КЫРГЫЗ ТЕАТРЫНА 100 ЖЫЛ: ЭКИ ТОМДУК КИТЕПТИН БЕТ АЧАРЫ ӨТТҮ

  • 03.11.2026

2-ноябрда Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин конференц-залында кыргыз профессионал театрынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата «Кылым карыткан кыргыз театры» аталышындагы эки томдук китептин бет ачары болуп өттү. КЫРГЫЗ ТЕАТРЫНА 100 ЖЫЛ: ЭКИ ТОМДУК КИТЕПТИН БЕТ АЧАРЫ ӨТТҮ

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, маданият жана искусство тармагынын өкүлдөрү, театр ишмерлери, илимпоздор жана чыгармачыл интеллигенция катышты. КЫРГЫЗ ТЕАТРЫНА 100 ЖЫЛ: ЭКИ ТОМДУК КИТЕПТИН БЕТ АЧАРЫ ӨТТҮ

Жаңы басылмада кыргыз театрынын түптөлүү тарыхы, өнүгүү этаптары, улуттук театр искусствосунун калыптанышына зор салым кошкон инсандардын өмүрү жана чыгармачылык жолу кеңири камтылган. Китеп улуттук театр тарыхын изилдөөдө жана аны келечек муунга жеткирүүдө баа жеткис илимий-маалыматтык булак болуп саналат. КЫРГЫЗ ТЕАТРЫНА 100 ЖЫЛ: ЭКИ ТОМДУК КИТЕПТИН БЕТ АЧАРЫ ӨТТҮ

Иш-чаранын экинчи бөлүгү «Европалык үлгүдөгү кыргыз театрына 100 жыл: тарых жана заманбап өнүгүү контекстинде» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция менен уланды. Анын алкагында адистер кыргыз театрынын басып өткөн жолун, бүгүнкү абалын, өнүгүү келечегин жана эл аралык маданий байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү