КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ АТТЕСТАЦИЯЛЫК КОМИССИЯСЫНЫН 2019-ЖЫЛ ИЧИНДЕ АТКАРГАН ИШТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

  • 02.03.2020
  • 0

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын башкы окумуштуу катчысы Н. К. Атабекованын отчёттук баяндамасы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ АТТЕСТАЦИЯЛЫК КОМИССИЯСЫНЫН 2019-ЖЫЛ ИЧИНДЕ АТКАРГАН  ИШТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

Баяндама аттестациялык бөлүмдөрдүн, эксперттик жана диссертациялык кеңештердин жылдык отчётторундагы маалыматтардын негизинде даярдалды.

Отчёттук жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы аттестациялык бөлүмдөрдүн 2019-жылга карата жылдык иш пландарынын, ЖАКтын жемкорлукка каршы 2019-жылдагы иш пландарынын негизинде ишмердик жүргүздү. КР ЖАК ишмердиги жылдагыдай багыттарда ишке жүргүзүлдү:

  • жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо,
  • жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында уюштуруу-методикалык иштерди жүргүзүү
  • аттестациялоо жаатындагы жемкорлук тобокелдерди кыскартуу жана жоюу,
  • жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.

 

Илимий жана илимий-педагогикалык адистерди аттестациялоо   

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ АТТЕСТАЦИЯЛЫК КОМИССИЯСЫНЫН 2019-ЖЫЛ ИЧИНДЕ АТКАРГАН  ИШТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

КР «Илим жана илимий-техникалык саясатынын негиздери жөнүндө» мыйзамына ылайык ЖАКтын негизги функциясы – илимий жана илимий-педагогикалык адистерди аттестациялоо болгондуктан, ушул жааттагы ишмердикке көбүрөөк токтолобуз.

  1. 2019-жыл ичинде 51 диссертациялык кеңеш өз ишмердигин жүргүздү. Алардын ичинен 16 техника, физика-математикалык жана табигый илимдер боюнча, 18 медицина-биологиялык жана агрардык илимдер боюнча, 17 коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча. Диссертациялык кеӊештердин сандык көрсөткүчтөрүнүн соӊку жылдарга салыштырмалуу төмөн болуусу медициналык илимдер боюнча диссертациялык кеӊеш түзүү жөнүндө 4 өтүнүч каттын учурда каралууда болушу менен түшүндүрүлөт. Ошону менен бирге тил илимдери боюнча соӊку жылдардагыдай эки эмес бир гана диссертациялык кеӊеш түзүлүүсү да статистикага таасирин тийгизди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялаган жарлыгынын алкагында диссертациялык кеӊештер жыл ичинде бардык диссертациялык коргоону онлайн-режиминде өткөрүштү. Бул диссертацияларды коргоону ачык-айкын жүргүзүүгө өбөлгө түздү десек болот. Бирок коргоону онлайн трансляциялоодо бир катар техникалык мүчүлүштүктөргө жол берилип, так аткарылышы кээде жолго коюлбай калып жатты.

Тактап айтсак, онлайн трансляция учурунда үндөр жакшы угулбай калуусу, көрүүдө жолтоолордун болуусу, камеранын бир гана объектти (трибунаны же жалпы эле залды) көрсөтүп туруп алган учурлар байкалды.

Диссертацияларды онлайн коргоо сценарийи иштелип чыгып, диссертациялык кеӊештерге сунушталган соӊ, бир катар алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлүп, аталган мүчүлүштүктөр бир аз азайды. Ошентсе да айрым диссертациялык кеӊештер бул сценарийди жактырбай, жетекчиликке албай келсе, айрымдары техникалык жабдууларынын чабалдыгынан эскертүү алып жатышты.

Айта кетчү нерсе, диссертацияларды онлайн коргоонун графиги ар айдын башында жалпыга маалым болуусу үчүн Акипресске, фейсбукка, КР ЖАКынын расмий сайтына жайгаштырылып жаткандыгына карабастан, коргоону көрүүнү каалагандардын катары ЖАКтын кызмтакерлери менен гана чектелип калууда. Чанда гана айрым жарандар онлайн конференцияга кирип калганы болбосо, тилекке каршы, жалпы илимий коомчулуктун кайдыгер мамилесин констатациялоого туура келет. Ал тургай КР ЖАК эксперттери да онлайн коргоого анчейин маани бербей келишет.

        

2) Диссертациялык кеӊештердин сапаттык курамына келсек, жылдагыдай эле окумуштуулук даражасы бар адистер тартылган. Жалпысынан 769 окумуштуу: 635и илимдин доктору, алардын ичинен КР УИАнын 18 академиги, 31 мүчө-корреспонденти, ошондой эле 134 илимдин кандидаты кеңештердин ишине тартылган. Отчёттук жыл ичинде 77 чет өлкөлүк окумуштуу диссертациялык кеӊештердин мүчөсү болду, алар Казахстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия мамлекеттеринин жарандары. Айта кетчү нерсе, алардын отурумдарга келүүсүнүн зарылчылыгы жок, отурумдарга онлайн режиминде катышуусуна жол берилген. Бул изденүүчүлөрдүн капчыгына пайда катары баалоого болот. Бирок айрым диссертациялык кеӊештердин чет өлкөлүк мүчөлөрү бардык диссертацияларды коргоого такай келип туруусу да жок эмес. Алардын жол киреси, түнөөр жери, тамак-ашы дагы деле изденүүчүлөргө жүктөлүп калгандай туюлат. Анткени бул каражаттар диссертацияны коргоону уюштурууда сарпталуучу каражаттардын калькуляциясында каралган эмес. Диссертациялык кеӊештердин уюштуруучу ЖОЖдор менен ИИМдерде да, албетте, мындай каражат каралган эмес.

3) Отчёттук жыл ичинде диссертацияны коргоонун негизинде 284 изденүүчүгө окумуштуулук даража берилди, алардын 55и илимдин доктору, 229у илимдин кандидаты. Статистика көрсөтүп тургандай, отчёттук жыл ичинде докторлук даражанын берилүүсү мурунку жылга салыштырганда 6 көрсөткүчкө көбөйдү, ал эми кандидаттык даражаны берүү 39 көрсөткүчкө азайды. Алдыӊкы сапта экономика жана юридика илимдери. Баса Белгилей кетсек, техника, физика-математика жана табигый илимдер менен медицина-биологиялык жана агрардык илимдерди кошо эсептегенде да, коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча берилген окумуштуулук даражанын санына жетпейт. Бул өлкөбүздө негизинен коомдук-гуманитардык чөйрөнү иликтөө колго алынып, башка тармактардын өнүгүүсүнө илимдин таасири азыраак болуп жатканын кабарлайт. Албетте, буга илим изилдөөгө зарыл болгон материалдык-техникалык базанын чабалдыгы, каражаттын аздыгы себеп болууда, анткени базис надстройканы аныктайт деген философиялык тыянак жалпыга белгилүү. А бирок өлкөбүздүн чынында ар тараптуу өнүгүүсүн кааласак, табигый, техника илимдерине басым жасалуусу абзел.

Диссертациялардын даярдалуу ордуна келсек, соӊку жылдардагыдай эле академиялык илимдин өнүгүүсү, диссертациялардын көбүнесе ЖОЖдордо даярдалуу тенденциясы сакталууда: 284 изденүүчүнүн ичинен 228и диссертациясын ЖОЖдо, 56сы ИИМде даярдаган. Жалпысынан диссертациялардын 80% ЖОЖдо даярдалган.

Окумуштуулук даражаларды алгандардын диссертациясын докторантурада даярдагандарынын саны — 7, аспирантурада даярдагандарынын саны — 76, изденүүчү катары даярдагандарынын саны — 198.

Статистика көрсөтүп тургандай, диссертациялардын басымдуу бөлүгү изденүүчүлүк институтунда аткарылган. КР ЖАКынын соӊку жылдары киргизген талабына ылайык, кандидаттык диссертацияны аспирантураны аяктагандар гана, ал эми изденүүчү катары ИИМдердин 3 жылдан кем эмес иш стажы бар штаттык илимий кызматкерлер коргоого кое алат. Бул диссертациялык иштердин даярдалуу сапатын жогорулатуу максатында бекитилген укук ченеми, бирок окумуштуулук даражасын алгандардын көбү ушул ченем укуктук актыларга киргизиле элек убакта темасын бекиткендиктен, бул талаптан сырткары болууда. Бара-бара изденүүчүлөрдүн саны азаюусу мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык 2009-2016-жылдары аспирантурада окугандардын саны техника, экономика, филология илимдери боюнча эӊ көп болгон болсо, 2016-жылдан бери экономика илимдери боюнча тенденция сакталып, ал эми техника, филология илимдери боюнча аспирантурада окугандардын саны бир кыйла төмөндөгөн. Ошол эле мезгилде медицина илимдери боюнча окугандардын саны дээрлик эки эсе, юридика илимдери боюнча бир жарым эсе жогорулаган.

Өлкөбүз үчүн маанилүү тармак болуп эсептелген айыл чарба илимдери боюнча аспирантурада окугандардын саны акыркы он жылда эки эсе көбөйгөнү менен, башкаларга салыштырмалуу аз бойдон кала берүүдө.

Ветеринария илимдери боюнча аспиранттардын саны бир кыйла арбын болсо, акыркы жылдары бирин-серин эле болуп калды, ал эми фармация, архитектура илимдери боюнча аспирантурада окугандар такыр эле жок. Казанда болсо чөмүчкө чыгат дегендей, окумуштуулук даражалардын берилүүсү аспирантурада окугандардын сандык көрсөткүчтөрүнө түз пропорциялуу экендиги көрүнүп турат.

 

Аспиранттардын тармактар боюнча саны

 

П№200920102011201220132014201520162017
Тармактар
Техника238245305343294278266197218
Медицина168162151143183200264365474
Экономика339319353386346284277285306
Филология360290293321284215219239221
Юридика179184200203200222244295320
Айыл чарба192732345232322644
Ветеринария467010530322

 

Автор тарабынан http://www.stat.kg/media/publicationarchive/e92fa220-6092-4b80-ab66-9941553f73e3.pdf, http://www.stat.kg/media/publicationarchive/96f08785-4102-4037-9650-bfe7315eaa68.pdf маалыматтарга таянып түзүлдү.

 

Докторантурада окугандардын жалпы саны чукул өзгөрүүгө көп дуушар болгон эмес. Бирок соӊку жылдары медицина, экономика илимдери боюнча докторантурада окугандардын саны 2-3 эсе, филология илимдери боюнча 7 эсе көбөйгөн.

Ал эми айыл чарба, ветеринария илимдери боюнча чанда гана докторант кездешери бул жааттагы илимдин өнүгүүсүнө кедергисин тийгизиши мүмкүн.

 

Докторанттардын тармактар боюнча саны

 

П№200920102011201220132014201520162017
Тармактар
Техника77111810119119
Медицина71321203341353224
Экономика14151671625222625
Филология3581129131821
Юридика44435552
Айыл чарба3
Ветеринария2

 

Автор тарабынан http://www.stat.kg/media/publicationarchive/e92fa220-6092-4b80-ab66-9941553f73e3.pdf, http://www.stat.kg/media/publicationarchive/96f08785-4102-4037-9650-bfe7315eaa68.pdf маалыматтарга таянып түзүлдү.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ АТТЕСТАЦИЯЛЫК КОМИССИЯСЫНЫН 2019-ЖЫЛ ИЧИНДЕ АТКАРГАН  ИШТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

Диссертациялардын темаларын иликтегенде, алардын 42си улуттук өнүгүү стратегиялары, мамлекеттик программалардын алкагында, 97си ЖОЖдордун жана ИИМдердин бекитилген илими изилдөө тематикасына ылайык, 90у демилгелүү нукта даярдалганын аныктадык. Албетте, соӊку жылдарда диссертациялардын темасы көбүнчө демилгелүү болуп бекитилүүсүн биз сындап келгендиктенби, мекемелердин илим изилдөө тематикасына ылайык жана мамлекеттик программалар, улуттук стратегиялардын алкагында аткрылган иштердин саны бир кыйла өсүүсүн сандык көрсөткүчтөр көрсөтүп турат. Бирок диссертация чынында эле ушул мамлекеттик программалар, улуттук стратегиялардын алкагында аткарылуусу кандайдыр бир документ менен тастыкталабы? Чынында эле диссертациялардын илимий натыйжалары ошол программа, стратегиялардын иш жүзүнө ашырылуусуна өбөлгө түздүбү деген суроолор калууда. ЖАКтын тажрыйбасына мына ушуну иликтөөнү колго алууну киргизсек, теориянын практикада колдонулуп жатканын же болбосо фикцияга жол берилип жатканын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

        

         4) Техника, физика-математика жана табигый илимдер боюнча жалпысынан 16 диссертациялык кеңеш 47 адистиктен диссертацияларды коргоого укуктуу болгон:

— физика-математика илимдеринин доктору, кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертацияларды коргоо үчүн 4 диссертациялык кеңеш (9 адистик боюнча),

         — информатика жана энергетика илимдери боюнча 3 диссертациялык кеңеш (8 адистик)

— техника илимдери боюнча – 6 диссертациялык кеңеш (22 адистик)

— геология-минералдык жана география илимдери боюнча 3 диссертациялык кеңеш (8 адистик боюнча ) түзүлгөн.

2019-жыл ичинде Техника, физика-математика жана табигый илимдер жогоруда аталган багыттары боюнча диссертациянын жазылуусу жана корголуусунун негизинде 45 изденүүчүгө окумуштуулук даража ыйгарылган. Алардын ичинде илимдин 8 доктору, 37 илимдин кандидаты окумуштуулук даражалары. Алардын илимдин тармактары боюнча бөлүнүшүн айтсак:

  • физика-математика илимдеринен: 1 илимдин доктору, 12 илимдин кандидаты;
  • техника илимдеринен: 2 илимдин доктору, 12 илимдин кандидаты;
  • жер жөнүндөгү илимдерден: 4 илимдин доктору, 6 илимдин кандидаты;
  • информатика жана энергетикадан: 1 илимдин доктору, 7 илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы берилген.

Окумуштуулук даражаны алуу үчүн жазылган диссертациялардын жарымынан көбү КР ЖАКынын эксперттери тарабынан жогорку деӊгээлде деп бааланса, калганы орто деӊгээлде деп бааланган. Дээрлик бардык диссертациялардын илимий тыянактары өндүрүшкө киргизилгендиги жөнүндө айтылган.

Илимдин аталган багыттары боюнча түзүлгөн диссертациялык кеӊештер жылдык отчётторунда бир катар сунуштарды беришкен. Алардын ичинде:

  • Диссертациялык кеӊештердин ишмердигин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды топтоштуруу зарылдыгы;
  • Укуктук ченемди бир түрдүү түшүнүү үчүн Диссертациялык кеӊеш жөнүндө жобонун 72-пунктуна “расмий оппоненттер ар башка мекемеден болуусу абзел” деген тактоону киргизүү керектиги;
  • Диссертациялык иштин темасын, адистигин кайра бекитүүнүн шарттарын карап чыгуу зарылдыгы;
  • Мыкты диссертацияны тандоо үчүн критерийлерди иштеп чыгып, баллдык системаны кийирүү керектиги;
  • Диссертацияны алдын ала экспертизалоону кийирүү зарылдыгы, терс корутунду болсо, кайра иштеп келүүгө 6 айдан кем эмес убакыт берүү абзелдиги;
  • Илимий жетекчилердин жана диссертация аткарылган мекеменин түзүмдүк бөлүмүнүн жоопкерчилигин күчөтүү керектиги жөнүндө белгилешкен.

 

“Электрондук ЖАК” эмнелерди көрсөтүүдө?

 

Ошону менен бирге фундаменталдык илимдерге изденүүчүлөр азыраак тартылганы, техникалык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жеӊилирээк жолду тандап, илим жаратууда экономика, социалдык-гуманитардык багыттарды тандап алып жатканын айтышкан. Биз жогоруда аспирантура, докторантура боюнча берген маалымат да ушул тыянакты далилдейт.

Техника, табигый илимдер боюнча диссертациялык кеӊешке тартуу үчүн ата мекендик докторлордун аз санда болуусу чет мамлекеттик окумуштууларды тартуу зарылдыгын шарттап жатканын, ата мекендик окумуштуулардын жаш курагы жогору болуп баратканын, орточо жашы 67-68 экенин тынчсыздануу менен баса белгилешкен. Бул аталган тармактагы илимди өнүктүрүүгө өзгөчө мамиле жасап, аны өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүгө көӊүл буруу абзел экенин маалымдайт.

Айрым диссертациялык кеӊештер ченемдик укуктук актылардын соӊку жылдарда мыктылануусу, «Электрондук ЖАК» системасынын ишке кирүүсү менен уюштуруу иштери, электрондук кезекти ишке ашыруу, изденүүчү менен иштөө жеӊилдеп калганын, анын документтерин сайтка жайгаштырууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн белгилесе, айрымдары IT технологиялардын кирүүсү менен техникалык жабдуулардын чабалдыгынан, жоктугунан кээ бир кыйынчылыктар жаралып жатканын белгилешкен.

Ошону менен бирге, биз мурунку жылдары белгилеп кеткендей, айрым адистиктер боюнча диссертациялар аз же такыр эле жакталбай жаткандыгы, ал адистик боюнча илимий кадрлардын (докторлордун) жоктугу, изилдөөлөр, эксперименттерди жүргүзүү атайын жабдуулар талап кылынары, андай жабдуулар Кыргызстанда эскилиги жетип калгандыгы же такыр жоктугу чет мамлекеттерге барууга мажбурлап, бул болсо кошумча акча каражаттарын талап кылуусу менен шартталганы көйгөй бойдон кала берүүдө.

Каралып жаткан тармактар боюнча окумуштуулук даража алгандардын саны техника илимдери боюнча 14, физика-математика илимдери боюнча 13 болуп алдыӊкы орунда болду. Соӊку жылдардагыдай эле физика-математика илимдери боюнча 01.01.02-дифференциалдык теӊдемелер адистиги боюнча диссертацияны коргоп, даража алуу биринчиликти берген жок: жалпы 13төн 7өө 01.01.02-дифференциалдык теӊдемелер адистиги боюнча болгон.

Техника илимдери боюнча акыркы жылдары диссертация даярдалбай калган 05.23.20 – архитектуранын теориясы, тарыхый архитектуралык мурастарды реставрациялоо жана реконструкциялоо адистиги боюнча 2 илимдин доктору окумуштуулук даражасы берилди.

05.05.04 жол, курулуш жана көтөргүч трнаспорттук машиналар адистигинен былтыр илимдин 3 кандиадаты чыккан болсо, быйыл дагы илимдин 4 кандидаты кошулду. 05.02.18 – механизмдердин жана машиналардын теориясы адистигинен 4, 05.23.17 — курулуш механикасы адистигинен, 05.23.05 — курулуш материалдары жана буюмдары адистигинен бирден илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы берилди. Ушуну менен техника илимдеринде башка кыймыл болгон жок. Арийне, адистердин илимге умтулуусу сейрек болгону, мамлекеттин бул тармактын өнүгүүсүн өзүнө коюп койгону, албетте, келечекте өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кедергисин тийгизбей койбойт. Илим жана техниканын өнүгүүсү, анын натыйжаларынын өндүрүшкө киргизилүүсү Кыргызстандын дүйнөлүк аренада алган ордун шарттайт. Андыктан бул тармактагы илимдерди расмий түрдө өлкөбүздөгү илимдин негизги стратегиялык багыттарынын бири катары белгилеп, анын өнүгүп-өсүшүн колго алаар убак келди деп эсептейбиз.

Жыл ичинде 22 адистик боюнча бир да коргоо болгон эмес:

Физика-математика илимдери боюнча:

01.04.05 – оптика;

01.04.14- жылуулук физикасы жана теориялык теплотехника;

Информатика жана энергетика боюнча:

05.13.01–системдүү анализ, маалыматты башкаруу жана кайра иштетүү

05.13.05-эсептөө техникасынын жана башкаруу системаларынын элементтери жана түзмөктөрү;

Техника илимдери боюнча:

05.02.08 – машина куруу технологиясы;

05.05.03 – дөңгөлөктүү жана каз таман машиналар (автомобилдер жана тракторлор);

05.05.06 – тоо машиналары,

05.17.06 — полимерлерди жана композиттерди кайра иштетүү технологиясы

05.23.17 – курулуш механикасы

05.20.02 – айыл чарбасындагы электронтехнология жана электрожабдуулар

05.23.01 — курулуш жасалмалар жана имараттар

05.23.03 – жылуулук менен камсыздоо, желдетүү, абаны кондиционирлөө, газ менен камсыздоо жана жарыктандыруу,

05.23.07 – гидротехникалык курулуш,

05.23.08 – өндүрүштүк жана жарандык курулуштун технологиясы жана уюштурулушу

05.23.01 – курулуш конструкциялары, имараттар жана курулмалар адистигинен

05.23.21 — имараттардын жана курулмалардын архитектурасы,

Жер жөнүндө илимдер боюнча:

25.00.01 — жалпы жана регионалдык геология,

25.00.08 — инженердик геология, тоӊдурма таануу жана кыртыш таануу,

25.00.10 – геофизика, геофизика пайдалуу ресурстарды издөө усулдары,

25.00.11 – геология, катуу пайдалуу кендерди издөө жана чалгындоо, минерагения

25.00.22 – геотехнология (жер алдында, ачык),

25.00.30 – метеорология, климатология, агрометеорология,

Бул адистиктердин айрымдары боюнча акыркы жылдары такыр эле диссертация даярдалбай келет.        

 

ЖОЖ казаны жана илим чөмүчү

 

      Былтыркы жылдагы отчётубузда белгилегендей, геология, тоо илимдери жана география боюнча эксперттик кеңештин жылдык отчётунда Кыргызстанда Жер жөнүндө илимдер жоголуп баратканы жөнүндө кооптонуусун айттык эле. Быйыл да бул маселе көтөрүлүп, бул жааттагы илим жана өндүрүштүн өнүгүүсүнө өлкө башчыларынын көӊүл буруусу зарыл экендиги белгиленген.

Ошону менен бирге, биздин оюбузча, диссертациялык кеӊештерди тигил же бул адистик боюнча ачууну сунуштагандан мурда, биринчиден, ошол жаатта илимий иштер жүргүзүлүп жатуусун мониторингдеп, аспирантура, докторантурада окугандарды, изденүүчүлөрдү илим жана аспирантура бөлүмдөрү аркылуу сурамжылап, изилдөөлөрүнүн темптери менен таанышкандан кийин гана ЖАКка кат жолдогон туура болмок. Анткени суроо-талапка ылайык сунуштун болуусу рынок экономикасы шартында мыйзам ченемдүү көрүнүш болуш керек. Экинчиден, казанда болсо, чөмүчкө чыгат дегендей, илимий эмгектин жаралуусу үчүн Кыргызстанды өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган адистиктер боюнча адистерди ЖОЖдон кийинки кесиптик билим алууга тартууну колго алуу зарыл.

Сыпатталып жаткан тармактар боюнча акыркы 10 жыл ичинде окумуштуулук даражалардын берилүүсүнө көӊүлүӊүздөрдү бургубуз келет. Мурунку жылы докторлук диссертацияларды коргоп даража алуу кескин азайган болсо, былтыркы жылы кайра сандык көрсөткүчү өскөн: 2019-ж. — 8, 2018-ж. – 4. Негизи 2013-2015-жылдары докторлук даражаны алгандардын саны бир кыйла өсүштү көрсөтсө, акыркы жылдары 2010, 2011-жылдардагы көрсөткүчтөргө жакындап калды: 2010-ж. — 5, 2011-ж. – 7, 2012-ж – 9, 2013- ж. -13, 2014-ж. – 13, 2015-ж. – 17 болсо, 2016-ж. — 8, 2017-ж. – 9, 2018-ж. – 4, 2019-ж. – 8.

Кандидаттык диссертациялардын саны 2012, 2013-жылдары бир кыйла өскөн болсо, 2015-жылдан баштап улам азаюу тенденциясы байкалууда: 2010-35, 2011-ж. – 21, 2012-ж. — 65, 2013-ж. — 62, 2014-ж. – 50, 2015-ж. – 48, 2016-ж. — 50, 2017-ж. – 47, 2018-ж. – 46, 2019-ж. — 37.

2015-жылдан бери бул тармактарда илимий иштердин солгундап кеткенин статистика айкын көрсөтүп турат. Аталган тармактагы илимдерди өнүктүрүү зарылдыгы айдан ачык. Албетте, окумуштуулук даражанын санынын өсүшү илимдин өнүгүүсүнүн бирден бир көрсөткүчү боло албайт, бирок кантсе да анын өнүгүүсүнө таасир этет деп ишенебиз.

     

      Медицина-биологиялык жана агрардык илимдер боюнча 2019-жыл ичинде 18 диссертациялык кеңеш 56 адистиктен диссертацияларды коргоого кабыл алууга укуктуу болгон:

— медицина илимдери боюнча 12 диссертациялык кеңеш (34 адистик боюнча),

— айыл чарба илимдери боюнча 2 диссертациялык кеңеш (7 адистик боюнча),

— ветеринария илимдери боюнча 2 диссертациялык кеңеш (4 адистик боюнча),

— биология илимдери боюнча 2 диссертациялык кеңеш (8 адистик боюнча)

— химия илимдери боюнча 1 диссертациялык кеӊеш (3 адистик боюнча)

 

Отчёттук жылда 58 окумуштуулук даража ыйгарылган, анын ичинде 12си илимдин доктору, 46сы – илимдин кандидаты.

Адаттагыдай эле сандык жактан медицина илимдери көпчүлүктү түзөт. Бул бир жагынан медиктердин активдүүлүгү менен, экинчи жагынан медицина боюнча диссертациялык кеӊештердин санынын басымдуулугу менен түшүндүрүлөт. Бир дагы илим тармагынан медицина илиминдегидей адистиктин саны каралган эмес. Бирок ошол эле мезгилде актуалдуу деп эсептелген бир катар адистиктен жыл ичинде бир да коргоо болбой, окумуштуулук даража ыйгарылган эмес.

2019-жыл ичинде медицина илимдери боюнча 39 окумуштуу даража, анын ичинде 9 м.и.д., 30 м.и.к. окумуштуулук даражалары ыйгарылган. Медицина боюнча 14.01.17 — хирургия, 14.01.15 — травматология жана ортопедия адистиктери боюнча эӊ көп даража ыйгарылган:

14.01.17 – хирургия – 7, анын ичинде 4 м.и.д., 3 м.и.к.,

14.01.15 — травматология жана ортопедия — 7, анын ичинде 7 м.и.к.

Ошону менен катар төмөнкү медициналык адистиктер боюнча окумуштуулук даража ыйгарылган:

14.02.03 – коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо — 4, анын ичинде 1 м.и.д., 3 м.и.к.,

14.01.01 — акушердик жана гинекология – 3 м.и.к.,

14.01.19 — балдар хирургиясы – 3 м.и.к.,

14.01 — урология — 3, анын ичинде 1 м.и.д., 2 м.и.к.

Учурда КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан медицина илиминин стратегиялык багыттарын аныктоо боюнча маселе көтөрүлүп жатканы белгилүү. Бул документ бекитилсе, элибиздин саламаттыгын сактоо маселелери концептуалдык түрдө иликтенип, олуттуу көйгөлөр чечилүүсүнө өбөлгө түзүлөт деген ишеничтебиз.

Жыл ичинде биология илимдери боюнча 7 окумуштуулук даража, анын ичинде 1 илимдин доктору, 6 илимдин кандидаты бекиди. Бул тармактагы илимде экология маселелери колго алынып, бийик тоолуу жана ультра көк нурларынын таасири, Майлуу-Суудагы урандуу жер кыртышын экологиялык-биохимиялык баалоо, Ысык-Көлдүн айланасындагы жер кыртышын экологиялык радиобиологиялык баалоо, Баткен өрүгүн оорулардан жана курттардан коргоо, өндүрүштөрдүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасири сыяктуу актуалдуу маселелер иликтенген.

Айыл чарба илимдери боюнча 4, анын ичинде 2 докторлук, 2 кандидаттык даража ыйгарылган. Кыргызстанда азык түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл-чарба продукциясынын кирешелүүлүгүн жогорулатуу маселелери иликтенген. Өлкөбүздө биринчи жолу өндүрүштүн бир нече багыттарын өнүктүрүү боюнча маанилүү тыянактар чыгарылып, айыл чарба өсүмдүктөрү: нокот, жер жаӊгак, кант кызылчасы, буурчак боюнча илимий иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Кыргызстанда биринчи жолу алманын жапайы жана айрым маданий сортторунун эколого-биологиялык жана физиологиялык-биологиялык өзгөчөлүктөрү комлекстүү баалоого алынган.

Отчёттук жыл ичинде ветеринария илимдери боюнча бир гана иш бекитилген, бирок ал Кыргызстан үчүн маанилүү болгон маселени иликтөөгө арналган. Анда Кыргызстанда мал чарбачылыгында кездешкен мителерден дарылоонун эффективдүү жолдору аныкталган.

Айыл-чарба, ветеринария илимдери боюнча да илимди жандандыруу маселелери айыл чарба адистерин аспирантура, докторантурага тартуу зарылдыгы менен байланышкан. Биз баяндаманын башында белгилеп кеткендей, бул адистиктер боюнча ЖОЖдон киийнки билим алууну жолго коюу өлкө үчүн зор пайдасы бар илимий изилдөө иштеринин жүргүзүлүшүн шарттайт деп ойлойбуз.

 

“Эс алуудагы” адистиктер

 

Каралып жаткан тармактардын айрым адистиктери боюнча (33) отчёттук жыл ичинде бир да диссертация корголгон эмес:

— медицина илимдери боюнча 22 адистиктен: 14.01.03 – кулак, тамак жана мурун оорулары, 14.01.04 – ички оорулар, 14.01.11 – нерв оорулары, 14.01.05 – кардиология, 14.01.26 – жүрөк-кан тамырлар хирургиясы, 14.01.20 -анестезиология жана реаниматология, 14.04.01 – дарыларды алуу технологиясы, 14.01.02 – эндокринология, 14.04.03 – фармация ишин уюштуруу, 14.01.09 – инфекциялык оорулар, 14.03.09 – клиникалык иммунология, аллергология 14.01.07 – көз оорулары, 14.03.11 – кайра калыбына келтирүү, спорт медицинасы, дарылоочу физкульутра, курортология жана физиотерапия, 14.01.16 – фтизиатрия 14.03.09– клиникалык иммунология, аллергология, 03.03.04 – клеткалык биология, цитология, гистология, 14.03.01–кишинин анатомиясы, 14.03.02 – патологиялык анатомия, 03.03.01-физиология, 03.03.04-клеткалык биология, цитология, гистология. Бул адистиктердин айрымдары боюнча диссертация корголбогону жөнүндө соӊку жылдардагы отчёттордо да маалымдалган болчу. Белгилей кетсек, акыркы жылдары 14.01.12 – онкология, 14.01.13 – нур диагностикасы, нур терапиясы адистиктери боюнча диссертациялык кеӊешетин жоктугунан коргоо болбой келген эле, 2019-жылы диссертациялык кеӊеш ачылды. Эми бул адистиктер боюнча илим изилдөө иштери жанданып, илимий натыйжалар бул жааттагы көйгөйгөлрдү чечүүгө салымын кошот деп ишенгибиз келет.

— биология илимдери боюнча 7 адистиктен: 03.01.04 — биохимия, 03.02.07 — генетика, 03.03.01 — физиология, 03.02.08 – экология, 03.02.05 – энтомология, 03.02.11 – паразитология, 03.02.13 — топурак таануу;

— айыл чарба илимдери боюнча 2 адистиктен:   03.02.13 — топурак таануу, 06.01.04-агрохимия;

— химия илимдери боюнча 2 адистиктен: 02.00.03 – органикалык химия, 02.00.04 – физикалык химия.

Акыркы он жылдык ичинде бул тармактарда диссертациянын коргоонун негизинде окумуштуулук даража берүүнүн сандык көрсөткүчтөрүнө көӊүл бурсак, даража берүү амплитудасы бирде өйдө, бирде ылдый болгону көрүнүп турат. Докторлук даражаларды берүү 2010-жылдан 2015-жылга чейин өсүп, эӊ жогорку көрсөткүчү 2015-жылы болгон болсо, андан бери улам азаюу тенденциясы байкалууда.

Кандидаттык даражаларды берүү 2015-жылдан баштап төмөндөп, 2018-жылы гана бир аз жогорулаган болсо, отчёттук жыл ичинде дагы бир кыйла азаюусу байкалды.

Жалпысынан алганда, биз сыпаттаган техника, табигый, агрардык илимдер боюнча илим изилдөө иштеринин бир кыйла солгундап кетүүсү кейиштүү жана мамлекет менен илимий коомчулуктун бул жааттагы көйгөлөрдү чечүүгө жоопкерчиликтүү мамиле жасоосун талап кылат. Шакиртсиз окумуштуу — мөмөсүз дарак сыяктуу дегендей, ата мекендик окумуштуулар өзүнөн кийинки татыктуу жана сабаттуу муунду тарбиялоого көӊүл бурушса, мамлекет тарабынан болсо илимдин артыкчылыктуу, стратегиялык маанидеги багыттары расмий белгиленип, мамлекеттик колдоого алынса, өлкөбүздө бул багыттардагы илимдин өнүгүүсүнө жакшы шарт түзүлмөк. Бул өз кезегинде мамлекеттин саясий-экономикалык өсүү темптерин, албетте, тездетүүгө өбөлгө түзмөк.

 

Коомдук  жана гуманитардык илимдер боюнча отчёттук жыл ичинде

17 диссертациялык кеңеш 40 адистик боюнча диссертацияларды коргоону уюштурду.

— педагогика илимдери боюнча — 3 диссертациялык кеңеш (5 адистик боюнча, анын 1и тармактар боюнча),

— тарых илимдери боюнча 2 диссертациялык кеңеш (5 адистик боюнча),

— философия, культурология жана искусство таануу илимдери боюнча – 1 (5 адистик боюнча)

— укук илимдери боюнча – 4 (10 адистик боюнча)

— тил жана адабият илимдери боюнча — 2 диссертациялык кеңеш (8 адистик боюнча),

— экономика илимдери боюнча 4 диссертациялык кеңеш (5 адистик боюнча, анын 1и тармактар боюнча),

— саясий илимдер жана социология илимдери боюнча 1 диссертациялык кеңеш (2 адистик боюнча).

 

Экономисттер алдыда, бирок…

 

2019-жыл ичинде 181 окумуштуулук даража ыйгарылган, алардын ичинен 35и илимдин доктору, 146сы илимдин кандидаты.

Отчёттук жылы бул багыттагы илим тармактарында соӊку жылдардагыдай эле биринчи орунду экономика илимдери ээледи. Экономика илимдери боюнча 4 диссертациялык кеңеште 5 адистик боюнча коргоо уюштурулуп, бир жагынан изденүүчүлөргө диссертациялык кеӊешти тандоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок экинчи жагынан бир-эки эле адистиктен илимий иштердин жаралып, экономика илиминин башка тармактары, башка багыттары көмүскөдө калып калуусун шарттады. Көйгөдү чечүү үчүн, биринчиден, диссертациялык кеӊешти ачуу жөнүндө ЖОЖдор менен ИИМдердин өтүнүч каты чындыгында зарыл болгон адистиктер боюнча гана берилүүсү күтүлөт. Экинчиден, 08.00.05 – экономика жана эл чарбасын башкаруу адистигинин паспортун карап чыгып, изилдөө объектисин экономикалык системанын масштабы, деӊгээлине жараша, же изилдөө областынын тармактар боюнча бөлүнүүсүнө жараша карап чыгып, балким, адистиктин паспортун экиге же үчкө бөлүп, кайра бекитүү зарылчылыгын карап чыгуу керек. Анткени аталган адистик боюнча сандык көрсөткүчтөр жогору болгону менен экономикалык эффектти тармактар боюнча иликтөөгө келгенде, иликтөөлөрдүн жетишсиздиги байкалат.

Андан кийинки орунда юридика илимдери жана бир топ төмөнүрөөк көрсөткүчтөр менен филология жана педагогика илимдери болду. Мурунку жылы филология илимдери боюнча докторлук даражанын берилүүсү биринчи орунда болсо, отчёттук жылда экономика илимдери биринчиликке чыкты.

Жылдын өзгөчөлүгү — философия жаатындагы илимдерден такыр диссертация корголуп бекибегени болду. Бул диссертациялык кеӊеш апрелде бекип, диссертациялар кеӊеште узак каралып, коргоо уюштурулуп, бирок диссертациялар ЖАК тарабынан кароодон өтө электигине байланыштуу болду. Сапаттуу илимий эмгектер жаралуусу үчүн алардын узак убакыт диссертациялык кеӊеште каралуусу туурадай туюлат.

Экономика илимдери боюнча диссертациялардын тематикасы отчёттук жыл ичинде мамлекеттик курулуштун өнүүсүнө салым кошо турган илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн айгинелейт. Анда өлкөбүздөгү актуалдуу көгөйлөрдү жоюуга экономикалык жактан баа берилиши, алардын тиешелүү деӊгээлде чечилүүсүнө өбөлгө түзүп, мамлекеттик бийлик органдарынын көӊүл чордонундагы маселелерди чечүүгө өз салымын кошууга багытталган. Тактап айтсак,

— өлкөбүзүн экономикалык коопсуздугун камсыздоодо жана транзиттик экономика шартында өнүгүүсүндө коррупцияга каршы ишмердикти өркүндөтүү маселелери (Саякбаев Т.Дж. «Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыздоонун шарты катары коррупцияга каршы механизмдерди өнүктүрүү», Насыров А.Т. «Кыргыз Республикасынын транзиттик экономикасы шарттарында коррупцияга каршы ишмердикти мамлекеттик жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү»),

— Кыргызстандагы курулуш индустриясына инвестициялоонун каржы маселелери (Шербекова А.А. «Кыргыз Республикасынын курулуш индустриясынын инвестициялык стратегиясын финансылык жөнгө салуу»),

— билим берүү уюмдарын (Есеналиева Б.Б. «Кыргызстанда билим берүү уюмдарын каржылоо: теориясы, практикасы, көйгөйлөрү жана келечеги») жана саламаттыкты сактоо тармагын каржылоо маселелери (Акылбекова Н.И. «Калктын саламаттыгын сактоо жана аны каржылоонун статистикалык талдоосу»),

— айыл чарба өндүрүшүнүн, кайра иштетүү өндүрүшүнүн атаандаштыкка туруктуулугун камсыздоо маселелери (Барфиев К.Х. «Айыл чарба өндүрүшүнүн атаандаштыкка туруктуулугу жана анын эсеп-аналитикалык негиздери: теория, методология, уюштуруу (Тажикстан Республикасынын материалдарында)», «Кайра иштетүү өндүрүшүнүн өнүгүү жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу көйгөйлөрү (Кыргыз Республикасынын мисалында)») ж.б. көйгөлөрдү чечүү экономикалык аспектиде иликтөөгө алынган. Белгилей кетсек, экономика илимдери боюнча көпчүлүк диссертациялардын илимий натыйжаларын өндүрүшкө киргизүү актыларынын болуусунан улам, илимий изилдөөлөр өлкөбүздүн экономикалык абалын түзөп кетүүгө багыт алды деп ишенгибиз келет.

Юридика илимдери боюнча диссертацияларда учурда актуалдуу деп эсептелинген бир катар көйгөйлөр иликтөөгө алынган. Алардын бирин гана белгилеп кетели – бул коррупция менен күрөшүү жаатындагы изилдөөлөр. Анда коррупцияга каршы аракеттердин ички иштер органдарынын ишмердигинде, коммерциялык жана башка мекемелерде, Кыргыз жана Казак республикаларында укуктук жөнгө салынуусу, о.э. опузалап талап кылуу менен күрөшүүнүн кылмыш-жаза-укуктук чаралары иликтөөгө алынган (Мырзабаев М. «Мамлекеттин коррупцияга каршы саясаты жана анын ички иштер органдарынын ишмердигинде жүзөгө ашышы», Абылкасымов А. Е. «Казакстан Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук негиздери», Кенебаев С. М. «Опузалап талап кылуу менен күрөшүүнүн кылмыш-жаза-укуктук чаралары», Абишев Б. Ш. «Коммерциялык жана башка мекемелердеги жемкорлук кылмыштар»). Жалпысынан, юридика илимдери боюнча теориялык-укуктук, тарыхый-укуктук, жарандык-укуктук, жазык-укуктук ж.б. иликтөөлөр жүргүзүлүп, алар улуттук мыйзам жыйынын мыктылоого, андагы айрым боштуктарды толтурууга жана карама-каршылыктарды жоюуга; укук колдонуу жаатындагы көйгөйлөрдү чеүүгө, укуктук дисциплиналар боюнча окуу процессин мыктылоого, ата мекендик укук илимин андан ары өнүктүрүүгө арналган. Анткен менен жалпы коомчулуктун укуктук аӊ-сезимин, укуктук маданиятын жогорулатууга багытталган, бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн алгылыктуу практикалык сунуштарды иштеп чыгууга арналган эмгектер көбүрөөк жаралса, мамлекетибиздин укуктук деген конституциялык мүнөздөмөсү декларация эле бойдон кала берген абалынан козголмок.

Тарых илимдери боюнча Кыргызстандагы бир катар иликтөөнү талап кылган маселелер, анын ичинде дайыма эле актуалдуу, ал эми акыркы жылдары абдан курч маселелерге айланган: отун-энергетика тармагынын өнүгүүсү, чекаралык-аймактык көйгөйлөр тарыхый аспектиде иликтенип, маанилүү илимий натыйжалар алынган.

Педагогика илимдери боюнча диссертациялар мектепте жана жогорку окуу жайларында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, билим берүү жана тарбиялоо усулу, окутуу процессин мыктылоо менен байланышкан орчундуу көйгөйлөрдү иликтөөгө арналган. Педагогика илимдери боюнча диссертациялардын басымдуу көпчүлүгү мамлекеттик тилде даярдала баштаганын баса белгилеп кеткибиз келет. Бул кыргыз тилинин андан ары өнүгүүсүнө жакшы өбөлгө болууда.

 

Жалпыламадан – жаӊычылдыкка

 

Диссертациялык кеӊештердин көпчүлүгү соӊку жылдарда киргизилген жаӊы талаптарга ылайык, алардын ичинде:

— диссертацияны алдын ала коргоо эрежеси изденүүчүнүн даярдыгын жана диссертациялык иштин сапатын бир кыйла жогорулатты;

— жарык көргөн макалаларга талаптын жогорулашы, мамлекеттик тилден кандидаттык экзамендин алынышы, авторефераттын эки тилде чыгарылышы учурдун чакырыктарына жооп берет деп белгилеген.

Бирок бул тармактагы диссертациялардын ичинде илимде алгылыктуу из калтырбай, тиешелүү чөйрөдөгү маалыматтарды жалпылап гана илимий натыйжаларды камтыган илимий эмгектер да корголуп, бекитилип калуусуна жол берилгенин моюнга алуу керек. Соӊку жылдардагыдай эле биз муну диссертациялык жана эксперттик кеӊештердин мүчөлөрүнүн абийир сотуна коёбуз. Ошону менен бирге кийинки жылдары мындай көрүнүштөргө жол берилбеши үчүн диссертациялык кеӊештердин иши сапатка басым жасоо менен жүргүзүлүшү зарыл деп белгилейбиз. Бул багытта оӊ көрүнүш катары диссертациялык кеӊештердин диссертацияны оӊдоп, кайра иштеп келүүгө жөнөтүү, кайталап алдын ала коргоого чыгарууну практикалашы сөзгө аларлык. Маселен, юридика илимдери боюнча КР ИИМнин Академиясы жана Ж. Баласагын ат. Кыргыз улуттук университетине караштуу диссертациялык кеӊеште 34 изденүүчүнүн 6сы кайрадан алдын ала коргоодон өткөн, 11и диссертациялык кеӊештин сын-пикирлерин эске алып, диссертациясын оӊдогондон кийин коргоого чыккан. Мындай тажрыйба башка кеӊештерде да кеӊири жайылтылуусу диссертациялардын сапатын жогорулатууга жардам берет.

Коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча окумуштуулук даража берүүнүн акыркы 10 жылдык статистикасына саресеп салсак, башка илимдердегидей эле эӊ жогорку көрсөткүчтөр 2012, 2013-жылдарга таандык. Ошону менен бирге диссертация коргоонун жыйынтыгы боюнча окумуштуулук даража берүүнүн амплитудасы 10 жыл ичинде чукул өзгөрүүгө кабылбай келүүдө. Коомдук жана гуманитардык илимдерге болгон кызыгууга көбүнчө өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында профессордук-окутуучулук курамдын сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, эл аралык аккредитациядан өтүү үчүн аракеттерди жасоо менен байланышкан чаралар себеп болууда деп ойлойбуз. Ошондой эле изилдөөлөрдү жүргүзүүдө көбүнчө атайын жабдуулардын зарыл болбогондугу да себеп болууда. Үчүнчү себеп катары ЖОЖдон кийинки билим алууга да умтулуу бул багыттардагы адистердин активдүүлүгүн шарттайт. Биз жогоруда келтирген статистикага караганда, экономика, юридика, филология илимдери боюнча аспирантурада окугандардын саны башка адистиктерге салыштырмалуу бир топ жогору, ошону менен бирге филологияга кызыгуу акыркы жылдары бир аз солгундай түшкөн.

Жалпысынан, отчёттук жыл ичинде бардык тармактар боюнча диссертация коргоодо бир топ типтүү каталарга жол берилип жатты. Аларды атап кетели:

— Айрым диссертациялык кеӊештерде диссертациялык ишти онлайн коргоосун уюштуруунун техникалык жактан камсыздалуусу аксап жатты — кээде үндөр чыкпай калса, кээде көргөзмөлүүлүк начар болуп жатты;

— Авторефераттарды КР ЖАКы тарабынан иштелип чыгып бекитилген Диссертация жана авторефератты тариздөө боюнча нускамада бекитилген талаптарга ылайык даярдалбай, техникалык мүчүлүштүктөргө жол берилип жатты;

—   Жогоруда айтылгандай, обзордук мүнөзгө ээ, илимий жаӊычылдыгы анчейин айкын болбогон диссертациялар корголуп бекитилип калды;

— Диссертациялардын темасы көбүнесе документалдык түрдө тастыкталбай эле улуттук стратегиялар, мамлекеттик программалар менен байланышканы белгиленип жатат.

 

Аттестация жаатындагы интеграциялык процесстер

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ АТТЕСТАЦИЯЛЫК КОМИССИЯСЫНЫН 2019-ЖЫЛ ИЧИНДЕ АТКАРГАН  ИШТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

Ааламдашуу доорунда мамлекет аралык байланыштар, таасирлер активдүү болуп, ал мамлекеттин ишмердигинин дээрлик баардык чөйрөсүнө таасирин тийгизүүдө. Бул өӊүттөн алып караганда, жогорку квалификациялуу кадрларды аттестациялоо жаатында да мамлекет аралык алаканын жолго коюлуусу талашсыз болушу керек.

1) Отчёттук жыл ичинде бул, биринчиден, чет өлкөлүк жарандарды аттестациялоодо, экинчиден, чет мамлекетте окумуштуулук даража алган биздин жарандарды кайра аттестациялоодо ишке ашты.

Жыл ичинде 10 чет өлкөлүк жаран докторлук, 50сү — кандидаттык даражага ээ болду. Соӊку жылдарга караганда аттестациялангандын жалпы саны төмөнүрөөк болгону менен, докторлук даража берүүнүн саны 2018-жылга караганда үч эсе өскөн жана акыркы беш жылдык тенденцияга жакындаган.

Окумуштуулук даража алган чет өлкөлүктөрдүн географиялык ареалы 5 мамлекетти камтыды. Статистика көрсөтүп тургандай, коӊшу Казакстандан келип, илим жактагандардын саны башкаларга караганда бир топ жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүп турат. Бул, арийне, Казакстандын 2011-жылдан баштап жогорку квалификациялуу кадрларды аттестациялоонун бир тепкичтүү тутумуна өтүшү менен байланышкан деп ойлойбуз. Экинчи орунда Тажикстандын болушу, биринчиден, бул мамлекетте өз алдынча мамлекеттик аттестациялык органдын түзүлүшү, ал эми, экинчиден, жыл ичинде 3 мамлекет аралык диссертациялык кеӊештин иштегени менен түшүндүрүлөт.

Жыл ичинде Россия Федерациясы жана Кытай Эл Республикасынан келип илим жактап, окумуштуулук даража алып кеткендер болду.

Жылдагыдай, эле Түркия Республикасынан келип диссертация коргогондор отчёттук жыл ичинде болду. Алардын жалпы саны 6 болду жана дээрлик баары коомдук, гуманитардык илимдер жаатында изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

Чет өлкөлүк жарандардын басымдуу көпчүлүгү экономика илимдерине басым жасаганы көрүнүп турат. Кийинки орунда юридика илимдери менен медицина илимдери. Көрүнүп тургандай, чет өлкөлүктөрдүн илимий кызыгуулары көбүнесе коомдук жана гуманитардык илимдерге багытталган.

2) Мамлекет аралык интеграциялык процесстердин натыйжасында илим жана билим чөйрөсүндө өз ара таасирленүү ишке ашып, жарандарыбыздын чет мамлекеттерде билимин жогорулатып, жогорку квалификацияга ээ болуусуна шарт түзүлүүдө. Жыл ичинде биздин жарандардын чет жерден алган окумуштуулук даражаларында кайра аттестациялануусу ишке ашырылды. Ошону менен бирге Кыргызстанга келип иштеген чет мамлекеттик окумуштуулар да кайра аттестацияланып, дипломдору нострификацияланды.

Жалпысынан 21 адам кайра аттестацияланган болсо, алардын 1өө — илимдин доктору, 13ү — илимдин кандидаты, 7өө — философия доктору (PhD). Кайра аттестациялоодно өткөндөрдүн илимий изилдөөлөрү. Кайра аттестациялангандардын дээрлик 3/1 бөлүгү медицина илимдери боюнча жогорку квалификациялуу адистер жана илимий даражасын Россиядан тастыктагандар. Бул адистер ата мекендик медицина илиминин өнүгүүсүнө алдыӊкы тажрыйбаны жайылтууга көмөктөшүүчүк кадр болот деп ишенгибиз келет. Ошону менен бирге юридика илимдеринен — 3, экономика илимдеринен — 2, тарых илимдеринен 1 адам Россиялык дипломдорунун негизинде кайра аттестацияланган. (PhD) академиялык даражаларын алгандар гуманитардык илимдер боюнча адистер болду жана көбүнесе Түркиядан билим алгандар.

Соӊку жылдарга салыштырмалуу кайра аттестациялоонун географиялык ареалы бир кыйла кыскарып, төрт гана мамлекетти камтыды жана жарымынан көбү Россияга тиешелүү болду. Акыркы көсөткүч ЕАЭБдин алкагында оӊ тенденция катары баалануусу тийиш. Анткени бирдиктүү рынок түзүү үчүн интеграциялык процесстер экономика жана эмгек жаатында гана эмес, илим изилдөө, билим берүү жаатында да болуусу күтүлөт. ЕАЭБтин алкагында евразиялык экономикалык интеграциянын өнүгүүсүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын аныктоочу документтин проекти каралууда. Бул документте илим жана билим чөйрөсүндө интеграцияны күчөтүү маселелери берилген. Ошону менен бирге ЕАЭБтин алкагында эмгек миграциясы жаатында окумуштуулук даражалар жөнүндөгү документтердин автоматтык түрдө таануу үчүн Келишимдин долбоору түзүлүүдө. ЖАКтын өкүлдөрү бул иш-чараларга активдүү катышуудабыз жана өз сунуштарыбызды берип, Кыргызстандын позициясын так чагылдыруудабыз.

 

  1. Бедел жоопкерчилиги

Илимий кадрларды аттестациялоо жаатындагы оӊ көрүнүштөр менен бирге, тилекке каршы, жыл ичинде терс жагдайлар да байкалды. Кеп ар түрдүү себептер менен окумуштуулук даража берүү жөнүндө сунуштардын четке кагылуусу жөнүндө болууда.

Отчёттук жыл ичинде жалпысынан окумуштуулук даража берүү жөнүндө диссертациялык кеӊештердин 10 сунушу үч жүйөлүү себеп менен четке кагылды:

— «Антиплагиат» программасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен – 3,

— эксперттик терс корутундулардын негизинде – 1,

— коргоонун жол-жобосунун бузулуусу менен – 3 сунуш четке кагылган.

Ар бирине учкай токтолуп кетели. Баарына маалым болгондой, диссертация КР ЖАКына келип түшкөндөн кийин экспертизанын бир түрү катары «Антиплагиат» программасынан текшерүүдөн өтөт. Албетте, бул негизги экспертизанын түрү эмес, илимий ишке баа берүүнүн бир инструменти гана боло алат. Негизги тыянакты машина эмес, адам чыгаруусу абзел. Ошондуктан ЖАК автоматтык түрдө текшерүүнүн жыйынтыгы менен өздөштүрүүгө жол берилүүчү чектен ашып кеткен учурда диссертациянын ар бир сабын карап чыгууну колго алган. Ар бир тармактын эксперттеринен жана ЖАКтын кызматкерлеринен түзүлгөн атайын комиссия диссертацияларды дыкаттык менен ар бир сабын карап чыгып, жыйынтыгында андан ары эксперттик кеӊеште каралууга же эксперттик кеӊешке четке кагуу сунушу менен каралууга сунуштайт. Акыркы чечим профилдик эксперттик кеӊеште каралып, президиум тарабынан чыгарылат. Жыл ичинде жалпысынан 45 диссертацияда өздөштүрүүгө жол берилүүчү чектен ашып кетүүсү аныкталып, бул комиссиянын кароосунан өткөн. Жыйынтыгында комиссия 38 диссертация андан ары кароого сунушталган, ал эми 7 диссертация четке кагуу сунушу менен профилдик эксперттик кеӊештерге жөнөтүлгөн. Профилдик эксперттик кеӊештер диссертациялардын мазмунун, илимий жаӊычылдыгын, илимий тыянактарынын маанилүүлүгүн эске алып, 4 диссертацияга оӊ баа берген, ал эми 3 диссертация четке кагууга сунушталган. Белгилей кетсек, жыл ичинде физика-математика, техника илимдери боюнча өздөштүрүүгө жол берилүүчү чек 12,9 дан 16,9 %га көтөрүлгөн. Бул «Антиплагиат» программасынын өнүгүүсүнүн негизинде формулаларды да дал келүүнүн көлөмүнө кошуусу, ал эми формуласыз бул тармактарда илим жазуу мүмкүн эместигин эске алып, эксперттердин сунушу менен өздөштүрүүгө жол берилүүчү чектен ашып кеткен учурда диссертациялардын ар бир сабын кароочу Комиссияда каралып, президиумдун чечими менен бекитилген.

Жыл ичинде хирургия профилиндеги клиникалык медицина боюнча эксперттик кеӊеш диссертациялык иштерди жасоодогу баштапкы материалдарды текшерүүнү практикага киргизе баштады. Бул илимий изилдөөнү изденүүчүнүн жеке өзү тарабынан даярдалганы же жөн эле көчүрүп алганы жөнүндө маалымат алууга өбөлгө болуп, илимий ишке баа берүүдө маанилүү ролду ойнойт. Баштапкы материалдардын жоктугуна жана эксперттердин дагы бир топ суроолорунун жоопсуз калуусуна байланыштуу бир диссертация боюнча терс чечим чыгарылган.

Жыл ичинде ошону менен бирге 6 диссертациянын корголуусунда жол-жобо бузулгандыгына байланыштуу терс чечим чыгарылып, диссертациялар кайра коргоого жөнөтүлгөн. Ал эми диссертациялык кеӊештердин жетекчилиги кайталап дайындалуу укугунан ажыратылган. ЖАК президиуму мындай учурда абдан кейип, изденүүчүн моралдык жактан, аймактан келген болсо, материалдык жактан да жапа чеккенин эске алып, оӊ чечим чыгарууга далалат жасайт. Бирок мыйзам деген мыйзам, аны так аткаруу мамлекеттик органдын милдети. ЖАК президиуму диссертациялык кеӊештин жетекчилигинин жоопкерчилигине басым жасаш керек деп эсептейт. Арийне, коргоонун жол-жобосунун бузулуусу — бул изденүүчүнүн күнөөсү эмес, бул коргоону уюштурган диссертациялык кеӊештин жетекчилигинин укук ченемдерине жоопкерчиликсиз мамилесинин натыйжасы. Ошол себептен КР Коопсуздук кеӊешинин сунушу менен мындай учурда диссертациялык кеӊештин жетекчилигинин администрациялык жоопкерчилигин тактап бекитүү зарылдыгы айтылып, тиешелүү ченем 2017-жылы Диссертациялык кеӊеш жөнүндө жобого киргизилген. Биздин оюбузча, мындай ченемдин болуусу Конституцияда белгиленген адам укуктарынын артыкчылыктуулук принцибине төп келет жана изденүүчүлөргө жардам болуп, диссертациялык кеӊештердин өз ишине так жана жоопкерчиликтүү мамиле жасоосуна өбөлгө болот.

Четке кагылган диссертациялар боюнча маалымат бедел жоопкерчилигине тартуу максатында ЖАКтын расмий сайтына байма-бай жайгаштырылып турат.

Диссертация жөнүндө терс пикир пайда болгон учурда изденүүчүгө расмий кабарланат да, анын диссертациясын кароодон алдыруу укугун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берилет. Бул плагиатка жол берибеген учурда гана ишке ашырылат. Жыл ичинде 4 изденүүчү жеке арызы менен диссертациясын кароодон алдырган.

 

Кадрлардын катары кандай?

 

8) Илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жөнүндө.

Отчёттук жыл ичинде 31 изденүүчү илимдин ар тармагы боюнча профессор окумуштуулук наамын, 83 доцент окумуштуулук наамын, 2 улук илимий кызматкер окумуштуулук намын алган. Окумуштуулук наам берүүдө деле окумуштуулук даража берүүдөгүдөй коомдук жана гуманитардык илимдин өкүлдөрү көпчүлүктү түзөт. Бир топ изденүүчүлөрдүн аттестациялык документтери талапка жооп бербегендиктен ЖОЖдор жана ИИМдердин сунуштары четке кагылды. Жалпысынан 1 профессор, 13 доцент окумуштуулук наамын ыйгарууу жөнүндө сунуш четке кагылды.

Акыркы беш жылдагы окумуштуулук наамдардын берилүүсү жөнүндө маалыматка таянсак, окумуштуулук наам алууга 2017-жылы талап күчөтүлгөндүктөн, 2018-жылы изденүүчүлөрдүн саны кескин төмөндөгөн болсо, былтыркы жылы бир аз жогорулоо байкалган. Билим берүү жана илим жаатында окумуштуу адистердин мыкты тажрыйбасын калтырууда жана жайылтууда окумуштуулук наамды алуу жакшы өбөлгө болот, анткени ал адистен илимий-изилдөө иштерин токтотпой улантууга, ал эле эмес окуу-усулдук, илимий-усулдук ишмердикти да жүргүзүүнү талап кылат.

  1. Эми аттестацияланган илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын социалдык өзгөчөлүктөрүнө келсек, отчёттук жыл ичинде соӊку жылдардагыдай эле айымардын активдүүлүгү көзгө көрүнөт. 2019-жыл ичинде окумуштуулук даража алгандардын ичинен 150сү айымдар, 134ү мырзалар. Бул дүйнөдөгү илим изилдөө жаатында аялдардын пассивдүүлүгү жөнүндө маалыматка дал келбейт, Кыргызстанда илим чөйрөсүндө айымдардын активдүүлүгү жөнүндө кабарлайт.

Изденүүчүлөрдүн жаш курагы боюнча талдасак, жыл ичинде окумуштуулук даража алгандардын жалпы орточо жаш курагы — 42, алардын ичинен айымдардын орточо жашы – 44, мырзалардын орточо жашы — 48.

Илимдин эӊ жаш доктору 34 жашта (Жакипбеков Д. д.э.н.), эӊ жаш кандидаты 27 жашта (Аскарбеков Д. к.ю.н.).

Илимдин эӊ жашы жогору доктору 74 жашта (Кадырова Ш. ), илимдин эӊ жашы жогору кандидаты 58 жашта (Тезекбаев К.М. — м.и.к.).

 

Окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөрдүн ичинен 66сы айымдар, 49у мырзалар. Илимий-педагогикалык ишмердик жүргүзүүдө да айымдар активдүүлүгүн көрсөттү.

Окумуштуулук наамды изденүүчүлөрдүн орточо жашы — 51, алардын ичинен айымдардын орточо жашы — 51, мырзалардын орточо жашы 50.

Эӊ жаш профессор 40 жашта (Адамбекова А.Д. «Укук таануу».), эӊ жашы жогору профессор 70 жашта (Тугельбаева Б.Г. «Укук таануу»).

Эӊ жаш доцент 32 жашта (Колдошев Т.Р. «Адабият таануу».), эӊ жашы жогору доцент 69 жашта (Кенешов Т.С. «Архитектура») .

 

  1. КР ЖАКынын эксперттик кеӊештери аттестациялоону ишке ашырууда негизги ролду ойноочу ЖАКтын түзүмдүк бөлүгү болуп эсептелет. Эксперттердин кесипкөйлүгүнө, жогорку моралдык сапаттарына аттестациялоонун жыйынтыгы гана эмес, өлкөбүздө илимдин өнүгүүсү да кандайдыр бир деӊгээлде байланыштуу. КР ЖАКынын түзүмүндө 2019-жыл ичинде 13 эксперттик кеңеш иш жүргүздү. Алар жалпысынан табигый, физика-математика жана техника илимдери боюнча 59 адистиктен, медицина-биологиялык жана агрардык илимдер боюнча 57 адистиктен, коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча 40 адистиктен диссертацияларды экспертизадан өткөрүүсү каралган.

 

         Эксперттик кеӊештердин ишмердиги

 

Эксперттик кеңештердин сапаттык курамы жөнүндө айтсак, жалпысынан 102 окумуштуу эксперттик кеңештин ишине катышкан. Алардын ичинде КР УИАнын 1 академиги, 1 мүчө-корреспонденти, 84 илимдин доктору, 13 илимдин кандидаты.

Жыл ичинде эксперттик кеңештер Эксперттик кеӊеш жөнүндө жобого ылайык өз милдеттерин аткарды. Алардын ичинде негизгиси – бул илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражаларын изденип алуу үчүн жазылган диссертацияларды экспертизадан өткөрүү. Эксперттик кеӊештер жылдык отчётторунда диссертацияларды сыпаттап жатып, оӊ жылыштар менен кошо жылдан жылга кайталанып келе жаткан айрым кемчиликтерди белгилешкен:

  • Докторлук диссертациялардын илимий жаӊычылдыгы суроолорду туудурат, анткени илимий натыйжалардын ичинде чынында жаӊы тыянактарды табуу кыйын болууда;
  • Илимий изилдөөлөрдө эффективдүү реалдуу сунуштар аз; чыныгы теориялык иликтөөлөр, бүтүн концепциясын, өзүнчө теорияны сунуштагандар жокко эсе;
  • Изденүүчүлөрдүн илим изилдөө маданиятынын чабалдыгы, диссертацияларда (саясий жана бир топ башка илимдер боюнча да) методологиялык базаны, эмпирикалык материалдарды көз жаздымда калтырып, теориялык тексттерди эле кайра айтып берүү же башкадан баяндоо менен гана алектенүү уланууда;
  • Айрым изденүүчүлөрдүн теория менен практиканын логикалык байланышын эске албай калуусу байкалат, маселен, биринчи бапта инструментарий берилген болсо, ал кийинки баптарда колдонулуусуз эле кала берет, б.а. теория өзүнчө, практика өзүнчө жашай берет;
  • Илимий тыянактардын качан кайда колдонууга кирээри суроо бойдон кала берүүдө.
  • Диссертацияларда кандайдыр бир талдоого же тенденцияларды аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген ашыкча көлөмдүү таблицалар көп колдонулуп, илимий жактан негизделбеген автордук сүрөттөр, схемалар примитивдүү мүнөзгө ээ;
  • Диссертациялардын бөлүмдөрү, баптарынын аягында негизги тыянактар жок, же болсо үстүртөн, жетишээрик деӊгээлде ынандырбаган формада берилип калууда.

Жыл ичинде эксперттик кеӊештер кош адистик боюнча даярдалган 10 диссертацияны коргоого уруксат берди. Албетте, адистиктен кадр жетишпесе, илимдин тиешелүү тармагын өнүктүрүү максатында кош адистик боюнча диссертациялардын даярдалганы оӊ. Бирок аны экспертизалоодо формалдуу көрсөткүчтөр гана каралып, эксперттер бир адистик боюнча жазылган диссертациянын илимий жаӊычылдыгын сындап жатса, эки адистик боюнча диссертацияда илимий жаӊылыктардын болуусу кээде таӊдантат жана айрым учурда күмөнсүүнү пайда кылат. Эксперттерден ушундай уруксат берүүдө диссертацияны дыкаттык менен карап чыгуусу күтүлөт.

Эксперттик кеӊештер жыл ичинде абдан активдүү иштеп, жыйынтыгында, аттестациялоо чөйрөсүндөгү бир топ көйгөйлөргө көӊүл буруп, алардын айрым чечилүү жолдорун сунуштаган:

— Информатика илимдери боюнча эксперттик кеӊеш диссертациянын темасын кайра бекитүүдө адистиги, илимий жетекчиси өзгөрсө диссертациянын даярдалуу мөөнөтү узарып кетүүсү боюнча, изденүүчү иш ордун алмаштырса диссертациянын алгачкы экспертизасын өткөрүү орду боюнча маселелер жаралуусун айтып, мөөнөттү өзгөрүүсүз калтыруу зарылдыгын белгилешкен. Теманы кайра бекитүү боюнча КР ЖАКы менен КР ББИ министрлигинин биргелешкен буйругу менен бекитилген Диссертацияларды алдын ала кароо боюнча нускамасы бекитилген, президиумдун чечими чыгарылган. Бул актыларга ылайык теманы кайра бекитүүдө түйүндүү сөздөр, адистиктин шифры сакталуусу зарыл, ал эми илимий жетекчи алмашса, бирге жарыялаган эмгектеринин болуусу шарт. Мындай учурда тема биринчи жолу бекитилген мөөнөттө коргоого чыгарылат.

Ал эми изденүүчү иш ордун алмаштырган учурда, кааласа диссертациясын даярдоо ордун да алмаштырса болот. Бирок бул расмий жол-жобо менен ишке ашуусу зарыл. КР илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө Жобого ылайык изденүүчүлөр докторлук диссертация боюнча окумуштуулар кеӊешинде, кандидаттык диссертациялар боюнча кафедраларда же башка тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдө жыл сайын отчёт берип, аттестацияланып туруусу абзел. Анткени докторантура, аспирантура, изденүүчүлүк институттары КР Билим берүү жөнүндө мыйзамына ылайык ЖОЖдон кийинки билим алуунун формалары, ал эми окуу процесси, албетте, көзөмөлдөнүп туруусу мыйзам ченемдүү. Ал эми окууну ийгиликтөө аяктоо диссертациясын алгачкы экспертизадан өтүүсү менен тастыкталат.

Ошондуктан айрым учурда диссертациянын темасын бир окуу жайда бекитип, демек докторантура же аспирантурага тапшырып, анан өзү кызмат ордун алмаштырганга байланыштуу башка окуу жайдагы кафедрадан, бөлүмдөн алгачкы экспертизадан өткөндүгү жөнүндө жыйындын протколунун көчүрмөсүн алып келгени, албетте, изденүүчүнүн формалдык түрдө гана окуганы жөнүндө кабар берет. Жыл сайын отчёт турмак башка кагазын да жол-жобого ылайык даярдабаганы билинип калат. Ошондуктан айрым кесиптештердин формалдык нерсеге көп көӊүл бурулуп калууда деген жүйөөсү такыр туура эмес. Бул ЖОЖдон кийинки билим алуунун расмий белгиленген жолу. Катуу болсо да, мыйзам деген мыйзам, аны аткаруу — биздин милдет.

— Машина таануу жана техника илимдери боюнча, саясий, философия, социология, тарых илимдери боюнча эксперттик кеӊештер диссертациялардын илимий натыйжаларынын өндүрүшкө киргизүүдө реалдуу эффектке көӊүл бөлүү зарылдыгын белгилеген.

— Саясий, философия, социология, тарых илимдери боюнча эксперттик кеӊеш мурунку жылы да белгилеген сунушу сөзгө алаарлык. Алардын ою боюнча:

1) Диссертациялык кеӊештер диссертациялардагы илимий натыйжалардын практикада колдонулуусун мониторингдеп, талдап, жылдын аягында реалдуу эффектисинин конкреттүү көрсөткүчтөрү менен өлчөнүүсү зарыл. Бул иш-аракет КР ЖАКынын координациясы менен КР Стратегиялык изилдөөлөр илимий институту менен биргеликте ишке ашырылуусу максатка ылайыктуу.

2) Бул багытта КР Өкмөтү тиешелүү мамлекеттик органдарга, ведомстволорго улуттук стратегияларды, мамлекттик программаларды иштеп чыгууда диссертациялык иштерде берилген илимий тыянактарга таянуусун милдеттендирсе туура болмок. Диссертациянын авторефераттары тиешелүү мамлекеттик органдарга байма-бай жөөнөтүлүп туруусу абзел. Бул, албетте, жакшы сунуш. Бирок бир мисал келтирели. Жыл ичинде юридика илимдери боюнча диссертация билим берүү жаатындагы көйгөлөрдү иликтөөгө арналгандыктан, пайдалуу илимий тыянактары болсо колдонушсун деп диссертация менен автореферат КР Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлдү эле, ал жактан түшүнүү болгон жок. Балким, диссертация теориялык институттарды иликтөөгө арналгандыктан, көп пайдалуу болгон жок окшойт.

3) Диссертациялык кеӊештер жыл сайын корголгон диссертациялардын тематикасы, жаӊычылдыгы, колдонулуу жаатын кыска жана так белгилөө менен маалыматтык-аналитикалык бюллетендерди басып чыгарууну колго алуусу зарыл. Аларды басылмадан чыгаруу жана бардык кызыкдар уюмдарга, мамлекеттик органдарга, ведомстволорго, өзүн өзү башкаруу органдарына ата мекендик илимдеги жаӊылыктар жөнүндө маалымдоо максатында жөнөтүлүшү керек. Аларды басылмадан чыгаруу диссертациялык кеӊештерди түзүүчү уюмдарга жүктөлүүсү керек.

— Жыл ичинде медицина илимдери боюнча эксперттик кеӊештер статистикалык маалыматтар менен иштөөнү илимий жолдорун изденүүчүлөргө үйрөтүү зарылдыгын айтып, сөзсүз түрдө атайын адис мындай текшерүүнү жүргүзүшү зарыл деп белгилесе, саясий, философия, социология, тарых илимдери боюнча эксперттик кеӊеш сурамжылоо усулу диссертацияларда кеӊири колдонулуп келүүсүн айтып, илим изилдөөнүн методологиясын мыктылоо үчүн сурамжылоо инструментарии профилдик жана компетенттүү уюмдарда (маселен, ЖОЖдордун социология кафедраларында) тиешелүү экспертизадан өтүүсү зарыл жана диссертациялык кеӊешке тапшырууда документтердин тизмесинде андай уюмдун оӊ корутундусу болуусу абзел деп белгилешкен. Бул сунуштар, албетте, жөндүү жана көӊүл бурууну талап кылат.

— Ушул эле кеӊеш диссертацияны баалоонун бирдиктүү критерийлери болуш үчүн «жогорку деӊгээлде», «орто деӊгээлде», «жетишээрлик деӊгээлде», «төмөнкү жетишээрлик деӊгээлде» деген баалоо критерийлерин эксперттик корутундуда, сырткы экспертизага жөнөтүлгөн диссертациялар үчүн да белгилөө зарылдыгын айтышкан.

— Машина таануу илимдери, экономика илимдери боюнча эксперттик кеӊештер диссертациялык кеӊештердин эксперттик комиссиясынын жоопкерчилигин күчөтүп, диссертациянын жаӊычылдыгын, диссертациянын мазмунунун адистиктин паспортуна шайкеш келүүсүн, квалификациялык белгилерге жооп берүүсүн так аныктоосун талап кылса, геология, жер илимдери боюнча эксперттик кеӊеш эксперттик комиссиянын корутундусунун жаӊы үлгүсүн иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген. Биз жогоруда белгиледик эле, 2019-жылдын 11-октябрында «Окумуштуулук даражаны изденип алуу үчүн жазылгган диссертацияларды экспертизалоонун сапатын жогорулатуу жөнүндө» деген темада тегерек стол өткөрүлгөн. Ошонун жыйынтыгы менен эксперттик корутундунун жаӊы долбоору иштелип чыкты, президиумда бекитилсе, диссертациялык кеӊештерге сунушталат.

—     Медицина илимдери боюнча эксперттик кеӊештер диссертациялардын баштапкы материалдарын текшерүүнү колго алуу, изденүүчүлөрдүн макалаларын да «Антиплагиатка» текшерүү зарылдыгын белгилесе, информатика, физика-математика илимдери боюнча эксперттик кеӊештер илим изилдөөнүн баштапкы материалдарын бардык илимдерде талап кылуунун зарылчылыгы жок деп белгилеген. Бул маселелер талкуулоону талап кылат.

— Ошол эле мезгилде айрым эксперттик кеӊештер диссертацияны коргоодогу кээ бир тоскололдуктарды жоюу, т.а. Scopus, Web of Science системалары аркылуу индекстелүүчү илимий басылмаларда макалаларды жарыялоо талабын жоюуну сунуштаган. Бирок бул сунуш колдоого алынбайт деп эсептейбиз. Анткени бул талап, биринчиден, ата мекендик илимдин дүйнөлүк аренада таанылуусун шарттаса, экинчиден, Кыргызстанда берилген окумуштуулук даражалар жөнүндө документтердин чет мамлекеттерде таанылуусун камсыздайт.

— Окумуштуулук даража берүү тартиби жөнүндөгү 76-пункттагы талап кайчы пикирлерди жаратып жатканын белгилейбиз. Расмий оппоненттердин баары ар башка уюмдардын кызматкерлери болуусу талап кылынат, а бирок мамлекеттин кичинелигинен оппоненттерди табуу айрым учурда кыйынчылыктарды жаратат. Ошол үчүн бир мекемеде, бирок ар башка түзүмдүк бөлүмдө иштеген кызматкерлерди расмий оппонент кылып дайындоого уруксат берилиши керектиги айтылган. Бул сунуш учурда КР Өкмөтүүн Аппаратында кароодогу документтин долбоорунда эске алынган.

Жыл ичинде ЖАКтын эксперттик кеӊештери аттестациялоо жаатындагы негизги милдеттеринен сырткары бир топ орчундуу маселелерди чечүүгө катышып, бир катар иш-чараларды аткарды:

— «Үй-бүлө медицинасы, жалпы дарыгерлик практика» адистигинин паспортун дыкаттык менен изилденип чыгып, мындай илимй адистиктин жоктугу аныкталды;

— Диссертациялык кеӊештер сунуштаган мекемелердин тизмесин карап чыгып, КР ЖАКы жетектөөчү мекеме катары сунуштаган уюмдардын тизмеси аныкталды;

— Илимий адистиктердин паспорттору каралып чыгып, аларды мамлекеттик тилге которуу иши колго алынды;

— Мамлекет аралык диссертациялык кеӊеш жөнүндө Жобо каралып чыгып, мамлекет аралык диссертациялык кеӊештерди түзүүнүн зарылчылыгы жок экени белгиленди;

— Патенттерге берилген баллдык критерийлер каралып чыгып, өзгөрүүсүз калуусу сунушталды;

— Расмий оппонент болуу институту каралып чыгып, аны мыктылоонун иштиктүү чаралары сунушталып, тегерек столдо талкууланды;

— Диссертациялык кеӊештерди бекитүү боюнча өтүнүч каттар каралып, иштөө мөөнөтү аяктаган диссертациялык кеӊештердин отчёттору угулуп, кабыл алынды.

Соӊку жылдары эксперттик кеӊештер жылдык ишмердиги жөнүндө отчёт жазганда статистикалык маалыматтарды берүү менен гана чектелет деп сындап келчү элек, отчёттук жылда эксперттик кеӊештердин дээрлик баары диссертациялардагы көп кезиккен кемчиликтерди, аттестация жаатындагы көйгөйлөрдү белгилеп, сунуштарын беришкен; илим бир тобу корголгон диссертациялардын тематикасын анализдеп, тиешелүү илим чөйрөсүндөгү тенденцияларды белгилешкен. Бул аракеттерге оӊ баа берип, ыразычылыгыбызды билдирип кеткибиз келет. Ошону менен бирге айрым эксперттик кеӊештер мындай анализден оолак кала бергендиги өкүнүчтүү.

Бирок мындай талдоону жүргүзүү турмуш зарылдыгы болуп калууда, анткени отчёттук жыл ичинде эксперттик кеӊештердин төрагалары президиумдун отурумунда ишмердиги жөнүндө отчёт берүүсү ишке ашырыла баштады.

Ошону менен бирге эксперттер аттестациялоо чөйрөсүндө тажрыйбасын көтөрүү максатында аттестациялык бөлүмдөр уюштурган инструктивдик семинарларга катышып жатты.

Жалпысынан алганда, ЖАКтын эксперттик кеӊештери аттестациялоо чөйрөсүндөгү негизги жана жооптуу звено болгондугун иш жүзүндө көрсөтүп, бул чөйрөдөгү маселелерди, көйгөйлөрдү чечүүгө жигердүү салымын кошууда десек жаӊылышпайбыз.

 

Уюштуруу-усулдук иштер

        

Отчёттук жыл ичинде КР ЖАКы жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында уюштуруу-усулдук иштерди жүргүзүүгө көбүрөөк басым жасады.

Талап кылуу, көзөмөл жүргүзүү үчүн алгач туура жасоону үйрөтүү да зарыл экендигин жетекчиликке алып, КР ЖАКы жыл ичинде бир катар иш-чараларды өткөрдү:

1) 2019-жылдын 14-мартында (2 жолу), 29-мартында, 22-апрелинде, 2019-жылдын 19-декабрында, 20-декабрында диссертациялык кеӊештердин окумуштуу катчылары үчүн аттестациялык документтерди даярдоо боюнча инструкциялык вебинар 8 жолу (Урусова Т.Э., Адылова Г.К., Баястанова Г.К.);

14-мартында (2 жолу), 5-апрелде, 5-июнда изденүүчүлөрдөн диссертациялык кеӊешке онлайн арыз берүү маселелери, диссертациялык кеӊештин мүчөлөрүнүн коргоого онлайн катышуусу жана онлайн добуш берүүсү боюнча 4 вебинар (Урусова Т.Э., Хренов С.П.);

6-мартында ЖОЖдордун жана ИИМдердин окумуштуу катчылары үчүн окумуштуулук наам алуу үчүн аттестациялык документтерди даярдоо маселелери боюнча 1 вебинар (Атабекова Н.К.);

диссертациялык кеӊештердин окумуштуу катчылары үчүн Электрондук ЖАК боюнча 5 семинар өткөрүлдү (Урусова Т.Э., Хренов С.П.);

2) 2019-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илимий мекемелеринде жарыялоо иш-аракеттерин активдештирүү боюнча семинар Clarivate Analytics тин өкүлү Христолюбов Сергейдин катышуусу менен өткөрүлдү (Урусова Т.Э., Хренов С.П.).

3) 2019-жылдын 17-майында «Ататүрк-Ала-Тоо» университетинин базасында илимий журналдардын макамын жана сапатын көтөрүү максатында Кыргызстандагы илимий баслымалардын редакторлору үчүн атайын семинар өткөрүлдү (Атабаев Н.У., Калчаева Д.С.);

4) 2019-жылдын 27-29 июнь күндөрү «Кыргыз деӊизи» санаторийинин базасында аспиранттардын жайкы мектеби уюштурулуп, аспирантурада окуган мезгилде керек болуучу аспиранттын жол картасы, «Электрондук ЖАК», илимий иштин методологиясы, «Антиплагиат» тутумун илимий иш жаратууда кантип колдонуу керек, илимий макаланы кантип жаратууга болот жана аны эл аралык индекстелүүчү тутумдарга кирген илимий басылмаларда кантип жарыялоого болот деген темалар боюнча чет өлкөлүк адистердин катышуусу менен лекция-семинарлар өткөрүлдү.

5) 2019-жылдын 11-октябрында КР ЖАКынын эксперттик кеӊештеринин, КР ЖАКынын жемкорлукка каршы комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусу менен «Окумуштуулук даражаны изденип алуу үчүн жазылган диссертацияны экспертизалоонун сапатын жогорулатуу жөнүндө» деген темада тегерек стол өткөрүлүп, анда расмий оппоненттердин экспертизасынын уюштуруудагы көйгөлөр, диссертациялык кеӊештин эксперттик комиссиясынын эксперттик корутундусун даярдоонун көйгөлөрү ж.б. актуалдуу маселелер талкууланып, илимий-изилдөө иштеринин сапатын жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.

6) 2019-жылдын 27-апрелинде Ош мамлекттик университети, Ош технологиялык университети, Кыргыз-Өзбек университетинин базасында КР ЖАКындагы маалыматтык технологиялардын колдонулуусу, «Электрондук ЖАК» автоматташтырылган маалыматтык системасынын ишке кириши жөнүндө семинар өткөрүлдү (Урусова Т.Э.);

7) 2019-жылдын 19-ноябрында И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университетинин базасында Кыргыз Республикасынын мамлекттик тил жөнүндө мыйзамынын кабыл алынганынын 3-жылдыгына арналган «Мамлекттик тил илимде» аттуу тегерек стол өткөрүлдү (Баястанова Т.И.);

8) 2019-жылдын 24-майында Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын аспиранттар жана изденүүчүлөрү үчүн «Диссертацияны даярдоо жана коргоого коюлуучу жаӊы талаптар жөнүндө» (Атабекова Н.К.);

9) 2019-жылдын 27-ноябрында КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын аспиранттар жана изденүүчүлөрү үчүн «Диссертацияны кантип даярдоо жана коргоого коюлуучу талаптар жөнүндө» (Атабекова Н.К.);

10) 2019-жылдын 9-декабрында Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын аспиранттар жана изденүүчүлөрү үчүн «Диссертацияны кантип даярдап коргоого болот», «Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөргө талаптар жөнүндө» темасында илимий-методологиялык семинар өткөрүлдү (Атабекова Н.К.).

11) КР ЖАКынын эксперттик кеӊештери үчүн инструкциялык семинарлар уюштурулду (Адылова Г.К., Баястанова Т.И.).

Жалпылап айтканда, уюштуруу-усулдук иштер КР ЖАКынын жыл ичинде аткарган иш-аракетинин олуттуу бөлүгүн түздү.

 

Коррупцияга бөгөт     

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ АТТЕСТАЦИЯЛЫК КОМИССИЯСЫНЫН 2019-ЖЫЛ ИЧИНДЕ АТКАРГАН  ИШТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

КР ЖАКы жылдагыдай эле коррупциялык тобокелдерди кыскартуу жана жоюу боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырды. Ал үчүн атайын ведомстволук коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2019-жылдын иш планы бекитилген. Ага ылайык иш-чаралар өткөрүлүп, аткарылуусу боюнча ай сайын маалымат, квартал сайын отчёт КР Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлүп жатты жана кварталдык отчёттор КР ЖАКынын расмий сайтында жайгаштырыган.

Бул жааттагы иш-аракеттерге учкай токтолуп кетели:

  • КР ЖАКынын коррупцияны алдын алуу боюнча комиссиясынын иш планы түзүлүп, жыл ичинде айрым диссертациялык кеӊештердин иши текшерүүгө алыган;
  • Диссертациялардын коргоосу олайн режиминде өтүп, ЖАКтын кызматкерлери жалпысынан 262 онлайн коргоого катышкан;
  • ЖАКтын кызматкерлери, айрым эксперттер, коррупцияны алдын алуу боюнча комиссиясынын мүчөлөрү менен биргеликте коргоонун уюштурулуусу, диссертациялык кеңешердин иш кагаздарын жүргүзүүсүн текшерип турду;
  • Эксперттик кеӊештерде иштөө мөөнөтү аяктаган диссертациялык кеӊештердин, ал эми президиумдун отурумдарында иштөө мөөнөтү аяктаган эксперттик кеӊештердин отчёттору каралды;
  • Диссертация жана авторефераттарда кетирилген мүчүлүштүктөрдү жоюу, болтурбоо максатында айрым диссертациялык кеӊештердин төрагалары, окумуштуу катчылары эксперттик кеӊештерге чакыртылып, катуу тапшырма берилди;
  • Инструктивдик вебинар, семинарлар, илимий-метолодологиялык семинарлар өткөрүлүп турду.

Жалпысынан коррупциялык тобокелдерди алдын алууда илимий коомчулуктун баары киришкенде гана бул тобокелдер азаюусу күтүлөт.

 

Эл аралык кызматташуу

 

  1. IV. Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында эл аралык кызматташтык жаатында ЕАЭБдин алкагында эки багытта иш алып барылууда:

1) КР ЖАКынын өкүлдөрү илимий изилдөө жаатында кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү маселелерин кароодо активдүү катышып, Кыргызстандагы ИИМдер жана ЖОЖдордогу илимий кызматташтыкты ишке ашыруудагы көйгөйлөрдү аныктоо максатында мониторинг жүргүзүп, тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иликтөөгө катышууда. Жыйынтыгында айрым көйгөйлөрдү оперативдүү чечүү максатында ЕАЭБдин алкагында Административдик кызматташтык жөнүндө Келишимди иштеп чыгуу пландаштырылууда.

2) КР ЖАКынын өкүлдөрү ЕАЭБдин алкагында окумуштуулук даражалар жөнүндөгү документтерди автоматтык түрдө таануу жөнүндө Келишимди түзүү маселелерин талкуулоодо, документтин проектин түзүүдө, видео-конференция форматындагы ЕЭКтин профилдик Департаментинин жана беш мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусу менен болгон жыйындарга активдүү катышууда.

Мындан сырткары КР ЖАКы Өзбекстан Республикасынын Илим жана инновациялар комитети менен кызматташтык жүргүзүү жөнүндө келишимге кол коюу максатында Келишимдин долбоору түзүлүп, макулдашуу үчүн Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн.

Жыл ичинде соӊку жылдардагыдай, айрым учурда диссертацияларды чет мамлеrеттерге экспертизалоого жөнөтүү ишке ашырылып жатты. Ал мамлекет аралык, же ведомстволор аралык түзүлгөн келишимдердин, макулдашуулардын негизинде жүргүзүлөт. Жыл ичинде Россия, Беларус, Казакстан, Өзбекстанга жөнөтүлүп жатты.

Ошону менен бирге Тажикстандын ЖАКы да отчёттук жылы 3 диссертациясын КР ЖАКына экспертизалоого жөнөткөн.

Мындай алака, өз ара кызматташтык боордош мамлекеттердин мамилесин бекемдеп, аттестациялоо жаатындагы маселелерди биргелешип чечүүгө түрткү болот.

Ошентип отчёттук жыл ичинде КР ЖАКы өз ишмердигин бекитилген жылдык пландарга ылайык Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын негизинде жүргүздү. Отчёттук баяндаманы жыйынтыктап жатып, аттестациялоо жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салууда КР ЖАКы негизги ролду ойногону менен жалпы коомчулуктун колдоосу менен гана ийгиликке жетүү мүмкүн экендигин баса белгилейбиз. Демилге деген жакшы, бирок колдоо болбосо, ал жөн гана ооздун жели болуп кала берет.

Ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат дейт, андыктан көйгөйлөрдү жаап-жашырбай, аларды чечүүгө далалат жасап, өлкөдөгү илимди өнүктүүрүүгө, татыктуу илимий кадрларды өстүрүүгө чакырып кетебиз. Анткени, акад. Р.Дж. Дженчураева 2012-жылдагы жыйында белгилегендей, “Жогорку билимдүү калк туруктуу өнүгүүнүн жана улуттук коопсуздуктун кепилдиги болот”.

Ата мекендик илимдин өсүүсүнө ушул залда отурган ар бир инсан өз салымын кошууда, ошол салым иштиктүү болуп, чынында оӊ натыйжаларды алып келүүгө өбөлгө болот деп ишенгибиз келет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер