КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ  ОШМУДА

  • 20.09.2022
  • 0

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев 19-сентябрда ОшМУга иш сапары менен келди. Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков менен болгон жолугушууда  Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы болуп жаткан окуяларга, шейит кеткен жарандарга терең кайгыруу менен көңүл айтарын билдирди.

КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ  ОШМУДАОшМУ менен өнөктөш окуу жай катары  билим берүү, илим, академиялык мобилдүүлүк багыттарында дайыма кызматташтыкта биргелешип иштөө, региондогу башка жогорку окуу жайлар менен да мамилелерди бекемдөө, ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошууга кызыктар экендигин айтты.

Кудайберди Кожобеков “Манас” университетин дүйнөлүк рейтингде ТОП-1000ге киргендиги менен куттуктап, учурда ОшМУнун алдында да дүйнөлүк рейтингге кирүү максаты тургандыгын, “Манас” университети менен бул багытта  тажрыйба алмашуу маанилүү экендигин билдирди. Буга чейинки болгон кызматташуулардан алган тажрыйбанын алкагында учурда ОшМУда ветеринария адистиги үчүн клиника курулуп жаткандыгын кошумчалады.

Делегация окуу жайдын алдындагы  “ОшМУ Баткен менен” штабындагы иштер менен таанышты. Андан сырткары окуу жайдын Ак-Буура кампусундагы медицина, эл аралык медицина факультеттеринде, медициналык клиникасында окуу-лабораториялар, заманбап медициналык жабдыктар, билим берүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышып, окуу жайда ишке ашып жаткан санариптик иш-аракеттер тууралуу маалымат алышты.

ОшМУ 2021-жылы  Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен  билим берүү, илим жана академиялык мобилдүүлүк тармагында ѳз ара кызматташуу боюнча келишимге кол койгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер