Кыргыз-Россия агрардык университеттеринин консорциумунун жыйыны өтүүдө

  • 02.10.2026

Бүгүн К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде III Кыргыз-Россия билим берүү форумунун алкагында Кыргыз-Россия агрардык университеттеринин консорциумунун жыйыны өтүп жатат. Кыргыз-Россия агрардык университеттеринин консорциумунун жыйыны өтүүдө

Жыйынга Кыргызстандын жана Россиянын агрардык жогорку окуу жайларынын жетекчилери жана өкүлдөрү, окумуштуулар, мамлекеттик органдардын жана тармактык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Кыргыз-Россия агрардык университеттеринин консорциумунун жыйыны өтүүдө

Иш-чарада консорциумдун 2025–2026-жылдардагы ишмердигинин жыйынтыктары чыгарылып, 2027–2028-жылдарга карата иш планы талкууланууда.

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Тотубаева консорциум 2024-жылы түзүлгөндөн бери агрардык билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтчага айланганын белгиледи. Кыргыз-Россия агрардык университеттеринин консорциумунун жыйыны өтүүдө

Анын айтымында, бүгүнкү күндө консорциумдун географиясы кеңейип, курамына Алтай мамлекеттик агрардык университети да кошулду. Бул агрардык жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө шарт түзөт.

Жыйында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин илимий потенциалын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер да белгиленди. Учурда университетте 13 млн сомдон ашык каражатка төрт ири мамлекеттик бюджеттик илимий тема ишке ашырылууда. Мындан тышкары, 15 долбоор 2027-жылга карата конкурстук тандоого сунушталган. Студенттердин үч стартап-долбоору гранттык колдоого ээ болгон. Кыргыз-Россия агрардык университеттеринин консорциумунун жыйыны өтүүдө

Талкуунун жүрүшүндө агрардык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илим менен өндүрүштүн байланышын бекемдөө, санариптик технологияларды киргизүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү жана эмгек рыногуна талап кылынган адистерди даярдоо маселелерине көңүл бурулду.

Ошондой эле геномдук селекция, топурактын биоинженериясы жана так дыйканчылык сыяктуу заманбап багыттар боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды. Кыргыз-Россия агрардык университеттеринин консорциумунун жыйыны өтүүдө

Жыйындын алкагында тараптардын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Бөлүшүү