КЫРГЫЗ ТИЛИ – УЧА ТУРГАН КАНАТЫМ, АДАБИЯТ – АЙТЫП БҮТКҮС САНАТЫМ

  • 11.10.2023
  • 0

КЫРГЫЗ ТИЛИ – УЧА ТУРГАН КАНАТЫМ,  АДАБИЯТ – АЙТЫП БҮТКҮС САНАТЫМ

Лейлек районунун Казыев Кожояр атындагы орто мектебинде Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 34 жылдыгына карата өлкө башчысы Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы”, “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын, 2021-2026-жылдары КРда Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү концепциясын жетекчиликке алуу менен 2023-жылдын 4-сентябрынан 4-октябрына чейин “Кыргыз тили – уча турган канатым, Адабият – айтып бүткүс санатым” темасында Мамлекеттик тил айлыгы жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү. 10-октябрь күнү бир айлыктын жыйынтыгы чыгарылып, сыйлоо аземи болду.

Бир айлыктын алкагында “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” аталышында дубал гезиттер, “Мекенди сүйүү – ыймандан” көркөм окуу, “Кызыктуу кыргыз тили!” оюн-зоок сынагы, “Айылыбыздын сыймыгы” видео таанытым сынагы, унутта калган улуттук оюндар боюнча “Улуттук оюндар – улуттук наркыбыз” аттуу класстык чеберчиликтер, тарбиялык сааттар, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Жеңишбек Абдиназаров, Айнура Орунбаева, Назира Саматовалар тарабынан предметтик ачык сабактар өтүлдү.

Ал эми мектептин 2-кабатындагы кичи залында “Улуттук нарк – улуттун жүзү” бурчу уюштурулуп, Тил айлыгынын ачылыш аземи болду. Ошондой эле кыргыз тили мугалимдери тарабынан Мамлекеттик тилдин колдонулуш абалы жөнүндө мектепке ички көзөмөл жүргүзүлдү. 18-сентябардан 22-сентябрга чейин улуттук кийимдерди даңазалоо жумалыгы белгиленди. Бул жумалыктын шылтоосу менен окуучулар жана мугалимдер, ата-энелер мектепке улуттук кийимдерди айкалыштырып кийиништи.

Бул иш-чаралардын уюштурулушун жана өткөрүлүшүн мектеп директору Гулзат Абдиева жогору баалап, колдоого алды. Быйылкы окуу жылында кыргыз тили мугалимдерине атайын каана бөлүп, аны “Манас таануу” каанасын уюштурууну да демилгеледи.

Мамлекеттик тилибизди даңктаган ар кандай багыттагы кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланды. Окуу бөлүмүнүн башчысы Кенжебек Амиров өз сөзүндө: “Быйылкы жылы Мамлекеттик тил айлыгы креативдүү идеялар менен бирге өзгөчө өткөрүлдү. Мектеп жамааты кыргыз тилинин статусун бекемдөөгө салым кошту. Улуттук наркка бөлөнгөн кароо-сынактардын өткөрүлүшү мактоого арзыйт. Бул айлык башка предметтик айлыктардын да жогорку деңгээлде өтүлүшүнө шык берди, дем берди. Тилибиздин көөнөрбөстүгүн, улуулугун кыргыз тили мугалимдери дагы бир ирет иш-чаралары аркылуу жүрөгүбүзгө орното алды. Кийинки предметтик айлыктардын да ушундай деңгээлде өтүшүнө тилектешмин”, — деп баса белгиледи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”,

Жеңишбек АБДИНАЗАРОВ, кыргыз тили мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер