак аркылуу үйрөнүү» сынагына чакырабыз!

Биринчиден, бул долбоор кыргыз тили мугалимдерине жеке канал аркылуу кардар табууга чоң түрткү болот.

Орусияга кеминде бир миллион кыргызстандык мигрант катары кетти, андан тышкары АКШ, Түркия, Казакстан, Корея мамлекеттеринен миңдеген үй-бүлөлөр узак жылдардан бери келе албай жүрүшөт. Алардын балдары эне тилин үйрөнүүгө ниети болсо да, интернетте маалыматтын жетишсиздигинен же кызыксыз болгонунан улам эне тилге көңүл бурбай коюшу ыктымал. Эне тилин жакшы билүүгө муктаж болгондордун катарында мен дагы, Алматыда жашаган кыргыз жараны, бул кемчиликтерге күбө болдум.

Өзгөчө сыртка кеткен жарандарыбыз эне тилин үйрөнүш үчүн сиздин YouTub’дагы сабагыңыз аркылуу байланышып, онлайн сабак алганда потенциалдуу кардарыңызга айланат. Бир канча онлайн окуучуңуз болгондо демейки айлыгыӊызга көп эле кошумча каражат болот.

Экинчиден, мугалимдер дагы жакшы билгендей, адамдардын маалымат кабыл алуу ылдамдыгы ар кандай болот. Сабак учурунда түшүнбөй калган окуучунун кайталаганга мүмкүнчүлүгү болсо, анын жетишкендиги өсөт жана мугалимдин да жыйынтыгына жакшы таасир берет. Ошондо каалаган учурда, каалаган ылдамдыкта жана каалашынча кайталоо менен сабакты көргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Негизи баардык эле сабактарды интернеттен кыргызча үйрөнүүгө шарт түзүлүшү керек. Муну жетекчилер ойлонуп, адистер ишке ашырыш керек.

YouTub’да бир жыл мурун пандемия башталганда айрым гана мугалимдер анча-мынча сабак чыгарышып, бирок кийин улантышпаптыр. Бул алардын интернеттин күчүн сезбей, түшүнбөй калганынын белгиси.

Биздин республикада 2262 мектеп бар экен. Аларда болжол менен 10000ден ашуун кыргыз тили мугалимдери иштейт. Ар бир мугалим өзүнүн жөндөмүнө жана ар кандай сабактарды иштеп чыгат деп ишенем. Ошондуктан быйыл тема, формат, тил боюнча эч кандай чектөө жок. Кыргыз тилин үйрөнүүчүлөрдүн дагы өзүнө тиешелүү ар кандай деңгээли, ошого жараша ар кандай талабы болушу мүмкүн.

Катталуунун кажети жок. Бир гана жаңы жылга чейин каналыңыздын шилтемесин биздин электрондук почтага жибересиз. Жаңы жылдан баштап көз карандысыз калыстар тобу талдай башташат. Алар Түркия, АКШ, Орусия, Корея сыяктуу мамлекеттерден тилге тиешеси болгон журналист, жазуучу, мугалимдер болушу мүмкүн. Алардын чечими менен Ноорузда байге ыйгарылат.

Урматтуу мугалим, видео тартуу боюнча сизге сунушум:

1️⃣ бир видео — бир тема. Кыска — нуска. Түшүнүктүү жана кызыктуу. Себеби, бул сиздин жеке YouTube каналыңыз жана ошону өнүктүрүү үчүн кардардын көзү менен караган туура.

2️⃣ Видеонун бурчуна байланыш номерлер же электрондук даректер аркылуу сизди табуу мүмкүнчүлүгүн эске алыңыз. Бул сизге жакшы жарнама болот жана сиздин YouTube каналыңыздын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Кошумча маалымат: Чет мамлекеттерде онлайн сабактын баасы бир саатка 800 сомдон жогору. Эгер 15 үйрөнүүчү табылса, айына 100 000 сомдон дагы көп тапканга мүмкүнчүлүгүңүз болот.

3️⃣Видеонун темасында «КЫРГЫЗ ТИЛИ» деп жазыш керек. Эне тилин үйрөнгүсү келген адамга кыргызча маалымат желеси оңой жана жеткиликтүү болуусу үчүн аракетибизди жумшайлы. Айрым кесиптештер видеонун аталышына өзүнүн аты-жөнүн жазып койгонунан улам, көрүүчүлөр ал видеолорду таба албайт.

4️⃣ Кардарга катардагы мектеп окуучусу катары мамиле кылбаӊыз. Анын сабакка дилгирлигин арттыруу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп, кызыктуу онлайн сабактарды даярдаңыз. Сабагыңыз сапаттуу болгондо, кардарлардын санына жараша кирешеңиз көбөйөт.

5️⃣ Өзүн-өзү өнүктүрүүгө убакытын бөлүп, ар тараптан издеген, кыргыз тилин жайылтууга салым кошом деген инсан болуңуз. Замандын талабын эске алып, мазмундуу жана мыкты деңгээлдеги видеолорду чыгаруу сөзсүз колуңуздан келет.

Сүрөттө: Нур-Султан шаарындагы кыргыздардын «Кут билим» жекшембилик мектебинин жаш манасчылар тобу. Жетекчиси – Д. Шаршенов.

Талант Жайлообаев, Алматыдагы кыргыз диаспорасынын атынан.

Бөлүшүү

Комментарийлер