«КЫРГЫЗ ТИЛИ — КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК ТИЛИ, УЛУТТУК МАДАНИЯТТЫН КЕНЧИ»

  • 27.09.2021
  • 0

Ушундай аталыштагы Мамлекеттик тил Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата иш-чара Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде «Кыргыз тили — кыргыз элинин улуттук тили, улуттук маданияттын кенчи» аттуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чара  “Кыргыз тил гимнин” баардык катышуучулардын аткаруусу менен башталды. Андан соң “УСТА” элдик бий ансамблинин  “Жалын бий”, “Таланттар академиясы” элдик фольклордук ансамблинин “Үч муунак” күүсү жана университеттин “Арт-Мурас” драмалык студиясынын студенттеринин майрамдык куттуктоосу менен уланды.

Куттуктоо сөзүндө университеттин ректору Абдыкалыков Акымбек мамлекеттик тилдин ролу жана анын учурдагы ээлеген орду, ошондой жаңы муун, анын ичинде студенттер өз эне тилинде таза сүйлөөнү, айрыкча коомдук угууларда, илимий иштерде диссертацияларды жазуу жана коргоо, дегеле күнүмдүк баарлашууда да кыргыз тилинде адабий тилдин ченемдерине ылайык сүйлөөнү, иш кагаздарын  мамлекеттик тилде туура жазууну студенттик күндөрдөн баштап жакшы өздөштүрүп алуу – келечекте адис катары иштөөдө оң натыйжасын берерин белгиледи.

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы Карыбекова Майрам куттуктоо сөзүндө ар бир студентти кыргыз тилинде кесиптик терминдерди мыкты өздөштүрүүгө, сабаттуу жазууга жана маданиятуу сүйлөөгө университеттеги алгачкы күндөрдөн тартып аракет кылууга  чакырды.

Куттуктоолордон кийин иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында болуп өткөн 1989-жылы 22-сентябрда мыйзамдын кабыл алынгандыгы тууралуу тарыхый видео тартууланды.

КМКТАУда Мамлекеттик тил Мыйзамынын кабыл алынгандыгына карата жыл сайын тил жумалыгы  өткөрүлүп келет. Быйылкы жумалыктын алкагында  кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, жыйынтыктары аталган иш-чаранын жүрүшүндө жарыяланып, сыйлоо аземи болду. Институттар арасында өткөн “Кыргыз тилинде окуган  мыкты лектор”  сынагында 1-орунду  транспорттогу бажы иши кафедрасынын улук окутуучусу Токталиева Асель, транспорттогу бажы иши кафедрасынын улук окутуучусу Асаналиев Таалайбек 2-орунду ээледи. Окутуучулар арасында өткөн “Кыргыз тилинде жарыяланган мыкты илимий макала” сынагында бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын окутуучулары: Мурзалиева Э.И., Бегалиева Г.Т., Асанова Г.Ш., Абдылдаева У.М.  Ардак грамота жана атайын белектер менен сыйланышты. Сабаттуу жазууга үндөө жана сабаттуу жазуу маданиятын өркүндөтүү максатын көздөгөн 1-курстар арасында «Сабаттуу жазалы» аттуу жат жазуу сынагында жеңүүчү деп ПИ-2-21 тобунун студенти Өмүрбекова Акбермет таанылды.

“Эне тилим – жан дүйнөмдүн азыгы” көркөм чыгармалардан үзүндү окуу сынагында Кадырбекова Жамийла 1-орун, (А.Токомбаевдин «Күүнүн сыры», ВВ-1-21т.с.); Өзгөнбаев Калысбек 2-орун, (Ч.Айтматов «Кайрылып куштар келгенче», (ПСК-1-21т.с.); Сүйөркул кызы Бермет 2-орун (Курманжан Датканын монологу, ХПК-1-21 т.с.); Толобекова Нуркыз 3-орун (Ч.Айтматов “Саманчынын жолу” Толгонайдын монологу, ПЗ-2-21т.с.); Асаналиева Назик 3-орун (Ч.Айтматов “Тил –улуттун тамыры” ЛС-1-21 т.с.) ээледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер