КЫРГЫЗ СОМУНУН КЕЛЕЧЕГИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 13.05.2020
  • 0

Кыргыз-Өзбек университетинин «Инновациялык экономика» илимий борборунун демилгеси менен “Кыргыз сому: тарыхы, бүгүнкү көндөгү абалы жана келечеги” аттуу онлайн эл аралык илимий конференция болуп өттү.

КЫРГЫЗ СОМУНУН КЕЛЕЧЕГИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Ага Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлору баш болгон ири экономист-окумуштуулар, ЖОЖдордун жетекчилери жана окутуучулары катышты.

Алгач Кыргыз-Өзбек университетинин  ректору, экономика илимдеринин доктору  Райымбаев Чаткалбай Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютаны бекемдөө, баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоо саясатына, коммерциялык банктар, каржы-кредиттик ишканалардын ишмердигинин бүгүнкү күндөгү абалына кыскача токтолду.

Катышуучулар эгемендүүлүк алган постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен алгачкысы болуп Кыргызстан тобокелчиликке барып, улуттук валютасын – “сомду” кабыл алгандыгын баса белгилешип, чейрек кылым аралыгында кыргыз сомунун сатып алуу жөндөмдүүлүгү, туруктуу баанын сакталышы жөнүндө кеңири сөз кылышты.

Пленардык жыйында Өзбекстан Олий Мажлисинин депутаты, экономика илимдеринин доктору, профессор Нодир Жумаев “Пандемия шартындагы Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкынын валюта саясаты” аттуу баяндамасын жасады. Анда Өзбекстандын валюта саясаты, бүгүнкү күндөгү өзбек сумунун абалы, коңшулаш жайгашкан эки өлкөнүн улуттук валюталарын кабыл алуудагы мезгилдик шарттар, туруктуу баанын сакталышы, кыргыз сому менен өзбек сумун сатып алуу жөндөмдөрү салыштырылып, окумуштуу кыргыз сомунун артыкчылыктарын аргументтүү далилдер менен баяндап берди.

Кыргыз-Өзбек университетинин окуу департаментинин башчысы Юсупов Алишер “Каржы жана башкаруу” аттуу баяндамасында бүгүнкү күндүн шартында улуттук валютанын банктык жана төлөм системасынын ишенимдүүлүгүнүн, коопсуздугунун камсыздалышы, төлөм системаларынын эффективдүү аткарылышы жөнүндө кеңири сөз кылды.

Жыйынтыгында жети пункттан турган резолюция кабыл алынды.

Бөлүшүү

Комментарийлер