КЫРГЫЗ ТИЛИ — ИЙГИЛИКТҮҮ КЕЛЕЧЕКТИН НЕГИЗИ

  • 25.09.2026

Мамлекеттик тил күнүнө карата Инновациялык борбордо «Кыргыз тили — ийгиликтүү келечектин негизи» аталышындагы семинар өттү.

Иш-чарага Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү, Чүй облусунун райондук методикалык кабинеттеринин методисттери жана кыргыз тили мугалимдери катышты. КЫРГЫЗ ТИЛИ — ИЙГИЛИКТҮҮ КЕЛЕЧЕКТИН НЕГИЗИ

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга педагогикалык практикадагы креативдүү жана майнаптуу ыкмаларды чагылдырган мастер-класстар тартууланды. Алсак, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институтунун директору Токтомаметов А.Д. «Баалуулуктардын негизинде кыргыз тилин окутуу», институттун тренери Артыкбаева Г. Э. «Билим, көндүм,баалуулуктар балансы», методист-тренерлер Ибраимова Р.У.  «Эне тили сабактарына заманбап талаптар», Шаршембиева Д.Н. «Кыргыз тили экинчи тил сабактарында окуучулардын кебин өстүрүү», #115 мектептин англис тили мугалимдери Таалайбек уулу Афтандил жана Темирбек кызы Жылдыз «Тил сабактарында методикалык кызматташтык», #48 мектептин мугалими Байбосунова Л.С. «Баалоонун түрлөрү», Солдатбек Рысбек уулу  «Кыргыз тили сабактарында STEAM билим берүү куралдары» мастер класстарды көрсөтүштү. КЫРГЫЗ ТИЛИ — ИЙГИЛИКТҮҮ КЕЛЕЧЕКТИН НЕГИЗИ

Билим берүү уюмдарынын мугалимдери баалоонун заманбап түрлөрү, тил сабактарында STEAM куралдарын колдонуу жана методикалык кызматташтык боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Ал эми Аламүдүн районундагы Бирбулак мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Р. Сопубекова Ч. Айтматовдун «Атадан калган туяк» чыгармасы боюнча окуучулар каармандарды пластилинден жасап, үн коштоо аркылуу мультфильм даярдашкан интерактивдүү ыкманы сунуштады. КЫРГЫЗ ТИЛИ — ИЙГИЛИКТҮҮ КЕЛЕЧЕКТИН НЕГИЗИ

Иш-чарада заманбап шартта изденүү аркылуу окуучулар менен креативдүү иш алып баруунун практикалык жолдору көрсөтүлүп, катышуучуларга өзгөчө шык берди.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү