КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ БОЮНЧА 1-ОРУНДУН ЭЭСИ

  • 29.03.2024
  • 0

Тоң районундагы Коңур — Өлөң айылынын К. Иманалиев атындагы жалпы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Адеми Кадырбаева кыргыз тили жана адабияты сабагынан республикалык олимпиадага катышып, биринчи орунду ээледи.

КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ БОЮНЧА 1-ОРУНДУН ЭЭСИ

Ал олимпиадага 9-классынан бери катышып келет. Ошол элде жылы облустук деңгээлге чейин жеткен. 10-класста республикалык олимпиага катышып, 2-орунду багындырган. Бүтүрүүчүнүн айтымында, үч жылдык эмгегинин үзүрүн көрүп, быйыл биринчиликке жетти.

КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ БОЮНЧА 1-ОРУНДУН ЭЭСИ

  • Чынында, 1-орунду алуу мага күтүүсүз болду. Жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүм жаттым эле чыканда көрүп алып башкача толкунданып, сүйүндүм. Райондук олимпиада аяктагандан кийин эле катуу даярданууга киришкем. ЖРТга, башка сабактарга карабай, көңүлүмдүн баары бир гана олимпиада болду. Негизи олимпиадада мектеп программасынын тереңдетилген формасы берилет экен.  Андыктан, биз окуган да, буга чейин тааныш болбогон да тапшырмалар келди. Көп китептерди окуп, издендим. Албетте, республикалык деңгээлдеги сынакка жалаң алдыңкы окуучулар катышат, алардан алдыга озуп чыгуу да оор эле болду.  Ийгилик дароо эле келе калбайт да, бул менин үч жылдык эмгегимдин үзүрү десем болот. Мени олимпиадага даярдаган Роза Касымбаева эжеме чоң ыраазычылык билдирем. Ата-энем да колдоо көрсөтүп, үй жумуштарынан бошотуп, бардык шарттарды түзүп берди. Ийгилик жаратуу үчүн эң бринчи кезеекте моралдык колдоо маанилүү экен. Ата-энем «кызым, сага ишенем» деп жакшы сөзүн арнап турушту, — дейт биринчи орундун ээси.

 

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер