КЫРГЫЗ СПОРТУНУН 100 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ
- 08.04.2025
- 0
8-апрелде Бишкек шаарындагы Улуттук филармонияда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын спорт жана дене тарбиясынын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы «Кыргызстанда дене тарбия жана спортту колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат» деп баса белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстандын спортунун тарыхы кылымдарды карытып, тамыры терең экенин, муну «Манас» эпосу улуттук оюндардын сүрөттөлүшү менен тастыктап турат.
«Эгерде 1925-жылы спорт менен 800 адам машыгып турса, азыр алардын саны миллиондон ашты. Республикада спорттун 80ден ашык түрүн камтыган федерациялар бар,- деген Адылбек Касымалиев спорттун массалык түрдө бир кыйла өсүшүн баса белгиледи.
Министрлер кабинетинин башчысы спорттун жекече түрү боюнча жетишилген ийгиликтерге да токтолду.
«Күрөш – бул биздин күчтүү жагыбыз. Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин жеңиштери эгемендүүлүк жылдарындагы кыргыз спортундагы алгачкы олуттуу жеңиштердин бири болуп калды. Алардын жолун улап Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Үзүр Жусупбеков, Жоламан Шаршенбеков сыяктуу балбандардын бүтүндөй тобу түзүлдү», — деди өкмөт башчысы.
Ошондой эле жеңил атлетика спортуна токтолуп, ал марафондо Олимпиаданын коло медалын алган жалгыз советтик спортчу Сатымкул Жуманазаровдун жана бийиктикке секирүү боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылаган Игорь Паклиндин деңгээлиндеги жаңы жылдыздары чыгаарына ишенимин билдирди.
«Соңку учурда бокс боюнча да кубандырарлык окуялар болуп жатат, Азат Үсөналиев, Мунарбек Сейитбек уулу жана жаш мушкер Амантур Жумаевдин ийгиликтери оптимизмди жаратат», — деп кошумчалаган ал, даңазалуу мушкерлер Орзубек Назаров, Андрей Курнявка, Дмитрий Бивол жана башка атактуу мекендештердин эмгегин да белгиледи.
Министрлер кабинетинин башчысы кышкы спорттун инфраструктурасын өнүктүрүү, анын ичинде муз аянтчаларын жана лыжа базаларын куруу, анын ичинде «Кыргыз Куршевел» долбоору боюнча аракеттер көрүлүп жатканын, кышкы спортун келечеги бар экенин да белгиледи.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө көңүл бурулууда.
«Эгерде Греция Олимпиада оюндарынын мекени, Англия футболдун мекени, Канада хоккейдин мекени деп аталса, Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мекени катары тарыхта калат. Бул оюндардын аркасы менен элибизди, өлкөбүздү дүйнөгө тааныттык жана бул ишти улантып жатабыз», — деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.
Ал ошондой эле шахматты өнүктүрүүнүн жана квалификациялуу шахматчыларды даярдоонун маанилүүлүгүн да айтып өттү.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө спортчуларды даярдоодо машыктыруучулардын ролуна өзгөчө токтолду.
«Заманбап спорт жеке адамдардын тубаса таланттарынын таймашы эмес, бул көптөгөн муундар топтогон тажрыйба менен билимдин таймашы», — деп баса белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.
Спортко артыкчылыктуу көңүл бурулуп жатканын ырастап, министрлер кабинетинин төрагасы тармакты каржылоону көбөйтүп жатышканын да билдирди.
«Акыркы беш жылда Кыргызстанда спорт тармагын каржылоо олуттуу көбөйдү. 2020-жылы 800 миллион сомдон 2025-жылга бюджет 2,5 миллиард сомго жетти. Бул каражаттар өлкө боюнча спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган», — деди .
Ал ошондой эле бир катар негизги спорт объектилерин масштабдуу реконструкциялоо жөнүндө айтып, анын ичинде: Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион (Бишкек), Курманбек стадиону (Жалал-Абад), Спорт комплекси (Кочкор-Ата), Сүйүнбаев атындагы стадион (Ош), «Манас» спорт комплекси (Кара-Балта), Улуттук футбол академиясы (Бишкек), «Мурас Юнайтед» окуу-машыгуу базасы (Бишкек) жана башкалар бар экенин маалымдады.
«Мындан тышкары 2025-жылдын биринчи жарымында дагы 6 футболдук стадиондун курулушун бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда. Орок айылында 51 миң көрүүчүгө эсептелген, ФИФАнын стандарттарына жооп берген эл аралык класстагы стадиондун курулушуна өзгөчө көңүл бурулуп жатат», — деп белгиледи өкмөт башчысы. Ошондой эле Минкаб башчысы сергек жашоо образын колдоого өзгөчө көңүл бурду.
«Дене тарбия сергек жашоо образынын ажырагыс бөлүгү болуп, туура тамактануунун, дем алуунун, позитивдүү ой жүгүртүүнүн жана үзгүлтүксүз көнүгүүлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгилейт. Оорулардын алдын алуу артыкчылыктуу деп таанылган эл аралык тажрыйбанын контекстинде Кыргызстан массалык спортту өнүктүрүүгө умтулууда», — деп белгиледи ал.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, Адылбек Касымалиев өлкөнүн спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн спортчуларга жана машыктыруучуларга ыраазычылык билдирип, 2028-жылы Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимпиадада Кыргызстандын курама командасынын ийгиликтүү оюн көрсөтөөрүнө ишеним билдирди.
Иш-чаранын соңунда спорт жана дене тарбия тармагындагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн министрлер кабинетинин сыйлыктарын тапшыруу аземи болду.
Кыргыз спортунун 100 жылдык мааракеси менен Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев сөз сүйлөп, кыргызстандык спортчулардын ийгиликтерине машыктыруучулардын салымы да зор экенин, парламент дагы дене тарбия жана спорт тармагын колдоп жатканын баса белгилеп, спорт жана дене тарбия тармагындагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн айрым спорт ишмерлерине Жогорку Кеңештин Ардак Грамоталарын тапшырды.
Спортчулардын атынан дүйнөнүн төрт жолку жана олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев сөз сүйлөп, эгемендүүлүк алгандан бери кыргыз спортчулары өлкөбүздү дүйнөлүк аренада таанытып жатканын белгилеп, өлкө жетекчилерине ыраазычылыгын билдирди. Спорт тармагын жетектеген ишмерлерге Кыргыз спортунун 100 жылдык мааракелик медалдарын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентинин директору Айбек Абдымомунов тапшырды.
100 жылдык маараке майрамдык концерт, ыр-бийлер менен коштолду.
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер