КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМ, ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНДЕ КОРЕЯЛЫК ДЕЛЕГАЦИЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
- 17.04.2026
- 0
2026-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде министрдин биринчи орун басары Гульнура Мамырова Корея Республикасынын Ыраакы Чыгыш университетинин, Чхунбук технопаркынын (CBTP), HS Solar Energy компаниясынын жана MK Invest LLC өкүлдөрүнөн турган делегация менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жогорку билим берүү, илим, инновациялар жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багыттарында кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Айрыкча студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке киргизүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле энергетика жана кайра жаралуучу энергия булактары жаатында адистерди даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Гульнура Мамырова Кыргыз Республикасы Корея Республикасы менен өнөктөштүктү чыңдоого чоң маани берерин белгиледи. Анын айтымында, кореялык университеттер, илимий борборлор жана бизнес коомчулук менен кызматташуу инженердик кадрларды даярдоого, колдонмо илимди өнүктүрүүгө жана заманбап технологияларды киргизүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары заманбап лабораторияларды жана окуу базаларын түзүү, технопарктарды жана инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле билим берүү жана илим тармагына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты. MK Invest LLC тарабынан сунушталган инвестициялык демилгелер жана аларды Кыргызстанда ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү өзүнчө тааныштырылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады










Комментарийлер